Добавить статью
7:24, 23 ноября 2012 5196

Жеңилгендер БорШайКомго!

Ата журт» партиясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков менен «Республиканын» жетекчиси Өмүрбек Бабановдун тандем түзгөн имиши тегин жерден айтылбаптыр. Анткени, экөөсү Бишкек шаардык кеңешинин жарышында жеңилүү ызасын тартса БШКнын (борбордук шайлоо комиссиясы) алдында үлкөн митинг уюштурууну пландоодо. Акматбек мырза партиялаштары Жыргалбек Саматов менен Өмүрбек Бакировго жоон билек балдардан көбүрөөк топтоону буйрук кылды дейт. Себеби түшүнүктүү, кырдаал курчуп кетсе «желдеттерди» пайдаланып, Камчыбек Ташиевдин 3-октябрдагыдай жоругун кайталагылары келген өңдөнөт.

Саясат – саясаты менен, шайлоо өтөт-кетет. Бирок, элибиздин байгерчиликте жашашы, мамлекетибиздин биримдиги баарынан жогору турарын саясатчы сөрөйлөрүбүз түшүнсө гана! Андыктан, тийиштүү органдар жергиликтүү кеңештердин шайлоосунан кийинки абалды көзөмөлдөөнүн үстүндө катуу иштегендери оң…

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×