Добавить статью
12:16, 17 декабря 2012 11601

Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлүнө кайрылуу жолдоду

Кыргыз Республикасынын президентинин 2012-жылдын 26-январындагы «2012-жылды Үй бүлө тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк» жылы деп жарыялоо жөнүндөгү №17 Жарлыгын аткаруу максатында райондук мамлекеттик администрациясынын 30-мартындагы 2012-жылдын №177 тескемеси кабыл алынып, иш-чаралардын планы бекитилген. Бекитилген иш-чаранын негизинде район аймагындагы жашаган калктын мыкты сапаттарын жандандыруу жана өнүктүрүү, улуттар арасындагы байланыш менен ынтымакты чыңдоо жана алардын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү, ар бир жарандын патриоттук сезимин өстүрүү, айлана-чөйрөбүздүн, көчөлөрдүн, тазалыгын, ирээттүүлүгүн камсыз кылуу, эл арасынан таланттарды, өнөрлүү чыгармачыл адамдарды табуу, ынтымактуу жана үлгүлүү үй бүлөлөрдүн кадыр баркын көтөрүү максатында райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 2012-жылдын 27-июлунда «2012-жыл - үй бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылынын» урматына «Ынтымак, биримдик жана маданият» фестивалын уюштуруу жөнүндөгү №237 тескемеси кабыл алынган. Кабыл алынган тескеменин негизинде фестивалдын жобосу жана райондук комиссиянын курамы бекитилип, «Үлгүлүү айыл», «Үлгүлүү мекеме», «Үлгүлүү көчө», «Үлгүлүү уул келин», «Үлгүлүү үй бүлө», «Мыкты каада салт», «Мыкты аткаруучу» номинациялары боюнча иш-чаралар ар бир айыл аймакта, айылда өткөрүлдү. Фестиваль 2 этап менен райондун баардык айыл өкмөттөрүндө белгиленген график боюнча эстафета иретинде өткөрүлүп берилген. Биринчи этабы боюнча район аймагындагы бардык айыл өкмөттөрүндө жолдун жээктерине бак-дарактарды отургузуу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү боюнча үч айлык жарыяланып, «үлгүлүү үй», «үлгүлүү көчө», «үлгүлүү үй бүлө», «үлгүлүү айыл» номинациялары боюнча мелдештерди уюштуруу менен башталган. Анын натыйжасында төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлдү:

1. Липенка айыл аймагы боюнча - Липенка айылындагы жаңы курулган спорт аянтчасына «Ынтымак» деген ат берилип, фестивалдын алкагында ачылыш аземи уюштурулган. Фестивалдын жүрүү мезгилинде айыл аймакта ишембиликтер уюштурулуп, 64,5км арыктар тазаланган. 1000 түп терек алынып келинип, айылдагы мурунку паркын жаңылатуу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле 100 түп мажурум тал, 20 түп жаңгактын көчөттөрү алынып келип, айыл тургундарына таратылып берилген. Липенка айылынын борбордук көчөсүнө 900 м. жерге штактниктер орнотулуп, сырдоо тиштери жүргүзүлдү. Айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн айланасы иретке келтирилип, маданият үйүнүн алдына скамейкалар орнотулду. Ошондой коомдук профилактикалык борборунун айланасы иретке келтирилип, штакетник орнотулуп сырдалды. Айыл ичиндеги жолдорду ремонттоо иштери жүргүзүлүп, Ичке –Булун айылынын 11км ички жолдоруна кум шагыл төгүлүп, автоунаалардын жүрүүсү үчүн бир кыйла женилдиктерди түздү. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы айыл тургундарына жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери боюнча түшүндүрүүлөр жүргүзүлүп, айыл тургундарынын үйлөрү эшик алдындагы столбаларды жана бак дарактарды актоо иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары 100 таштанды салуучу урналар мектептердин, дүкөндөрдүн, стадиондун жана көл жээгине коюлду. Айылдарга демөөрчүлөр аркылуу 13 жерге таза суу чыгарылды. 49гектарга алма багы отургузулду. Көлмөлөргө 4200 кг майда балыктар кое берилди. Ичке –Булун айылына бир чоң көпүрө салынды. Айыл аймагынын эки жеринде “ГЭС” жана “Садовая” аттуу насостору курулуп бүттү.

1. Светлая Поляна айыл аймагында (менчиктин түрүнө карабастан) мекеме, ишканалар, коомдук уюмдар, партиялар, бирикмелер “Ынтымак,биримдик жана маданият ”фестивалына активдүү катышууга чакырылып, Светлая Поляна – Оргочор трассасында айыл тургундарынын күчү менен тал теректер 1 метрге чейин акталып, 2 метрге чейин теректер буталды, куурайлар тазаланды. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150 000 сом бөлүнүп, Светлая Поляна жана Чоң Кызыл-Суу айылдарынын жолдоруна 278 рейс кум шагыл төгүлүп, жолдор түздөлдү. Манас көчөсүндөгү эски көпүрөнүн жанына кошумча көпүрө салынып, оңдолду. Дагы кошума эки көчөгө эки көпүрө салынды.

2. Кызыл-Суу айыл аймагы – Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк, Кирпичный-Пристань айылдарында фестивалга даярдык көрүү максатында тазалоо иштери жүргүзүлүп, 100м3 таштанды чыгарылды. Жалгыз –Өрүк айылынын ички жолдоруна 3 рейс менен, Кызыл-Суу айылынын ички жолдоруно 8 рейс кум шагыл ташылып төгүлүп оңдолду. 120кг акташ сатылып алынып, актоо иштери жүргүзүлдү. 200 метр арыктар жана 3 көпүрө оңдолду.

3. Саруу айыл аймагы - айылдын ички жолдорун оңдоо үчүн 46 машина шагыл төгүлдү. Столбалар акталып, ага 8000 сом сарпталды. 200 түп көчөт тигилди. 100 метр штакетник орнотулду. 8 тонна таштанды чыгарылды.

4. Даркан айыл аймагы - Фестивал өткөрүү үчүн сентябрь, октябрь айларында айылдын көчөлөрү тазаланды, санитардык абалы жакшырды. Айыл ичиндеги борбордук көчөсүндө 250-300м жердеги штакетниктер оңдолду жана столбалар акталды. Айылдын кире бериш жериндеги дөңчөлөргө улуттук орнаменттер таштан жасалып, ар түрдүү боёктор менен кооздолду. Ар бир үй-бүлөө өз үйүнүн тегерегин жыл ичи таза кармап, тегерегине көчөсүнүн тазалыгына жоопкерчиликтүү мамиле жасашмай болушту. Үйлөрдөн чыккан таштандылар айылдын четине алып барып өрттөлдү, баардыгы болжол менен 12-13 тонна таштанды, көчөгө төгүлгөн 40-45 тонна кык чыгарылды. 95% үйдүн сырты акталды, 1,500км жердин каналдары тазаланды.

5. Ак-Дөбө айыл аймагы - Тилекмат айылынын ички жолдоруна 4,5 км шагыл төгүлдү, 103 миң сомго көпүрө салынды. Негизги трассанын жол жээктериндеги бактар акталды 10 км, 137миң сомго. Ак-Дөбө айылындагы мектептин тегерегиндеги кашалар сырдалды 17 миң сомго. Көл жээгине кеткен жолго 37 машина шагыл төгүлдү 65 миң сомго.

6. Барскоон айыл аймагы – 2 км айыл ичиндеги жолдорго кум шагыл төгүлдү, борбордук көчөдөгү 200 столбалар, 60% үйлөр акталды, 10 үйгө таза суу тартылып берилди. 4 тонна таштанды чыгарылды. Айыл ичиндеги кээ бир баткактуу жолдорго кум төгүлүп, түздөтүлдү.

7. Жаргылчак айыл аймагы- мамлекеттик трассанын 28км жол жээгиндеги чөптөр чабылып, грейдер менен сүрдүрдү. 4 айылдагы 5 мектеп, 4 ФАП, 4 клуб, китепкана, айыл өкмөтүнүн имараты ж.б. мекемелердин тегереги тазаланып, акталып, сырдалып, гүлдөр отургузулду. 80% үйлөрдүн сырты акталып, сырдалды.18 км ички жолдорго шагыл төгүлдү. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы баардык мекеме ишканалар менен бирдикте аймактарды таштандылардан тазалап, гүл отургузулуп, көрктөндүрүү иштери жүрдү жана ар бир ишкана мекемелер жайгашкан көчөлөрүнө тазалык иштерин жүргүзүп туруш үчүн көзөмөлгө алышты. Айыл аймагынан өтүүчү 28км жол трассасынын жээгиндеги куурайлар чабылып, авто грейдер менен жолдун жээктери түртүлүп, таштандылар тазаланып, электр-телефон столбалары акталды. Айрым көчөлөргө шагыл төгүлүп, 2500 метр аралыкта чуңкур жерлерге түзөтүү иштери жүрдү. Көчөлөргө 33 даана көпүрөлөр салынды. Мындан тышкары ар бир үй-бүлөө өзүлөрүнүн жер участокторун тазалап, 3500 түп бак-дарактарын бутап актап кашааларын тартипке келтирип ремонттошту. Ошондой эле айылдар боюнча 90% үйлөр акталып ,сырдалып оңдоп түзөлдү. Айыл аймагы боюнча ишкерлер тарабынан 25000 түп абрикос ,500 түп алма жана 1500 түп алмурут көчөттөрү өстүрүлүп, орточо 120 сомдон бааланып сатылды. Айыл өкмөтүндө 9040 түп бак дарактар жана мөмө-жемиштер көчөттөрү тигилди. Ак-Терек айылынын борбордук көчөсүнө түнкү жарык берүүчү электр фонарлары орнотулду.

8. Ырдык айыл аймагы - 250 метр штакетник орнотулду, 2,5 км ички жолдорго шагыл төгүлдү, 80% үйлөр акталды, 42 тонна мусор чыгарылды.

9. Оргочор айыл аймагы - 2,20 км ички жолдорго шагыл төгүлдү. 33 км ички арыктар тазаланды.70% үйлөр акталды.

Фестивалдын экинчи этабында маданият аркылуу улуттар арасындагы биримдикти, ынтымакты чыңдоо, улуттук каада салттарды, спорт оюндарын, кол өнөрчүлүк, сүрөт галереясын уюштуруу жана аларды көркөм чыгармалар менен даңазалоо айылдык китепканаларда, мектептерде , бала бакчаларда иш чаралар кабыл алынып, үй бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына байланыштуу материалдарды чагылдырган стенддер орнотулуп, көргөзмө бурчтар уюштурулду. Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында маданият кызматкерлеринин даярдыгы менен Ырдык айыл аймагындагы Жон- Булак айылында “Достук жазы” ыр кесе кароо-сынагы ийгиликтүү өткөрүлдү. Март айында айыл аймактары боюнча аялдардын үй бүлөдөгү ролун даңазалоо үчүн ушул учурдагы ишкер, эмгекчил, үй бүлө баккан аялдардын гендердик теңчилиги тууралуу, ичкилик менен күрөшүү, кыз ала качууну токтотуу, турмуштагы терс көрүнүштөрдү, зыяндуу үрп-адаттардын турмуштагы терс таасири жөнүндө түшүндүрүү иштери кеңири талкууланды. Оргочор айылындагы «К.Жетимишбаев» атындагы мекен-таануу музейинде «Үй -бүлө тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк» жылына байланышкан материалдарды чагылдырган стенддер жана көргөзмөлөр даярдалып бурч уюштурулган. Мектеп окуучуларынын арасында “Үй бүлөө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк Жылы” деген темада ар түрдүү стенгазеталар, сүрөт конкурстары өткөрүлдү.

Мындан сырткары райондун аймагындагы он айыл өкмөттөрүнүн тургундарына Мар Байжиевдин «Он эки күн» комедиясы жана чоң программадагы концерт көрсөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата « Жакшы үй -бүлөө дөөлөт» кароо сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилген. 2012-жылдын 18-августунда Кичи-Жаргылчак айылдык клубунда «Үй-бүлө тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк» жылына карата маданият кызматкерлеринин арасында «Салт санааңды ыйык тутуп, эне тилиң унутпа»-деген темада маданият кызматкерлеринин арасында көрсөтмөлүү семинар кеңешме өткөрүлдү. Кызыл-Суу балдар музыкалык мектебинде «Тынчтык үй -бүлөдөн башталат» - темасында ачык сабактар тегерек столдор уюштурулуп, келгендерге музыкалык мектептин окуучуларынын күчү менен даярдалган концерттик программа көрсөтүлдү.

«2012-жыл үй-бүлө, тынчтык жана кечиримдүүлүк» жылына карата Саруу айылында «Эне ыйык- эне кымбат баарынан» деген ураандын алдында «Үлгүлүү жана ыймандуу келин» аттуу келиндердин кароо- сынагы өткөрүлдү.

Сынакка 8 келин катышып, кыргыз элинин кыз узатуу, келин алуу, тушоо кесүү, бешик той сыяктуу каада - салттарынан, элдик ырлардан жана бийлеринен аткарып, макал-лакап айтышуу боюнча да өз өнөрлөрүн көрсөтүштү Улуттук тамак- аш жасоо менен бирге өзүлөрүнүн кол өнөрчүлүк чеберчиликтерин дагы жогорку деңгээлде көрсөтө алышты.

Келиндер кароо-сынагында номинациялар боюнча төмөнкү келиндер жеңишке ээболушуп, баалуу белектер менен сыйланышкан:

1. Ажарлуу келин Абдиева Шаршекан

2. Акылдуу келин Ысмаилова Астра

3. Кут келин Чебутова Айнура

4. Берекелүү келин Асекова Жайнагүл

5. Уз келин Эралиева Альбина

6. Төп келишкен келин Муканбетова Чолпон

7. Сүйкүмдүү келин Эрмекулова Айзат

8. Супер келинчек Мамбетакунова Айнура

“2012-жылды Үй бүлө тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк” жылына карата райондук “Жети-Өгүз жаңылыгы” газетасына рубрикалар ачылган. Мисалы, газетанын 6-мартындагы №4-санына “Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылында тазаланып, арууланалы” деген редакциялык материал, газетанын 17-мартындагы №5 санына газета окурмандардын ой толгоолору, газетанын 12-апрелдеги №7 –санына редакциялык материал,7-августундагы №14 санына А.Аденованын “Элибиздин ынтымагынын жылы болсун” деген макаласы, ошондой эле “Сапарда ынтымак, биримдик жана маданият фестивалы” деген редакциялык материал ж.б. материалдар жарыяланды.

Фестивалга “Финка” микро кредиттик компаниясы, “РСК”, “Залкар”, Юникридит банктын областтык өкүлчүлүктөрү жана Кумтор Операйтенг Компании ишканасы 100.0 (жүз) мин сом акча каражаты демөөрчүлүк кылышып, фестивал жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×