Добавить статью
8:24, 19 ноября 2012 9545

«Мекендештер» конгрессинин кайрылуусу

«Мекендештер» конгресси Кыргыз Республикасынын премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевке жана Жогорку Кеңештин төрагасы А.Ш.Жээнбековго кайрылуу жолдоду.

Биз төмөндөгү «Мекендештер» конгрессинин Россия Федерациясынын Сибирь, Урал Федералдык округундагы мүчөлөрү, жакында массалык маалымат каражаттары тарабынан таркатылган «муруңку миграция министрлигинин кызматкерлери, учурда мыйзамсыз жумушка алынган», деген кабарлар боюнча кайрылуудабыз.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министирлигинин Россиядагы элчилигинин астындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери (өкүлдөрү) Асымбеков Шамил Уметович, Асанбаев Алмаз Жолчуевич, Токтоболотов Самат Николаевич булар мигранттар менен аябай тыгыз жакшы жумуштарды алып баргандыгын жакшы билебиз. Себеби, биз «Мекендештер» конгрессинин мүчөлөрү, Сибирь жана Урал Федералдык округундагы ар бир регионунда кыргыз диаспорасын жетектейбиз. Жогоруда айтылган адамдар менен көп жылдан бери тыгыз жумуш алып барып, жана ошондой эле кыргызстандык мигранттар менен бир нече ирет жолугушуулар болуп, натыйжасында жүйөлүү жумуштар болгондугу айкын. Россия федерациясындагы жана кырыз маданий коомдук уюмдарынын жетекчилери мене тыгыз жумуш алып барып мигрантардын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө чоң салымдарын кошкон! Росядагы коомдук уюмдун жетекчилерине жана жүз миңдеген эмгек мигрантарынын өкүнүчү, муруңку миграция министирлигинин жана Росиядагы өкүлчүлүгүнүн жоюлуп кетиши аябай өкүндүрөт. Азыркы мезгилде россиядагы мигрантардын көйгөйү жашоо турмушу баарыбызга маалым болуп турат.

Сизди терең урматтоо менен, кыргызстандыктардын аймактар аралык конгресинин мүчөлөрү, Россиядагы Кыргыз маданий коомдук уюмдарынын жетекчилери:

«Соотечественники-Мекендештер» МККнын президенти Т.А. Абдылдаев, Новосибирск областынын кыргыз диаспорасынын төрагасы Ж.Э. Тойтуков, Бурятия Республикасындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Д.У.Абдыразаков, Хакасия Республикасындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы А.Чериков, Томск областындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Р.Абдымомунов, Омск областындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы А.М.Асанов, Забайкальский крайынын кыргыз диаспорасынын төрагасы Б.Д.Турдубаев, Красноярск крайынын кыргыз диаспорасынын төрайымы Н.Ж.Батаева, Новокузнецк шаарындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Б.М.Айтиев, Тыва Республикаындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы А.Ш.Туюков, Курган аймактык кыргыз диаспорасынын төрагасы Н.П.Нурмурзаев, Магнитогорск кыргыз диаспорасынын төрагасы Н. Кырбашов, Ханты-Мансийский кыргыз диаспорасынын төрагасы К.К.Айдаров, Пермь аймактык кыргыз диаспорасынын төрагасы А.А.Алымкулов, Оренбург областтык кыргыз диаспорасынын төрагасы Б.К.Кебекбаев, Татар Республикасындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы З.А.Сариев, Челябинск областтык кыргыз диаспорасынын төрагасы К.Ы.Пусуров.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×