Добавить статью
7:20, 23 ноября 2012 38288

корутундусу

Бишкек шаарындагы №-1СИЗОсунда кармалып жаткан айрым жарандардын 2010-жылдын 7-9-апрелинде болгон талап-тоноолор жөнүндө көрсөтүүлөрүн иликтөө боюнчатүзүлгөн убактылуу комиссиянын корутундусу

Бишкек шаарынын №-1 СИЗОсунда кармалып жаткан Абдулла Юсуповдун, Дастан Оморовдун жана Азамат Шергазиевдин 2010-жылдын 7-9-апрелинде болгон талап-тоноолор жөнүндө кайрылууларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика», «Ата Мекен» фракцияларынын депутаттарынын кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2012-жылдын 6-сентябрында № 2271-V Токтом кабыл алган.

Курамында ар бир фракциядан экиден депутат, жалпысынан он адамдан турган убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары-Комиссия) түзүлгөн жана комиссияга 2010-жылдын 7-9-апрелинде Бишкек шаарында жайгашкан Бакиевдердин жана башкалардын мүлкүн талап-тоноо фактыларынын аныктыгын иликтөө тапшырылган.

Комиссия өз ишин 2012-жылдын 6-сентябрынан баштап, жасалган иштин натыйжалары жөнүндө бир айлык мөөнөттө Жогорку Кеңешке маалымат бермек.Бирок, белгиленген мөөнөттө комиссия жүйөлүү себептер менен иликтөөнү толук бүтө алган жок. Комиссиянын иштөө мөөнөтүн 2012-жылдын 20-ноябрына чейин узартуу боюнчасунуш киргизилген. Комиссия тарабынан канчалык мүмкүн болушунча иштин жагдайын ар тараптан, толук жана объективдүү изилдөө үчүн бардык чараларды көрүүгө аракеттер жасалды.

Комиссия отурумун 19 жолу өткөрдү,жалпысынан 60дан ашык адам менен жолугушуу болуп, аңгемелешүү болду жана тийиштүү органдардан документтер суратылып алынды. Комиссиянын төрт мүчөсү Жалал Абад областынын Тейит айылына барып, адамдар менен жолугуп сүйлөшүп келишти. Иликтөө иши А.Юсупов, Д. Оморов жана А. Шергазиевдердин талап-тоноолор жөнүндө көрсөтмөлөрүн талдоодон башталды.

А.Юсупов, Д. Оморов жана А. Шергазиев 2010-жылдын 7-9-апрелинде болгон талап-тоноолор жөнүндө «Республика» партиясы бул маселени көтөрүп чыкканга чейин эле ар кайсы инстанцияларга кайрылуу,арыз-даттанууларды 2011-жылдан бери карай жиберип келишкен. Учурунда мындай кайрылуу Жогорку Кенештин Төрагасы А.Келдибековдун наамына да келген. Бирок ал арыздар №-1Тергөө изоляторунан сырткары тийиштүү даректерге жеткен эмес.Же болбосо укук коргоо органдары тарабынан укуктук жактан баа берилбей кала берген,кылмышиши козголгон эмес.

Комиссия бир нече жагдайды иликтеп, ага жооп издеди.

1.Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Болот Шер,Турат Мадылбеков, Райкан Төлөгөновдун айыпкерлер Абдулла Юсупов, Дастан Оморов жана Азамат Шергазиевдер менен байланышы болгонбу, болсо кандай ?

2. Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Болот Шер,Турат Мадылбеков, Райкан Төлөгөновдун 2010-жылдын 7-10-апрелинде Бакиевдердин жана башкалардын мүлкүн талап-тоноого катыштыгы барбы?

3. А.Юсупов, Д. Оморов жана А. Шергазиев 2010-жылдын 7-10-апрелинде болгон талап-тоноолорго Ата Мекен партиясынын аты аталган мүчөлөрүнүн катыштыгы бар деген маалыматы чын болсо, бул жерде аты аталган Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү кандай рол ойногон?

4. А.Юсупов, Д. Оморов жана А. Шергазиев 2010-жылдын 7-10-апрелинде болгон талап-тоноолорго Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү Ө. Текебаев, Б.Шер,Т.Мадылбеков, Р.Төлөгөновдун катыштыгы бар деп маалымат берүүсү канчалык деңгээлде чындыкка туура келет, же болбосо жөн эле башка максаттарды көздөгөн каралообу?

Мындан сырткары Комиссиянын алдына койгон тапшырмасы ар тараптан, толук жана объективдүү изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Ө. Текебаев, Б.Шер,Т.Мадылбеков, Р.Төлөгөновдун аракеттерине саясый жактан баа берүү жана укук коргоо органдарынын Бакиевдердин жана башкалардын мүлкүн талап-тоноо фактысы боюнча кылмыш ишинин тергөөсүнүн жыйынтыгы боюнча баа берүү болуп саналат.

Иликтөөнүн жүрүшүндө төмөндөгүдөй жагдайлар аныкталды:

Биринчи суроо боюнча:Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Болот Шер,Турат Мадылбеков, Райкан Төлөгөновдун айыпкерлер Абдулла Юсупов, Дастан Оморов жана Азамат Шергазиевдер менен байланышы болгонбу, болсо кандай ?

-Бул жерде баса белгилеп кете турган жагдай, А.Юсупов массалык маалымат каражаттарына чыккандан кийин, Ө.Текебаев, Б.Шер,Т.Мадылбеков, Р.Төлөгөновдор Ата Мекен партиясынын депутаттарынын отурумундагы видеотасмада жана массалык маалымат каражаттарында А.Юсупов менен эч кандай байланышы жок экениги жөнүндө маалымат таркатышкан.Бирок, депутаттык комиссияда Ө.Текебаев, Б.Шер, Т.Мадылбеков, Р.Төлөгөнов А.Юсупов менен байланышы бар экендиктерин өздөрү тастыкташты. Мындан сырткары Ата Мекен партиясынын лидери Ө.Текебаев А.Юсуповду Ата Мекен партиясынын офисинде көргөндүгүн мойнуна алды.

Ата Мекен партиясынын айрым депутаттарынын А.Юсупов менен тааныштыгы жана байланышы бар экендиги башка материалдар менен дагы тастыкталат.Мурунку ички иштер министри З.Рысалиевдин Р.Төлөгөнов тарабынан А.Юсуповго7 жолу телефон чалгандыгын тастыктаган көсөтмөсү бар. (тиркеме №1)

Тыянак:Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Болот Шер,Турат Мадылбеков, Райкан Төлөгөновдун айыпкерлер Абдулла Юсупов, Дастан Оморов жана Азамат Шергазиевдер менен тааныштыгы жана байланышы болгон. Өмүрбек Текебаев, Болот Шер,Турат Мадылбеков А.Юсупов менен Р, Төлөгөнов аркылуу таанышышкан. 2010-жылдын 7-10-апрелинде Бишкек шаарында жайгашкан Бакиевдердин жана башкалардын мүлкүн талап-тоноодо А.Юсуповду жана ал жетектеген топту пайдаланышкан.

Экинчи суроо боюнча:Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Болот Шер,Турат Мадылбеков, Райкан Төлөгөновдун 2010-жылдын 7-10-апрелинде Бишкек шаарында жайгашкан Бакиевдердин жана башкалардын мүлкүн талап-тоноого катыштыгы барбы?

-А.Юсупов, Д. Оморов жана А. Шергазиев 2010-жылдын 7-10-апрелинде болгон талап-тоноолорго Р.Төлөгөнов тарабынан түзүлгөн топтор иштегендигин, анын ичинде А.Юсупов жетектеген куралданган топ дагы Р.Төлөгөновдун жетекчилиги менен Бакиевдердин жана башкалардын мүлкүн тартып алып мамлекетке өткөрүп бериш керек деген максатта иштешкендигин,лабораториядан составында алтын бар руданы Т.Мадылбековдун жана Р.Төлөгөновдун жетекчилиги алдында ташып алып чыгышкандыгын айтышкан.

Депутаттык комиссияда Башкы прокуратуранын өкүлү видеотасмада А.Юсупов талап- тоноонун 11 фактысы боюнча айткан болсо, тергөөдө мындай факт 34 жеткендиги жөнүндө маалымат берген. 34 фактынын кээ бир фактылары далилденген эмес. Мурунку ички иштер министри З.Рысалиев 2010-жылдын 7-8 апрелинде телефон аркылуу Р.Төлөгөнов А.Юсупов менен 7 жолу, ал эми А.Юсупов Р.Төлөгөнов менен 1 жолу,Р. Төлөгөнов болсо Т.Мадылбеков менен 26-жолу байланышкан. Анын ичинен Р.Төлөгөнов 10 жолку байланышуусу ошол талап-тоноолор болгон жерлерге туура келе тургандыгын билдирген. Мындан сырткары З.Рысалиев А.Юсуповдун билдирүүсүнүн 80-85 % тастыкталгандыгын маалымдаган.

Бакиевдердин мүлкүн талап-тоноого катыштыгы бар экендиги боюнча Т.Мадылбековдун баласы Э.Мадылбековдун үстүнөн Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Болот Шер,Турат Мадылбеков, Райкан Төлөгөнов талап-тоноочулукка эч кандай тийешеси жок экендиктерин айтышты. Бирок, Р.Төлөгөнов талап-тоноочулук болгон жерлерде болгондугун танган жок. Ал жерлердемүлктөрталанып-тонолуп кетпесин деп кайтарууларды уюштуруп жүргөм дейт. Андай болсо, эмне үчүн ошол обьектилер толук таланып-тонолуп кеткен? Ал жерлерге кимдерди койгондугу жөнүндө, ким жоопкерчиликтүү болгондугу жөнүндө Р.Төлөгөнов тийиштүү органдарга (тергөөгө) көрсөтмө бербейт? Эгерде мүлктөрдү талап-тоноодон сактап калуу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алып, кайтарууну уюштурган болсо ал мүлктөр кайда? Талап-тоноого катыштыгы жок болсо, мүлктөрдү ким алып кеткендиги жөнүндө айтып бербейби?

Дагы бир 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуянын күбөсү таксист Бабалиев Мирбек аттуу жигиттин Р.Төлөгөнов ушул топторду жетектеп жүргөндүгүн тастыктаган комиссияда берген көрсөтмөсү бар. Министр Болот Шердин жардамчысы «Нурлан» аттуу жигиттин окуя болгон жерге келип Р.Төлөгөнов жетектеген, А.Юсупов башында турган топко жардам көрсөткөндүгү жөнүндө көрсөтмө бар.

Тыянак:Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Болот Шер 2010-жылдын 7-10-апрелинде Бишкек шаарында Бакиевдердин жана башкалардын мүлкүн талап-тоноого түздөн-түз катыштыгы аныкталган жок. Бирок, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча алардын кыйыр катыштыгы бар.Себеби, Ө.Текебаев убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Болот Шер- ички иштер министри катары ошол окуялар жөнүндө маалыматтары болгон.Алар Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү катары моралдык жана саясый жоопкерчилиги болуш керек.

Ал эми Турат Мадылбеков, Райкан Төлөгөновдун, баласы Муса Төлөгөнов менен 2010-жылдын 7-10-апрелинде Бишкеке шаарында Бакиевдердин жана башкалардын мүлкүн талап-тоноого катыштыгы бар экендиги Башкы прокуратуранын өкүлүнүн билдирүүсү, көрсөтмөлөр, телефондук сүйлөшүүлөр жана мурунку ички иштер министри З.Рысалиевдин көрсөтмөлөрү боюнча А.Юсупов, Д. Оморов жана А. Шергазиевдер берген маалыматтардын кээ биринде чындык бар экендиги аныкталат.(тиркеме№ 2)

Үчүнчү суроо боюнча: А.Юсупов, Д. Оморов жана А. Шергазиев 2010-жылдын 7-10-апрелинде болгон талап-тоноолорго Ата Мекен партиясынын аты аталган мүчөлөрүнүн катыштыгы бар деген маалыматы чын болсо, бул жерде аты аталган Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү кандай рол ойногон?

А.Юсупов, Д. Оморов жана А. Шергазиев 2010-жылдын 7-10-апрелинде болгон талап-тоноолорго Ата Мекен партиясынын жогоруда аты аталган мүчөлөрүнүн жетекчилиги менен иштешкен.Укук коргоо органынын кызматкерлерине колго түшүп калган жерде, алардын жардамы менен куткарылып турган.

- Аларды куралчан жүргөндө эч ким токтотуп текшерген эмес.

-Атайын багыттагы отряддын кызматкерлери тарабынан кармалган жерде куткарылышкан.

- Б.Шер-ички иштер министри, ал эми Т.Мадылбеков- Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп турган. Т.Мадылбеков шаардын комендаты катары баардык маалыматтарды билген.Бирок,кылмышты болтурбай коюу боюнча эч кандай чара көргөн эмес.

-Ал эми Р.Төлөгөнов Бакиевдердин жана башкалардын мүлкүн талап-тоноого катыштыгы бартопторду уюштурган жана жетектеген. Тергөө тобу тарабынан алынган телефондук распечатка боюнча алып караганда Р.Төлөгөнов таланып- тонолгон объектилерден шаардын коменданты Т.Мадылбековго 26 жолу телефон чалган.( тиркеме№3)

Тыянак:Ал эми Р.Төлөгөнов талап- тоноочулука А.Юсуповдун жана башка топторго жетекчилик кылгандыгы аныкталгандыгына карабай, укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иш толук көлөмдө тергелбей, өндүрүштөн кыскартылгандыгы коомдо бийликке ар кандай ишенбөөчүлүктү жаратууда.

Төртүнчү суроо боюнча: А.Юсупов, Д. Оморов жана А. Шергазиев 2010-жылдын 7-10-апрелинде болгон талап-тоноолорго Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү Ө. Текебаев, Б.Шер,Т.Мадылбеков, Р.Төлөгөновдун катыштыгы бар деп маалымат берүүсү канчалык деңгээлде чындыкка туура келет, же болбосо жөн эле башка максаттарды көздөгөн каралообу?

Ө.Текебаев, Б.Шер, Т.Мадылбеков, Р.Төлөгөновдор А.Юсупов менен эч кандай байланышы жок экениги жөнүндө Ата Мекен партиясынын депутаттарынын отурумундагы видеотасмада жана массалык маалымат каражаттарында маалымат таркатып танып чыгышкан. Бирок, депутаттык комиссияда, тергөөдө алардын ортосунда байланыш мурдатан 2005 –жылдан бери бар экендиги аныкталды. Р.Төлөгөнов кийин дагы 2010-жылдын июнь окуяларында Жалал Абадка барып А. Юсуповду ар кандай иштерге аралаштырып пайдаланып жүргөн.

Тыянак:А.Юсупов, Д. Оморов жана А. Шергазиев ачык айтып чыгышкандыгынын себеби, Р.Төлөгөнов убада боюнча беребиз деген акча, үй жана кызматтарды бербей алдап кетишкен жана ар кандай жардамдарды беребиз деген убадасын аткарбай койгон, алар камактагы боюнча калышкан. (тиркеме №4)

Ар кандай такталуу маалыматтар гана далилдер болуп саналгандыктан, анын негизинде мыйзамда аныкталган тартипте тергөөчү жана сот Жазык кодексинде каралган жосундардын болгонун же болбогонун, мындай жосунду шектүү, айыпкер, соттолуучу жасаганын же жасабаганын жана айыпкердин күнөөлүү же күнөөсүз экендигин, ошондой эле ишти туура чечүү үчүн мааниси болгон башка жагдайларды аныктайт.

Бул маалыматтар:

- шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрү;

-тергөө жана сот аракеттеринин протоколдору

- мыйзамда белгиленген тартипте алынган оперативдүү-издөө ишмердүүлүгүнүн натыйжалары менен;

- башка документтер менен аныкталат деген норма Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 81- статьясында каралган.

2010-жылдын 7-9-апрелинде Бишкек шаарында Бакиевдердин жана башкалардын мүлкүн талап-тоноо фактыларынын аныктыгын иликтөө максатында тергөө органдары тарабынан дагы кылмыш иши козголуп тергелип жаткандыктан Комиссия тергөө органдарынан тийиштүү сурак протоколдорун кат менен суратып алды. Тергөө органынан келген сурак протоколунда көрсөтмөлөрдө:

-Р.Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелине чейин эле А.Юсупов менен жакшы тааныш экендиги;

-Бишкек шаарындагы Күрөңкеев көчөсүндө жайгашкан штабга А.Юсупов Р.Төлөгөновдун чакыруусу боюнча баргандыгы;

-Жалал Абаддан Р.Төлөгөновдун чакыруусу боюнча А.Юсупов Бишкекке келгенден кийин, кимден пистолет алгандыгы жана башка дагы кимдерге ок атуучу куралдар таратылгандыгы;

-депутат Т.Мадылбековдун Бишкектеги № 1 Тергөө изоляторуна мыйзам талаптарын одоно бузуу менен кирип А.Юсупов менен бетме-бет жолуккандыгы;

-Жогорку Кеңештин имаратында депутат Т.Мадылбеков өз иш кабинетинде А.Юсуповдун жубайы Р.Жоробаеваны кабыл алгандыгы;

-Жалал Абад облусундагы Тейит айылында Бакиевдердин үйү өрттөнгөн жерде Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү болгондугу жана катыштыгы бар экендиги күбөлөндүрүлгөн.

Бул көрсөтмөлөр тергөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 61-статьясынын талабына ылайык күбөнүн укуктары жана милдеттери түшүндүрүлүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-статьясынын талабына ылайык, атайылап жалган көрсөтмөлөрдү берсе кылмыш жообуна тартыла тургандыгы эскертилип, бардык процессуалдык нормаларды сактоо менен сурак жүргүзүлгөн учурда тастыкталган (далил) фактылар болуп саналат.

Комиссия укуктук жактан баа берип, айып угузуу үчүн далилдерди чогулткан жок. Комиссия чогултулган материалдардын негизинде анализдеп саясый жактан баа берүү багытында иштеди.

Комиссия иликтөө жүргүзүүнүн жыйынтыгын жоромолго, болжолдоого, имиш сөздөргө негизделген көрсөтүүлөрү, ошондой эле өзү маалымат алган булакты көрсөтүп бере албаган күбөлөрдүн көрсөтүүлөрүнө таянган жок. Териштирүүнүн жүрүшүндө изилденген далилдердин жыйындысы менен ырасталган материалдарга таянуу менен жыйынтыкталды. Бул жерде көрсөтмөлөрдүн көпчүлүгү депутаттык териштирүүнүн жүрүшүндө ырасталды.

НТС каналынын № 1-Тергөө изоляторуна журналисттердин кирип интервью алгандыгы боюнча эч кандай Мыйзам бузуу жок экендигин Башкы прокуратуранын кызматкерлери өздөрү комиссияда күбөлөндүрүп беришти.

«Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана ушул Мыйзамдын негизинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелери»бекитүү жөнүндө №631Токтомунда айыпталуучулардын жана соттолгондордун тергөө изоляторундагы негизги укуктары жана милдеттери жөнүндө белгиленген бөлүктө:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоочусу, туугандары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы анын орунбасарлары жана башка адамдар менен жолугушууга;

- өзүнүн камалышынын мыйзамдуулугу, негиздүүлүгү жана өзүнүн мыйзамдуу укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулушу жаатында инстанцияларга, анын ичинде, сотко, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылууга укуктуу болуп саналат. А.Юсупов жана башкалар Мыйзамда белгиленген өз укуктарынан пайдаланышкан.

Өтүнүч, сунуш, арыз жана даттануулар менен кайрылгандыгы үчүн камакка алынган адамдарга кандай гана формада болбосун куугунтуктоого жол берилбейт.

Ал эми депутат Т.Мадылбековдун 2012-жылдын 23-юлунда № 1 Бишкек Тергөө изоляторуна кирип айыпкер А.Юсупов менен жекеме-жеке жолугушуусу Мыйзам талаптарын бузган деп эсептесе болот.

-«Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-1 сатьясына ылайык шектүүлөр жана айыпкерлер камакта кармалган жайларга атайын уруксатсыз кирүүгө Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Координациялык кеңештин мүчөлөрү, кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлерине алар тиешелүү мыйзамда каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда укуктуу болушат.

Бул жерден мыйзамдуу суроо жаралат. Кыргыз Республикасынын депутаты Т.Мадылбеков А.Юсуповго эмне үчүн кирген?. А.Юсупов депутатка арыз менен кайрылганбы же башка бирөөлөрдөн кат жүзүндө А.Юсуповдун арыз -муңун угуп коюу үчүн өтүнүч болгонбу?-Жок. Депутат Т.Мадылбеков Комиссияда жана тергөөдө күбөлөндүргөндөй жеке өз кызыкчылыгы үчүн барган. Мыйзамда белгиленгендей айыпкерлер камакта кармалган жайларга кызмат адамдары камактагы адамдардын арыз мунун угуп жана чечүү үчүн атайын уруксатсыз кирүүгө укуктуу. Бул биринчиден.

-Экинчиден, Т.Мадылбеков- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты катары тергөө изоляторуна киргенден кийин А.Юсупов менен жекеме-жеке жолугушуу өткөрүү менен № 1 тергөө изоляторунун башчысы Султанкуловду Мыйзам талаптарын бузууга түрткөн. Себеби, ушул Мыйзамдын 17-статьясынын талабына ылайык «…башка адамдар менен жолугушуу камакта кармоо жайынын кызматчыларынын көзөмөлү алдында жүргүзүлөт жана айыпталгандарга тыюу салынган нерселерин, болбосо жазык иш боюнча акыйкатты аныктоого тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон кабарларды берүүгө аракет жасаган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат»-деп каралган. Депутат Т.Мадылбеков иш боюнча акыйкаттыкты аныктоого тоскоолдук кылуу максатында кирген жана А.Юсуповго кысым жасаган.Жолугушуу үч сааттан ашпаш керек. Ал кеминде 4-5 саат жалгыз калган.

Мындан сырткары 2012-жылдын сентябрь айында Жогорку Кенештин имаратында депутат Т.Мадылбековдун А.Юсуповдун жубайы Р.Жоробаеваны саат21-22 чамасында иш кабинетинде кабыл алып жолугушкан.Бул жолугушуу Р.Жоробаеванын айтуусу боюнча «Чынгыз» аттуу бала ортого түшүп , жолугушуунун демилгечиси Т.Мадылбеков болгон. Жолугушуунун негизги макстаты Ата Мекен партиясынын мүчөлөрүнө карата айыптоосунан баш тартууга А.Юсуповду көндүрүү болгон.

Булжерде негизги маселе жолугушуунун демилгечиси ким экендигинде эмес. Депутат кайсыл жерде болбосун, ким менен болбосун жолугушууга укуктуу. Маселенин өзөгү жолугушуу Жогорку Кенештин имаратына (режимдик объектиде) депутат Т.Мадылбековдуниш кабинетине Р.Жоробаеванын эч кандай каттоодон өтпөй, белгиленген эрежелерди бузуу менен киргизилишинде болуп жатат. Комиссия Т.Мадылбеков бул жолугушууну кимдир бирөөлөргө белгилүү болуп калуусун каалаган эмес, ошондуктан имаратка Р.Жоробаеванын жашыруун кириши ал тарабынан уюштурулган деп эсептейт. Мындан сырткары Р.Жоробаева комиссияга ага карата коркутуулар болуп жаткандыгы жөнүндө билдирген. Чынында эле бир ай убакыт өтпөй А.Юсупов менен Т.Мадылбековдун ортосунда тергөө тарабынан беттештирү жүргүзүлүп жаткан учурда Р.Жоробаева алдамчылык боюнча кылмыш жасады деген негиз менен кармалып, камакка алынган.

Мындан сырткары ушул эле «Чынгыз» аттуу бала А.Юсупов 2011-жылыДастан Оморов аркылуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Салянованын- күйөөсү Бакыт менен «Гольфстрим» кафесинде жолугушуп Р.Жоробаеванын тууганы Иминова Халиданын баласын соттон куткаруу үчүн 4000 америка долларын бердим деген жерде дагы чогуу болгондугу жана «Чынгыз» Салянованын күйөөсү Бакытка өз тууганын жумушка орноштуруу үчүн 1,5 миң америка долларын бергендиги боюнча дагы көрсөтмө бар.( материалдар тиркелет.)

Комиссия, моралдык, саясый жагына баа берилиши керекдеп эсептейт. Ал эми комиссиянын материалы тийиштүү укук коргоо органдарына укуктук жактан баа берүүгө жиберилиши зарылдеп эсептейт.

Экс-министр З. Рысалиев Ата Мекен партиясынын мүчөсү Р.Төлөгөновдун Бишкек шаарындагы Бакиевдердин мүлкүн талап- тоноочулукка катыштыгы бар экендигинин, ал эми Ө.Текебаев, Т.Мадылбеков, Б.Шер боюнча иликтөөлөр жүрүп жаткандыгы боюнча маалымат берген.Көп өтпөй эле,З.Рысалиев министрлик кызматтан кеткенден кийин ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармасынын начальниги милициянын полковниги К.Норузбаев 14-ноябрда пресс-конференция берип, Ө.Текебаев, Т.Мадылбеков, Б.Шер жана Р.Төлөгөновдун Бакиевдердин мүлкүн талап-тоноочулукка катыштыгы жок экендиги жана кылмыш иштин кыскартылгандыгы жөнүндө маалымат берди.

Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү тарабынан мыйзам талабы толук аткарылдыбы же жокпу?.Мыйзамдын аткарылышын көзөмөл кылган орган катары Башкы прокуратура тергөө тарабынан кабыл алынган чечимдин канчалык мыйзамдуу экендиги жөнүндө өз корутундусун бердиби?

Эмне себептен, ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгынын башчысы К.Норузбаев кылмыш иштин кыскартылгандыгы боюнча пресс-конференция берип жалпы республикага жар салып жиберди. Кылмыш иштин кыскартылгандыгы мыйзамдуубу же жокпу, албоюнча Башкы прокуратура өз корутундусун бере элек. К.Норузбаевдин кимге карата кызмат кылып жаткандыгы азырынча белгисиз? Буга чейин ар бир кыскартылган кылмыш иш боюнча эмне үчүн пресс-конференция өткөрүлгөн эмес жана маалымат берип турган эмес. Мыйзам талабы боюнчажалпы коомчулукка жарыя кылып пресс-конференция өткөрүү тергөө органдарына милдеттендирилген эмес.

Ал эми Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясынын талабына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-статьясынын 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин турмушка ашырылышын контролдойт. Ошондуктан, Жогорку Кенеш кыскартылган кылмыш ишинде тергөө жүргүзүүдө канчалык деңгээлде мыйзам талаптары сакталгандыгы боюнча өз пикирин билдириши керек.

. Мыйзамда алгачкы текшерүү органдарынын, тергөөчүлөрдүн жана соттордун ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин кийлигишүүсүнө жол берилбейт.-деп каралган

Комиссия Мыйзамда каралган өз укуктарынын чегинен чыгып, тергөөчүнүн функциясын алып алган жокпу деген мыйзамдуу суроо туулушу мүмкүн.

Туура, Мыйзамда алардын ишине кийлигишүүгө жол берилбейт деп көрсөтүлгөн. Бирок, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодекси жана Жазык-процесстик кодекси,Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ошондуктан, Жогорку Кенеш бул кылмыш ишти тергөөдө жана тергөөнүн жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алууда жогоруда белгиленген Мыйзамдардын аткарылышын Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери аркылуу текшерүү жүргүзүүгө укугу бар.

Бул кылмыш иш боюнча тергөө тарабынан Мыйзамда каралган баардык талаптар аткарылдыбы? прокуратура тарабынан көзөмөл Мыйзамда каралган талаптар боюнча жүргүзүлдүбү?-деген суроого жооп табуу үчүн тийиштүү комитетке тапшырма берип жыйынтыгы боюнча Жогорку Кенеште угушубуз керек.

Себеби, комиссияга тергөө тарабынан берилген иштин ичиндеги сурак протоколунун көчүрмөлөрүн алып караганда жана комиссиянын өзүнүн чогулткан материалдары, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү негиз болгон далилдер бар.Ошондуктан, кылмыш иштин кыскартылышы күмөн жаратып жатат. (Интернет сайттарда,массалык маалымат каражаттарында жана эл арасында бул кылмыш иштин кыскартылышы чоң резонанс жаратууда.)Тергөө бардык кылмыш иштерге бирдей мамиле жасаган жок. Кыйыр көрсөтмөлөр менен кээ бир иштер соттун кароосуна ашырылууда. ( мисалы, экс- министр Р.Сабировдун кылмыш иши). Ал эми кээ бир кылмыш иштер ар тараптан толук иликтелип бардык жагдайлар аныкталбай туруп, шашылыш түрдө өндүрүштөн кыскартылып жатат.

Депутаттык комиссия А.Юсупов, Д. Оморов жана А. Шергазиев тараткан талап-тоноочулук фактысы боюнча маалыматты иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча төмөндөгүдөй тыянакка келди:

1.Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Болот Шер,Турат Мадылбеков, Райкан Төлөгөновдун айыпкерлер Абдулла Юсупов, Дастан Оморов жана Азамат Шергазиевдер менен тааныштыгы жана байланышы болгон. 2010-жылдын 7-10-апрелинде Бишкеке шаарында жайгашкан Бакиевдердин жана башкалардын мүлкүн талап-тоноодо А.Юсупов башында турган топту пайдаланышкан.

2. Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Болот Шер 2010-жылдын 7-10-апрелинде Бишкек шаарында Бакиевдердин жана башкалардын мүлкүн талап-тоноого түздөн-түз катыштыгы аныкталган жок. Бирок, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча алардын кыйыр катыштыгы бар.Себеби, Ө.Текебаев убактылуу Өкмөттүн мүчөсү,Болот Шер- ички иштер министри катары болуп жаткан окуялар жөнүндө маалыматтары болгон.Алар Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү катары моралдык жана саясый жоопкерчилиги болуш керек.

Ал эми Турат Мадылбеков, Райкан Төлөгөнов, баласы Муса Төлөгөнов 2010-жылдын 7-10-апрелинде Бишкек шаарында Бакиевдердин жана башкалардын мүлкүн талап-тоноого катыштыгы бар экендиги Башкы прокуратуранын өкүлүнүн билдирүүсү, көрсөтмөлөр, телефондук сүйлөшүүлөр жана мурунку ички иштер министри З.Рысалиевдин көрсөтмөлөрү боюнча А.Юсупов, Д. Оморов жана А. Шергазиевдер берген маалыматтардынкээ биринде чындык бар экендиги аныкталат.

3. Ал эми Р.Төлөгөнов талап- тоноочулука А.Юсуповдун жана башка топторго жетекчилик кылгандыгы аныкталгандыгына карабай, укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иш толук көлөмдө тергелбей,өндүрүштөн кыскартылгандыгы коомдо бийликке ар кандай ишенбөөчүлүктү жаратууда.

4.А.Юсупов, Д. Оморов жана А. Шергазиев ачык айтып чыгышкандыгынын себеби, Р.Төлөгөнов убада боюнча беребиз деген акча, үй жана кызматтарды бербей алдап кетишкен жана ар кандай жардамдарды беребиз деген убадасын аткарбай койгон, алар камактагы боюнча калышкан.

5. Укук коргоо органдары тарабынан 2010-жылдын 7-10 –апрелинде болгон талап-тоноочулук боюнча Мыйзам бир болгон менен Мыйзамга болгон мамилеар кандай болууда. Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан 2010-жылдын 7-10 апрелдеги Бишкек шаарында Бакиевдердин жана ага жакын деген адамдардын мүлкүн талап -тоноочулукка Ата Мекен партиясынын айрым мүчөлөрүнүнтийешеси бар же жок экендигин териштирүү жөнүндө козголгон кылмыш ишинин кыскартылышынын Мыйзамдуулугун карап чыгуу үчүн Башкы прокуратурага сунуш келтирүү керек.

Жогорудагылардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө мыйзамынын 109-беренесинин негизинде,Комиссия сунуш кылат:

1.Комиссиянын корутундусун бекитүүнү.

2. Комиссиянын корутундусун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына жайгаштырууну жана Эркин Тоо гезитине жарыялоону.

3.Бул маселе боюнчатоктомдун долбоорун талкуулап, атайын чечим кабыл алууну.

Комиссиянын төрагасы: К.Э.Осмонов

Комиссиянын мүчөлөрү:

Н.А.Нарматова- «Ата Журт» депутаттык фракциясынан;

З.С.Жоошбеков

Б.С.Кадыров-КСДП депутаттык фракциясынан;

А.Артыков

К.Ж.Рыспаев-« Ар Намыс» депутаттык фракциясынан;

А.Г.Бекматов

К.С.Бокоев-«Республика» депутаттык фракциясынан;

Б.Калмаматов

Н.В.Никитенко-«Ата Мекен» депутаттык фракциясынан.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×