Добавить статью
2:19, 17 декабря 2012 4277

Хон-2 окуясы кайталандыбы?

Ири ишкер Валерий Хон андагы 1-вице-премьер-министр, мындагы «Республиканын» төрагасы Өмүрбек Бабановдун жигиттеринен өлгүдөй таяк жеп, мунай базасын тарттырып жибергенин билдиргени аргасыздан эске түштү. Себеби, ушундай эле кейиштүү көрүнүш «Республиканын» борбордук штабында кайталанганын көргөндөр узун сабак кеп кылышууда.

Алардын күбүр-шыбырына кулак түрсөк, «Республиканын» туусунун астында Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышкан И.Садыков аттуу жигитти Өмүрбек Токтогулович кан досу Кайсар Абылкасымов менен биргеликте опузалап, мандатын тапшырышын талап кылыптыр. Эгер баш тартса, «сөөгү сөпөт, устуканы упат» болгон жакындарынын жанынан жай алып каларын кыйытканы чын өңдөнөт. Не дегенде, И.Садыков тизме боюнча 5-сапта турганына карабастан депутаттык төш белгиден куру жалак калып, үйүндө томсоруп отурган кези.

«Жаштарды колдойбуз, бандитизмди жоготобуз» деп өкмөт башчылыгын аркалаган кезинде күпүлдөгөн Бабановдун деңгээли ушул болсо, кыргыздар жаш саясатчыларга жыргаган экенбиз да…

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×