Добавить статью
10:25, 27 ноября 2012 17702

Калбыры чыккан «мыйзамдын темир калканы», «Химсинтез» чуусу жана паспорт аферасына аралашкан Куловдун таржымалы

«Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын жар салды. Ал жеке эсептөөлөрү боюнча өзү жетектеген партиянын шаар тургундарынын арасында аброю өсүп баратканын мисал тартат. Кулов ММКнын бирине курган маегинде жүрөгүнөн агылып чыккан сөздөрдү айтыптыр. Мындан эки жыл мурда партиясы Бишкекте 59 миң добуш жыйнаса, азыр өлдүм-талдым дегенде 5000 добушка татыганына генерал алигиче түшүнбөй атыптыр. Ошондой эле анын мэрликке талапкерлигин койгон Суваналиеви да президенттик шайлоодо 6000 добуш чогултканын баса белгилейт. «Акыйкаттык кайда?» деген суроону Феликс Шаршенбаевич кабыргасынан койгону.

Таңгалычтуу, эй! Кулов эски тандемдеши Бакиевдин 2009-жылдын жай мезгилинде калктын 80% добушун алып, арадан тогуз ай өткөн соң Ак үйдөн шампандын тыгынындай атылып чыгып, куулганын эстеген жок. Ал кезде Бакиев президенттик такта отурган кези болчу. Ал эми эки жылдын ичинде атын өчкүр коррупция «мыйзамдын темир калканынын» калбырын чыгарды. Мамлекеттик каттоо кызматында паспорт аферасы мамлекеттик масштабка жетти. Булар Куловдун тескери иштерин ашкерелеген көрүнүштөрдүн элге белгилүү жагы. Баса, айрым саясатчылар чоң чуу жараткан «Калкан» жана «Химсинтез» окуясын көбүрөөк эстей башташты. А Куловдун 2005-жылы акталып чыгышында саясый сүртүм бардыгын божомолдоого толук негиз бар.

Кайран Кулов электораты жүзүн үйрүп, элдин «темир Феликс», «мыйзамдын темир калканы» тууралуу «жөө жомокторго» ишенбей калганын туйбай турат. «Ар-намыс» партиясынын жана анын жетекчилеринин «өзүм дегенде өгүздөй күчү» бардыгын даңазалап, жеке кызыкчылыгын көздөгөнү шаардыктардын жүрөгүн ойготуптур. Ошентип эки жылдын аралыгында «Ар-намыстын» популярдуулугу 10 эсеге төмөндөдү. Мурдагы шайлоодо Кулов калктын орус тилдүү катмарынын кызыкчылыгын коргогондой позицияны тутунганын эскерте кетели. Ал эми парламентте «Ар-намыс» фракциясы дароо орус тилине каршы чыкты. Эмне Кулов партиялаштарынын мындай кубулма жүздүүлүгүне эл маани бербейт деп ойлойбу? Жаңылышат.

Куловго пиар жүрүштөр жардам берген жок. Анын көрсөтмөсүнүн негизинде мэрликти кыялданган, милициянын отставкадагы генералы Суваналиев борбордогу 70 миң жашоочу менен социалдык келишим түзүлгөнүн жарыялады! Ал эми Кулов бул адамдардын баары шайлоо участкаларына келип, добуш бергенине ишенет экен. Акыл-эси жайында адам Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна 100 миңден бир аз ашуун адам келген шартта ушундай билдирүү жасайт беле?

Куловдун сүйүктүү колуктусунун «Ар-намыс» партиясынын тизмесине кошулганын мактап-жактаган рекламалык трюктар суу кечкен жок жана ага эч ким сатылбады. Ал шаардыктар анын аялы канчалык сулуу, акылдуу экенине, кандай депутат болоруна кызыгат деп ишенген. Бирок, бул негедир эч кимдин бүйүрүн кызыткан жок. Ошол «Ар-намыска» салынган 5000 добуш, балким, мына ушундай рекламалык жүрүштөн улам төмөн түшкөндүр. Негизи эле Феликс Шаршенбаевич, биз сизге жаңы «ачылыштарды» жасап жибере электе пенсияга кетүүгө кеңеш бергендей болгон элек.

Айтмакчы, интернет колдонуучуларга кызматтык сунушубуз бар. Өгүнү өлкөбүздөгү белгилүү бизнесмен Дмитрий Дмитриевич Цойдун социалдык түйүндөрдө Кулов жана мамлекеттик каттоо кызматындагы «мураскорлору» туурасында ачылыштарын шөкөттөгөн жазуулары желдей жорткону белгилүү. Анда сөз паспорт мафиясынын тегерегинде жүргөн. Бул жазууну, тилекке каршы, бардык сайттардан алдырып салышты, жөн эмес, администраторлорду сатып алуу аркылуу. Comment.kg сайты бул жазууну жарыялаганга даяр. Биз аны көпкө чейин илип, каалоочулар «Ар-намыстын» неге шайлоодон жыдыганы менен жакындан таанышуусуна шарт түзөбүз. Албетте, Куловдон башкасы шайлоонун жыйынтыгына мындан ары таңгалбашы үчүн…

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×