Добавить статью
7:28, 23 ноября 2012 7934

Жакында Кыргызстанды кимдер чайпалтышы мүмкүн?

Акыркы учурда өзүн оппозициянын көзүрүмүн деп санаган Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин трибунасынан эл көзүнө бирди айтып, көмүскөдө башкача амалдарды жүргүзүп жаткан кербези. Партиялашы Камчыбек Ташиевдин көлөкөсүндө көпкө жүргөнүнө жаны ачыганбы, ал камалгандан бери Келдибековдун кел-кели келип таскагы чыга баштады.

Ал эми тымызын Ташиев камалганына бир эсе табасы канып, бир эсе «Ата журт» партиясынын эки тизгин бир чылбырын колуна алам деген арам ою ишке ашчуудай болгон. Бирок байкасаңыз оңдуу оппозиция боло албай же позициянын тонун кийе албай, Келдибеков айласыздан ойду-тоону сүйлөп калды. Буга бир мисал: «Ата журттун» 4 депутатынын камалышы бир эле фракциянын эмес, парламенттин кризиси десем жаңылышпайм» деп билдирген пленардык жыйында. Оппозициянын ишенимине кирем деген кыязда 16-октябрда Жалал-Абаддагы элдин митингине да барып катышканга үлгүрдү.

Бир кезде Бабанов баштаган єкмөттү өкүртө сындап анын кызматтан кетишине үлкөн салым кошкон Келдибеков эми аны менен тандем куруп, мандем оюндарды уюуштурууга шымаланып киришип жаткан чагы. 3-октябрдагы Садыр Жапаров тарабынан уюштурулган митингдин чыныгы максаты Ташиевдин талпаңдаганынан улам ачылып калгандан кийин Келдибековдун аргасыз кадамы Бабанов менен биригүү эле дешкендер өлө жаңылат. Ал экөөн бириктирген бир нерсе бар. Ал – бийлик кумары. Анткени, экөө тең бийликтин татымын татып, кумарына канып канбай ээрден шыпырылышты. Эл эмне? Эл булар үчүн оюнчук. Капчыктары калың. Жетпей баратса Максим досунан алышат. Не кылыш керек? Азыркы бийлике такаат бере алган БЛОК болушу зарыл. Өкмөттү сындаган, президентке ичи чыкпаган, апрель окуясына нааразы, каргашалуу июнь окуясынын күнөкөрлөрүн таппаган, сот реформасын жүргүзбөгөн, чек ара маселесин карабаган, ундун кымбатташына көз салбаган, күндүн кургакчыл болушу, Алайдагы малдардын кырылышы, уйлардын оорусу, сел каптоо, кыскасы, санап отурса кагаз түтпөгөн ар кандай себептердин башкы күнөкөрү Бийлик деп санагандардын баарысын, саман топонун бир жерге чогултуп туруп ОППОЗИЦИЯ түзөбүз деген максатта Бабанов менен Келдибековдор ар кандай оппозициялык карлик кыймылдарды бир блокко бириктирүүнүн жолдорун издеп жатышат дейт.

Буларга кимдер кирет? Баары бар. Башында кол бала «КУУРЧАКТАР». Кандай айткан күндө да Бабанов менен Келдибеков Бакиевдин бакма балдары. Аны алар иш жүзүндө далилдеп да коюшту. Бекеринен «Ахмат менен Камчы» Максим менен Жаныштын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө аттары аталбаса керек. Эл арасында Бабанов дагы Максим менен бүгүнкү күнү да кадимкидей «общение» кылаары айтылып келет. Ал Максимдин досторун кызматка көтөрүү менен дагы бир ирээт досчулугун тастыктады. Эми булардын тилеги Бакиевдин батальонун башкы баш кесерлери жок толук курамы менен кайрадан бийликке алып келүү. Муну кантип ишке ашырса болот? Анын бир гана жолу бар. Башмыйзамга өзгөртүү киргизип, аны Элдик Курултай институту менен толуктоо керек. Ошондо гана көздөгөн максат ишке ашышы мүмкүн. Калган учурда эл колдобойт. Митинг деген неме элдин көкөйүнө көк таштай тийип бүткөнүн өздөрү деле жакшы билишет. Бакылдаган Бабанов менен керкейген Келдибековдор Элдик Курултайды бетке кармап акыркы кадамга барып жатышат. Элдик Курултайдын лидерлеринин бири М.Ш.Чолпонбаевди Келдибеков каржыласа, К.Кошалиевди каржылоону Өмүрбек Бабанов өз мойнуна алган. Курултай институту кыргыз эли үчүн жаңылык деле эмес. Бирок курултай болгон доор кайсыл мезгил эле? Ал заман менен бүгүнкү учурду салыштырууга болобу?

Акыркы жылдары курултайлардын маршы бүткүл Кыргызстанды каптап кетип акыры эмне болду? Саяк, сарыбагыш, төлөс, саруу, кушчу, кыскасы, кимдердин гана курултайы болгон жок. Акыры, К. Бакиевдин Ынтымак Курултайынын акыры не менен аяктады? Биз кыргыздар өткөндөн сабак алганды унутуп калдык. Элдик Курултайдын лидерлери камака алынган депутаттардын жакын туугандары менен биригип кырдаалды курчутууну көздөп жатыры. Мындай жагдай Отунбаева менен Дүйшөбаев, Каптагаевдердин тобунун чырагына май тамызат. Алардын негизги максаты – парламентти таркатуу.

Жаңы парламент түзүп алышса ал жаңы өкмөт курайт. Бул жерде Бабанов менен Келдибековдордун ою ОД (Отунбаева, Дүйшөбаевдер) менен бир жерден чыгып отурат. А чындыгында ОКД Акматбек мырза менен Өмүрбек мырзаны эчак эле куурчак кылып алышканын өздөрү түшүнбөй калышкан өңдүү. Кандай айткан күндө да «букабы же уйбу, кыскасы сүт берсе болду да» деген кеп. Ошондой болсо да булар азыркы шайлоодо акчаларына таянып кээ бир өкүлдөрүн ар кайсы партияга киргизүүнүн амалдарын издешүүдө. Ага ОД чоң жардам берет. Андан да кызыгы, Келдибеков Францияга барып, ал жактан АКШнын, Европанын таасирдүү чиновниктери менен жашыруун жолугушуу өткөрүп келгени жөнүндө маалыматтар бар. Бакиевдер менен саламдашканы да айтылууда. Мындай кептер бекер жерден чыкпаса керек. Анткени, АКШ менен Европанын айрым бир мамлекеттерине Кыргызстандын Россияга ыктап баратышы таптакыр жакпайт. Ошондон улам алардын да көздөгөн максаты бар. Бирок Келдибеков да, ОД да, Бабанов да саясый оюндун оюнчугу экенин билишээр бекен? Баса, сотко бермей жок, актансаңар келип актангыла, уккан кулакта не жазык.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×