Добавить статью
7:25, 26 ноября 2012 9397

Кыргыз журналисттери, оңолбойлубу?

Убакыттын өтүшү менен кыргыз гезиттеринин деңгээли ушактын деңгээлинен көтөрүлбөй эле, тескерисинче, улам майдаланып, түшүп баратат. Кайсы гезитти ачпа, баары эле “дейт, имиш” деген сөздөрдүн негизинде жазылган, бир дагы фактысы жок макалалар. Президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин кесиптик майрамы менен куттуктаган сөзүндө азыркы журналисттер сөз бакпай калганын айтып, кейип өттү. Бул сөздүн чындыгы бар. Азыр журналисттер жазган сөзү үчүн жоопкерчиликти ойлонбойт. Бирөөнү каралап, шыбаган материалдар кадыресе көрүнүш катары бааланып калды. Журналисттер уялбай эле аны “рекламалык” материал деп атап алганы өкүнүчтүү. Акчасы төлөнсө эле “рекламалык” болуп калат имиш. Анан дагы коомдук ой-пикирди калыптандырууда массалык маалымат каражаттарынын ролунун күчтүүлүгүн билип калган саясатчылар саясаттын ыплас оюндарын дал ушул гезиттер, телеканалдар, интернет сайттар аркылуу жасашууда. Албетте, мындай мүмкүнчүлүктү баары пайдалана албайт, анткени, бул үчүн да чоң-чоң акчаларды коротушуң керек. Биз билгенден Камчыбек Ташиев “Майдан.kg”, Акматбек Келдибековдун “Жаңырык апта” гезиттерин каржылайт. Жакында эле Өмүрбек Бабанов “Де-факто”, “Учур” гезиттерин сатып алды деген кептер айтылды. Ал эми катарга жаңы кошулган “7 плюс” деп аталган гезитти карт бөрү саясатчы Үсөн Сыдыков чыгара баштады.

Айрыкча, азыркы гезиттер кайсы бир саясатчынын, же бир топтун гана кулу болуп, алар айтып берген маалыматтын негизинде макала жазып көнүп алышты. Маалыматты текшерүү деген жашабайт. Такталбаган маалыматты жазып атканын, ал үчүн жоопкерчиликти тартуудан качып, дал ошол “дейт”, “имиш” деген сөздөрдү пайдаланышат. Анткени, жаза тайып маалымат айтылып аткан тарап сотко берип калса, бүтүм чыгарбаган, кайпакталган сөздөрдүн жардамы менен кутулуп кетишет. Тилекке каршы, карапайым эл ал маалыматтарга толугу менен ишенип алышат...

Айрым гезиттер болсо бул санында кимдир бирөөнү сындап жазса, экинчи санында дал ошол адамды мактап жазышат. Бул деле кыргыз гезиттеринде кадыресе көрүнүш. Принцип деген жок. Журналистиканын эл аралык стандарттарын карманган бир дагы гезит жок деп айтсак, аша чапкандык болбойт. Эки тараптын тең пикирин берген калыстыкты мындай коелу, жөнөкөй гана журналисттик, адамдык этикадан тышкаркы макалаларды жазганын көрүп жаның кейийт. Кайсы бир ишмердин, же саясатчынын үйбүлөсүнөн тартып, төшөгүнө чейин киришип кетишет. Бир эле мисал, кайсы бир гезит Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровду “кыз зордуктаган имиш” деп жазып чыкты. Депутат ал гезитти сотко берерин билдиргенде, гезит дагы “чабуулга” өтүп, “биз эми ал окуя боюнча фактыларды издей баштадык” деп жазып чыкканын окуп таң калдым. Жазарын жазып бүткөндөн кийин факты издейт экен. Орой айтканда, кыргыз гезиттеринин деңгээли азырынча ушундай. Азырынча дегенимдин себеби, оңолуп кетсе экен деген үмүтүм бар. Кыргыз журналисттери, өзүбүздүн атыбызды булгап, башкаларга күлкү болбой, оңолбойлубу?! Биздин жазганыбызга жараша коомубуз түзүлүп атканын түшүнсөк, ар бирибиз жоопкерчигибизди сезсек, ошол мамлекетибиздин өнүгүшүнө кошкон салымыбыз болор эле...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×