Добавить статью
11:23, 13 ноября 2012 37372

Кембагалдардын акчасы - бюджетке, а байлардыкы шайлоого

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жалаң эле паракорлорго каршы бирин-серин согуш менен гана чектелип калып жатпайбы. А чындыгында, пароколукту майда-чүйдө нерсе менен гана өлчөп, жөн эле душман көзүнө жыйынтык үчүн деле калп эле каяктагы бечараларды бирин-серин кармап атышат. 1000 сом алганды камашат дагы, а 1000 сом салыкты убагында төкпөгөн кедейге туумун кошуп, акыры бүтүндөй канын соруп алат. А 10 миллондогон сомду салыктан ачык эле жашырып, анысынын чекесин дагы төлөбөй тайраңдап качып жүргөндөрдү бешенесинен сылап, Жогорку Кеңештеги партияларга сүйрөп, аларга «крыша» болуп алдап иштетип жатышат.

Тактап айтканда, байлардын ондогон рестораны, кафелери, мейманканалары, сауналары, кичи жана орто ишканалары, сойкуканалары, 100 миллондогон сомдук тендерлерди жең ичинен утуп курулуш жүргүзгөн компаниялары, заправкалары, базарлары тапкан кирешелеринин 1% да салыкка төгүшпөйт, төгүшү мүнкүн, бирок, анысы 0,5% ке жетип-жетпейт. Отчетторун иштебеген мекемелер сыяктуу тапшырып, элдин көзүн көзкөрүнөө боеп жатышат.

Бул деген кемгалдардын акчасы – бюджетке, а байлардыкы - бюджетке эмес кембагалдардын добушун сатып алган шайлоолорго жумшалып жатат. Буга улай күн сайын той өткөрүп, соорунга төрт-беш машина, ондогон төө коюп, а түгүл көк бөрү тарткызып миллон долларлык аттарды минип, ага 4-5 жипти коштотуп, иштесе ишке тойбой турган жигиттерден он-он бешти куралдантып ээрчитип, а аракты суудай агызып, жылдызмын деген ырчыларды күнү-түнү ырдатып алып сатар көпөстөрдү (аткезчилерди) сыйлайм деп 200дөгөн согум союп, ондогон боз үй тиктирип, каалаганынча тайраңдап жатышпайбы.

А кембагалдардын салыгынын эсебинен чогулган бюджетти каалагандай калчап, ары-бери чачып жатышпайбы. А эгерде салыкты баары бирдей мыйзамды сыйлап төлөй турган болсо, анда бюджет эч качан тартыш болмок эмес. Ошондуктан, салыктан качкандарга (аны жаап-жашыргандарга) дегеле аеосуз чоң казат жарыялаш керек! Антпесек, такай салык төккөн дагы, административтик жаза, мындайча айтканда, айып төлөгөндөр дагы жалаң кембагалдар болуп, шордуу байлар, бизнесмендер, чайкоочу, алып сатар шылуундар, шайлоолордоо он миллондогон аткезчилик жол менен бел оорутпай, кол жоорутпай тапкан арам акчаларды шайлоолордо мыйзамды уруп ойнобой каалагандай чачып добушту сатып алып жатышпайбы

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×