Добавить статью
3:59, 19 ноября 2012 6850

А.Келдибековдун жакын адамы телефон аркылуу эмнелерди чечип жүрөт?

А.Келдибековдун жакын адамынын белгисиз бир журналист менен телефон аркылуу байланышуусундагы сөздөр:

А: - Досум кандай! Иштериң, үйдөгүлөр жакшыбы?

Ж: - Жакшы, жакшы. Ким бул?!

А: - Тааныбай калдыңбы? (смеется). Мен Адыл.

Ж: - Ээ, кандай барсыңбы?! Ден соолуктар, үйдөгүлөр тынчпы? Каердесиң?

А: - … Бишкекте эле. Иштер менен жүрөбүз. Өткөндө барсам жок экенсин, сенде иштер бар эле. Балдардан сурасам телефонунду бербей коюшту.

Ж: - Аа, азыр билесин да, «незнакомый» адамга берип болбойт.

А: - Туура айтасың. Досум, сенде бир иш бар… Зарыл иш…

Ж: - Угуп атам досум…

А: - Шефтерди атту-баштуу гезиттерге жакшы жагынан чыгарыш керек …

Ж: - Аа, кылса болот, өзүң билесиң да. Тааныштар гезит, журнал, теледе Кудайга шүргүр бар (смеется)… 100% чыгарат.

А: - Бизге ошолор керек да… Жакшы жазган кишилер барбы?

Ж: - Табабыз… Кимди чыгарыш керек?

А: - Билесин да досум, Элмурзаны?!

Ж: - Аа, мурунку прокурорбу?

А: - Ошол Сатыбалдиевди. Ал киши шефке кайрылган экен. 7синен кийин аны кыйын абалга калтырып коюшпадыбы.

Ж: - Ооба, ооба… билебиз да. Өткөндө «Жаңы Ордого» интервью бериптир, окугам… (смеется) өзүн катуу мактап жазыптыр го …

А: - (смеется) … кыскасы, Ал Ахмат менен жолуккан. Жакында кыймыл аракеттерди баштаганы турушат, бийликти шаардык кеңештен кийин, жазга жетпей эле алабыз. Элмурза да элди алып чыкканга акча жагынан да чоң жардам берем дейт. Ал уже баш которушту баштады. Ошон үчүн, Сатыбалдиевди гезиттерге кыргыздын кыйын жигиттери катары жазыш керек. Каражат жагынан камсанаба досум, чечебиз, Ахмат берет. Мен уже сүйлөшүп койдум.

Ж: - Ал Ахмат, төрага кезинде киши карабай калды эле го… (смеется)

А: - Камсанаба досум, сен биз менен жазга чейин бирге, жакшы иштеше бергин. Билесин да, Шеф азыр Өмүрбек Бабанов менен акылдашып мамилелери жакшы. Ал киши да бийликке абдан нааразы. Шаардык шайлоого болгон аракеттерди жасап, каражаттарды эч аяган жок, көрөсүң, алар биригип бийликти алышат… Азыр алардын иш аракеттеринин баардыгы ушул багытта болуп жатат. Биз дагы учурдан колдонуп калышыбыз керек, досум.

Ж: - Туура. Иштешейлик. Гезиттер боюнча, тааныштарды ишке салып коем. Бийликти алыш керек болсо, алабыз… Бирок кийин бийликти алган соң, бизди алар унутуп коюшбайбы?! (смеется)

А: - (смеется) … ал эми өзүбүздүн кишилер да … Сен деле Султанов Кылычтан эмнен кем, иш жакшы жагынан чыкса, бир креслону Кылычка окшоп басып отурасын да, … (смеется)

Ж: - Колдон келет, кылыбыз, мен ал шефтерди бир топ гезит-журналдардын сандарына чыгартам. Аны анан өздөрү да окушсун … биздин кылып жаткан иштерибизге баа берип, биз иштеп жатаканыбызды көрүшсүн.

А: - Ооба, ооба да. Акча жагын жолугуп сүйлөшөлүк.

Ж: - Макул, келээрде мага чалып койгун, дагы кандай тематикада статьяларды жазышты чечип да алабыз.

А: - Болуптур, макул.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×