Добавить статью
11:37, 26 ноября 2012 10302

Өлкөнүн саясий элитасын жакынкы жылдары бандиттик топтор түзүп калат

2012-жылдын 25-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо саясий партиялар Кыргызстан боюнча кээ бир партиялар 100 млн сомдон ашуун акча сарптаса да көпчүлүк эл ишенимине ээ боло албай 10-30 % чейин добуш алышып, коюлган бөгөттөн 500 сомдон 2000 миң сомго чейин берип жатып араң өтүштү.

Эми чачкан акчаларына ачышып шайлоодо аз добуш алган шаарлардын жыйынтыгына макул болбой нааразычылыгын, кайрылууларын, талаптарын коюшууда.

Бул аз келгенсип жергиликтүү шаар башчыларын шайлоо да бир топ көйгөйдүү жаратат. Шаар мээрлерине талапкер болгондор бир добуш үчүн 5-10 миң доллар бербесе өтпөйт.

Мындай шайлоолор менен жергиликтүү бийликтерде коалиция түзүүдө башаламандык жаралат. Тактап айтканда бул система менен Кыргызстан узакка барбайт.

Анткени ушул баш мыйзамга ылайык, Кыргызстанда бийликке келиш үчүн төрт нерсе болушу керек. Биринчиси 200 куралданган бандитин, экинчи салык төлөбөгөн бир топ ишкана, базарың, үчүнчү аткезчилик, наркотрафик менен алектенишиң, төртүнчү саясий партия, Эгерде бул айтылгандар болбосо жөн эле тиричилиңди кылганың оң. Талапкер уурубу, туруубу ага караганда акчасы барбы, жокпу ушул жагы биринчи маселе болуп калды.

Мындай система менен кете турган болсок өлкөнүн «Саясий элитасын, жакынкы жылдары бандиттик топтор» түзүп калат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

29-01-2013
Кайрылуу
31677

13-11-2012
Кембагалдардын акчасы - бюджетке, а байлардыкы шайлоого
37384

29-09-2012
Ө.Бабановтун өкмөтүн жоопкерчиликтен кутулткан Ө.Текебаев менен Ф.Кулов жооп береби?
27032

20-04-2012
Чет мамлекетте жашаган кыргыздардын дилин сактоого, көмөк көрсөтүүгө милдеттүү эмеспиз
11544

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×