Добавить статью
12:44, 28 ноября 2012 4365

Бакиевчилер баш кошту, бактылуу болушсун

Айрым маалымат каражаттары Бабанов-Келдибеков-Бекназаров-Мотуев тандеми түзүлгөнүн жазып чыгышкан эле. Журналисттердин тарткан төлгө ташы төп келди. Тагырагы, 1-декабрда спорт ордосунда өтчү оппозициянын жыйынында Өмүрбек Бабанов жетектеген «Республика», Азимбек Бекназаровдун БЭКи, Акматбек Келдибековдун «Ата журту», Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстаны» сыяктуу партиялар «баш кошуп», оппозициялык блок түзүлгөнүн расмий жарыялашмакчы.

Азимбек Анаркуловичти эсептебегенде, аталган партия лидерлеринин көпчүлүгү Бакиевдин кадрлары. Маселен, Өмүрбек Токтогулович экс-ханзаада Максим Бакиев менен бизнесин гүлдөткөнү айтылса, Адахан Кимсанбаевич КурСалиевичтин оң колу болгонун эч ким танбайт. Ал эми Акматбек Келдибеков Бакиевдин тушунда парламенттеги айтылуу «Бригада» тобун башкарып, кожоюнуна каршы чыккан депутаттарды ордуна коюп турган. Кийинчерээк салык тармагын башкарганы маалым.

Кыскасы, бакиевчилер бириккени калды. Кудай сакта-а, буларың Бакиевдин кандуу режимин орнотууну көксөгөндөн сообу деги? Оппозициялык жаңы кыймыл туурасында кийинчерээк кенири кеп кылабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×