Добавить статью
12:51, 25 ноября 2012 19332

Жеңишти өзүнө ыйгарып алган “Республика”

Интернет сайттардын биринде кызык жаңылык жарыяланды. Анда «Республика» партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоо кызуу жүрүп аткан маалда, тагырагы, саат төрттөр чамасында жеңишти өзүнө ыйгарган пресс-релиз таркатары баяндалат. Ага ылайык, «Республика» шайлоочулардын 33%ына татып алдыга озуп чыкса, КСДП 12%, «Замандаш-Современник» 4,7%, «Ата журт» 3%, «Ар-намыс» 2,3%, «Ата мекен» 2%, «Ак шумкар» 1,7%, «Мекен ынтымагы» 1,7%, «Бүтүн Кыргызстан 1,5%, «Единство и Развитие» партиясы 0,1% добуш чогултат имиш. Ошондой эле борбор калаа тургундарынын 5,2%ы бир дагы партияга ишеним артпаптыр.

Дагы бир ирет эскерте кетели, бул «Республиканын» өзүнө өзү ыйгарган «жеңиши». Албетте, минтип «кыялданган» деле жакшы. Бирок, орус туугандардын «кыялданган ден соолукка зыян эмес, арийне, пайдасы» жок деген накылы бар эмеспи. Анын сыңарындай, «республикачылар» кыялданса кыялданып аткандыр, андыктан, кыялында болсо да «жеңишке» жеткендерине «бали» дейли.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×