Добавить статью
11:29, 14 ноября 2012 12771

Чоң-Алайдагы ардагерлер бийликке кайрылуу жолдоду

Биз кайрылууну ачуу чындыкты камтыган сөз менен баштоону туура таптык. 1999-2000-жылдары Баткен жана Чоң-Алай тараптан сырттан куралдуу экстремисттер кирип келип, тынч жаткан өлкөбүзгө бүлүк салгандыгы баарыбыздын эсибизде. Бирок, ошондон бери 12 жыл өтсө да Баткен жана Чоң-Алай багытында эки жыл катары эл аралык болгон террористтер менен болгон согуш саясатчылар жана тарыхчылар башка изилдөөчүлөр тарабынан өзүнүн калыс баасын ала албай келе жатат.

Бул маселени оң тарапка чечилүүсүнө көмөктөшөөр деген ойдосиздерге Баткен жана Чоң-Алай согушуна катышкан ардагерлердин атынан жазылган Кайрылууну жолдоп жатабыз.

Биздин Чон-Алай районунун жашоочулары согуш кесепетин 1999-жылдын 28-август күндөн тартып баштан кечиргенбиз. Саат 16.10 чамасында белгиси жок СУ-24 самолету Кара-Тейит айылына бомба таштап, Кадырова Карамат деген айылдашыбыз колундагы кызы менен каза болгон. Шарабидин деген милиционер да ошол бомбалоодон көз жумган. 7 адам оор жарадар болгон. Бирөө колунан, экөө бутунан айрылган. Алардын бирөөсү ошол жарааттан каза болду. 20 үй жараксыз, 35 капиталдык ремонтко дуушар болгон. 50дөн ашык, 300гө жакын жандык мал бомбанын алдында калган.

Өлкө башына кыйын күн түшкөндө чоңалайлык жигиттерден элдик кошуун түзүлүп, коргоо министрлигинин курамында колуна курал алып, сырттан кирген душмандарга каршы күрөшкөн.

Ошол оор жылдарда өлкө өзүнүн 78 атуулунан айрылып, жүздөгөн жарандары ар түрдүү жараат алса да эл-журтун таштап качышкан мурдагы эки президент жана анын жанындагылар бул маселеге кайдыгер карап келгендиги эч кимге жашыруун эмес.

Эми жаңы бийлик анын маанилүү экендигин туура түшүнүп, сырттан кирген куралдуу экстремисттерге каршы күрөшкөн, ыйык жерибиздин бүтүндүгүн мамлекетибиздин коопсуздугун сактоого салым кошкон эр азаматтарыбызды камкордукка алууга көңүл бурат деген ишенимдебиз. Аларга мыйзам чегинде жеңилдик берүү менен жаш муундарды өз Ата Журтун коргоого тарбиялоо ишке ашмак. Мекенди коргоо ыйык милдет.

Сиздерди терең урматтоо менен Чоң-Алайдагы согуштун катышуучулары:

1. Абдилашим Садыков (Жар-Башы айылынын тургуну)

2. Зайдилла Тойчуев (Кара-Тейит айылынын тургуну)

3. Мамади Кудайбердиев (Жекенди айылынын тургуну)

4. Чолпонбай Назарали уулу (Кара-Мык айылынын тургуну)

5.Умамидин Кадыров (Жекенди айылынын тургуну)

6. Исраждин Калыков (Жекенди айылынын тургуну)

7. Исмаил Ташматов (Шиве айылынын тургуну

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×