Добавить статью
9:19, 15 ноября 2012 41447

Вице-спикер Т.Зулпукаров төрагага кат жолдоду

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бир нече депутаттар менен Кыргыз Республикасынын бир канча мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизген элек. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-1- беренеси (Тотализаторлорду жана букмекердик кеңселерди кошпогондо, оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, ошондой эле оюн-зоок жабдууларын пайдалануу менен кумар оюндарын өткөрүү) боюнча иштелип чыгып, мыйзамдын иштөө тартиби 2012-жылдын август айынан башталган.

Бирок, бир катар мыйзамды сыйлабаган ишкерлерибиз, мыйзамга каршы чыгып ушул убака чейин кумар оюндарын уюштуруу менен алектенип келишүүдө. Мен, тиешелүү органдарга атайын маалымат берип коюуну өтүнгөн кат жолдогон элем, алар тарабынынан төмөнкүдөй жооп алдым.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 7 кылмыш иши козголуптур 3сү соттун кароосунда, 4тү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатыптыр. ИИМдин маалыматы боюнча, 10 кылмыш иши козголуптур, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 6 иштин бети ачылып, 4 кылмыш иши козголгон, 2 ишти козгоодон баш тартылган.

Ошого карабастан: 1) Интернет гейм Киевская Көч. 95 А (аталышы - Шанс).

2) Интернет гейм Киевская Көч. 95 А (аталышы – Лимон). 3) Интернет гейм Советская Көч. 129, Москва көчөсүнүн кесилишинде (аталышы –Интренет).

4) Интернет гейм Правда Көч. 57, Москва көчөсүнүн кесилишинде. 5) (аталышы- RIO) Көч. Байтик Баатыра 57 (Вефа центрдин оң капталында жайгашкан). 6) (аталышы – Сан Сити) «Спортивный покер»

Правда Көч. иштеп жатаптыр

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×