Добавить статью
11:31, 14 ноября 2012 30812

“Мелис Турганбаевден колунду тарт”

Акыркы мезгилдерде айрым массалык маалымат каражаттарында КР Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевдин кадыр-баркына көө сүйкөп, жаманатты кылууну максат кылган белгисиз авторлордун макалалары жарык көрө баштаганы көпчүлүк Ош шаарынын жашоочуларын өкүндүрөт.

Жакында эле “Белый парус” сайтында, республикалык эки гезитте (“Жаны Ордо”, “Ачык саясат” гезиттери) жарык көргөн макалалардын мазмуну багыты бирдей окшош. Алардын баары Мелис Турганбаевдин кадырына доо кетирип, аны кызматтан кетирүүгө багытталган. Авторлордун өздөрү гана белгисиз болгону аз келгенсип, башка белгисиз кызматкерлердин аттарынан дагы ой пикирлерди жарыкка беришкен.

Ушундан улам “Мелистин орду кимдир бирөөгө керек болуп калганбы” деген ой пайда болот. Андан сырткары, генерал Мелис Турганбаевдин коррупцияга, уюшулган кылмыштуулукка ккаршы күрөш жүргүзгөнү кимдир бирөөлөргө жакпай жатса керек. Анткени, алар өздөрүнүн кылмыштуу жол менен тапкан акчасынан айрылып жатышат.

Ош шаарынын эли Мелис Турганбаевди кесипкөй, чыныгы оперативдүү кызматкер катары таанышат. Кандуу Ош окуясынын башталышы менен Ош шаарына келип, Курсан Асанов комендант болгонго чейин элди тынчтыкка үндөп, жанын үрөп жүргөндүгүнө күбөбүз. Андыктан анын эл үчүн өтөгөн кызматын баалабастан, тескерисинче жамандоо менен биз чыныгы кесипкөй кызматкердин аброюна шек келтирип, моралдык зыян алып келип жатабыз.

Мелис Турганбаевдин акыркы мезгилдердеги уюшулган кылмыштуулукка каршы жүргүзгөн күрөшүнүн жемишин эл көрүп жаткандыгын кантип жашырабыз?

Жогорудагыларды эске алуу менен айрым саясатчы, көралбастарды “Мелис Турганбаевден колунду тарт” деп эскертип кетмекчибиз!

Урматтоо менен Ош шаарынын тургундары

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×