Добавить статью
7:35, 15 декабря 2012 48278

Мамтил маселесинде маңкурттуктан арыла албай жатабыз

20 жылдан бери мамлекеттик тилибиз болгон-кыргыз тилин өнүктүрө албай келүүдөбүз. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси жөнүндөгү талаш-тартышта башка улуттар эмес, кыргыз улутундагы айрым маңкурттардын каршы чыгып жатышы өкүнүчтүү. Улуу жазуучубуз, сөз атасы Чыңгыз Айтматов бир кезде каңырыгы түтөгөндөн “маңкурт” – деген сөздү таамай ойлоп тапкан экен. Мына, бүгүн кыргыз болуп туруп, кыргыз тилине каршы чыгып жаткандарга мындан бөлөк сөз айтуу мүмкүн эместей. Жогорку Кеңештеги фракция жетекчилери, спикер жана анын орун басарлары мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө жана ага шарт түзүп берүүчү мыйзамдардын кабыл алынышына каршы сөз сүйлөп жаткан депутаттарды ордунда уяткарып “өчүрүүсү” зарыл. Антпесе, качанга чейин “жаман үйдү коногу бийлейт” болуп жүрө беребиз. Тарыхтан улам 1916-жылдын үркүн эмес эле, улуттук боштондук кыймылы экендигин билдик. А улут эмне үчүн боштондукка карай умтулат? Келечекти көрө билген улуу ата-бабаларыбыз келечек муундары болгон биздин бүгүнкүдөй болуп, өз эне тилин, каада-салтын, үрп адатын жээрип, башка элдин алдында кайырчыдай жүгүнүп калуусунун алдын алуу аракети болгондугу баарына белгилүү. 100 миңден адамдын каны төгүлүп, дагы 100 миңдеген ата-бабаларыбыз кара башын калкалоо үчүн эмес, кыргыздын учугун улоо үчүн мекенин таштап качууга аргасыз болгонун унуттукпу? Бизди өз эне тилине каршы чыксын деп алар боштондук кыймылына чыгышты беле? Эмне, дагы ошондой боштондук кыймылына чыгуу зарылдыгы келип жатабы? Анда кимге каршы чыгабыз? Жогорку Кеңештеги өз эне тилинин өнүгүшүнө шарт түзүүчү мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыгып жаткан маңкурттаргабы? Кечээ телевизордон уялбай айрым депутаттар “бизди массалык маалымат каражаттары элге жек көрсөтүү үчүн жаман жагыбызды гана көрсөтүп жатышат” –деп наалышат. Эмне эне тилине каршы чыгып жаткандарды, же кыргыздын жерин сатууга, элин атууга салым кошкон ошол саясатчыларды колдошубуз керек беле? Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарынан бери депутат болуп отуруп, мамлекеттин өнүгүшү үчүн отуз тыйынчалык да салым кошпой, тескерисинче интригадан башы чыкпай, башаламандык уюштурууну кесипке айландырып алгандарды эмне деши керек эле? Же бири-биринин мүлкүн тоноп, мородерлук кылган саясатчыларды макташыбыз керекпи? Кимдин ким экенин эч кандай мактоо-жамандоосу жок эле эл билет. Кимдин ким экени, кандай интрига уюштуруп, кандай мыйзамга кантип добуш бергенинен эле билинип жатат. Же ошол добуш берүүлөрдү ачыктап койгон массалык маалымат каражаттары күнөөлүүбү?. Ал эми адам укугун коргомуш болгон укук коргоочулар улуттун укугу жогору турабы же жеке адамдын укугу жогору турабы деп ой жүгүрткүлөрү келбейт. Анан “айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” болуп, улут үчүн күйгөндөрдү улут душманы катары көргөзүп жүрө беришет. Бул еврейлердин “бөлүп сал да, башкара бер” –деген ураанын ишке ашып жаткандыгын айгинелейт.

Биздин мамлекеттик тилибиз болгон кыргыз тилинин өнүгүүсү боюнча талкуусуна Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка улуттун өкүлдөрү колдоо гана көрсөтүүсү шарт. Ага каршы пикир билдирүүгө алардын моралдык жан дүйнөсү жол бербейт деп ойлоймун. Анткени кыргыз элинин басып өткөн акыркы 100 жылдык тарыхы, андан берки эгемендүүлүк жылдарындагы мамлекеттик жетекчилердин туура эмес жүргүзгөн саясаты ушул абалга алып келди. Кыргыз элинде улут үчүн күйгөн саясатчылардын пайда болуусу турмуш зарылдыгы деп түшүнүү керек. Ал эми ага каршы чыгып жаткандар эски саясаттын сарпындылары жана ага суугарылган жаштар деп түшүнүүгө мезгил жетти. Ошондуктан мамлекеттик тилдин маселесине келгенде, дагы деле 70 жылдык кулчулук психологиядагы көз караштагы жарандардын жана кыргыз улутун 2-сорт катары көргөн Кыргыз Республикасынын айрым жарандарынын пикирине муюп отура бербей, аларга каршы чыккан муун жана саясатчылар пайда болду. Демек, Жогорку Кеңеште Кыргыз мамлекетинин жана Кыргыз элинин өнүгүүсүнө караганда күнүмдүк саясый аброюн жоготуп алууну жогору койгон коркок, күн карама депутаттарга туруштук берүүчү да күч бар.

Мамлекет дегенде улутту, улут дегенде анын мамлекеттик тили менен чек арасы деп билебиз. Андыктан мына ушул эки жагдайга көңүл бурбаган саясатчылардан арылуу мезгили келип жетти. Эгер “маңкурттар” дейбизби, “киргиздер” дейбизби, мамлекеттик тилибиздин өнүгүүсүнө каршы чыккандарын токтотушпаса, анда дагы бир жолу улуттук боштондук кыймылына чыгууга биригүүгө аргасыз болобуз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×