Добавить статью
8:27, 20 декабря 2012 20557

Кыз уурдоону токтотпосок, Кыргызстан өнүкпөйт (аскер окуу жайынын курсантынын сөзү)

Жакында аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күн (25-ноябрдан 10-декабрга чейин) кампаниясынын алкагында биздин өлкөнүн бардык аймактарында ар кандай иш-чаралар болуп өттү. Ошолордун бири Аялдарды колдоо борборунун» кызматкерлери тарабынан К.үсөнбеков атындагы аскер институтунун курсанттары жана Кыргызстандагы Ыслам университетинин студенттери арасындагы семинарлар болду. Жалпысынан бул семинарга аталган окуу жайларындагы билим алып жаткан 347 уландар катышты.

Иш -чара учурунда жаштарга адам укуктары, анын ичинде аял укуктары жаатындагы эл аралык жана улуттук мыйзамдар тууралуу маалыматтар берилди. Аялдарга карата зомбулук түшүнүгү, анын бүгүнкү күндөгү улам күчөп бараткандыгы, айрыкча кыз уурдоо зомбулугу кеңири талкууга алынды. Студенттердин катышуусу менен кыз уурдоо көрүнүшү ролдук оюн катары уюштурулду. Семинар соңунда алардын ичинен 186 студент-жигиттер кыздарды уурдоону канип токтоуу керек деген маселе боюнча Кыргызстан элине жазуу түрүндө өздөрүнүн кайрылуусун беришкен

Мына ушул чын дилден жазылган конверт ичиндеги ой-сунуштарды окуп чыгып, алардын негизинде ушул макала жазылды.

Кайрылуу мазмууну боюнча негизинен 3 багыттагы пикирлерди, сунуштарды камтыган. Биринчиси – кыз уурдоону токтотуу керек, бул-кылмыш, мындай кылмышка баргандарды жазалоону да күчөтүү зарыл деген пикирди айткандар. Булар курсанттар арасында 50%ды, ал эми Ыслам университетинин студенттери арасында болгону 6,1%ды түзгөн.

Менин атам менен апам да ала качуу жолу менен баш кошушкан. Азыркы учурда ажырашып кетишкен. Менин айтаарым эч ким мындай жолго барбасын. Чоң энем: сен да атаңа окшоп ала качып келсең өзүңдү да, аялыңды да үйдөн айдап жиберем дейт.

Менин сүйлөшкөн кызымды ала качып кетишкен. Артынан барсам кеч болуп калыптыр, аны отургузуп коюшуптур. Кыздардын сүйүүсүнө балта чапкан балдарды 155 –статья менен 5-7 жылга эмес, 10-15 жылга деле кестирсе туура болот.

«Менин ата-энем бул кызды ала качып кел десе да андай жолго барбаймын, колуман келсе өзүм сүйүп, сүйлөшкөн кызды алам» (аскер окуу жайынын курсанты)

« Мен азыр эле кызды зомбулук менен уурдаганды сүрөттөгөн оюнда кыздын ролун аткардым. Абдан ыза болдум, кордукту сездим. Мен ала качууга абдан каршымын, бул-зомбулук!» ( аскер окуу жайынын курсанты)

Бирок семинарга катышкан ыслам университетинин студенттеринин көпчүлүгү (62%) ала качуунун, дегеле аялга карата зомбулуктун эң негизги себеби динсиздик деген пикирди айтышкан. Ала качууга кыздар өзү күнөөлүү, алар кыска кийимдерди кийип, бейадеп жүрүм-туруму жана жигиттерди тоотпой койгондугу, же сенин үйүң, машинең жок дегендери, же болбосо ала качкан жерде каршылык көрсөтпөй отуруп калгандыгы буга себеп болот, кыздардын өзү менен да иштөө керек, аларды тарбиялоо зарыл дегендер курсанттар арасында 34%ды, ал эми ыслам университетинин студенттери арасында 13%ды түзгөн.

Мындан тышкары студенттердин калган бөлүгү үйлөнүүнүн башка ылайыктуу жолун табуу керек (уялчаактар эмне кылат, ала качпаса, жигиттердин көбү бойдок болуп калбайбы), дин да, мыйзам да бул багытта чогуу иштеши керек, кедейликтин айынан жигиттер ушуга барат, ата-эненини пикири, ыраазычылыгы, ата-эне, кыздар менен да иштөө керек, анткени көп ата-эне кыздарды отур деп коет деген сыяктуу ойлорун жана сунуштарын билдиришкен.

Биз пикирин билген жаштар 18ден 25ке чейинкилер, тактап айтканда үйбүлө курууга камынып жаткандар. Алар өздөрүнүн иш-аракеттери менен кыз уурдоо көйгөйүн азайтуучулар, ошол эле учурда көбөйтүүчүлөр да болуп саналат. Булардын пикири, Кыргызстандын жаш жигиттеринин жалпы пикирин кайсы бир деңгээлде чагылдырып турат. Буга негиз бар, анткени алардын дээрлик көпчүлүгү айылдык жигиттер, кыргыздар.

Жаш жигиттердин пикирине таянсак, тилекке каршы алардын арасында кыздарды зомбулук менен уурдап кетүүнү актагандар, аны ар кайсы себептерге шылтоологондордун да арбын экени байкалды. Мисалы, ыслам университетинин студенттеринин көпчүлүгү ала качууну динди тутпагандык, кыздардын ыймансыздыгы менен байланыштырышат.

«Азыркы учурда аялдардын кадыр-баркы калбаган, урмат-сыйдан куру калган, анткени алар ысламдан алыстап кетишкен. Эгер ыслам эрежелерин билсек бирөөнүн кызын уурдамак турсун колуңду тийгизе алмак эмессиң.Эгер аялдар ысламдын буйруктарын карманса, хиджабын кийсе эч ким уурдай албайт» (Ыслам университетинин студенти)

Ал эми КР Куралдуу Күчтөрүнүн аскер институтунун студенттеринин 34% (41 студент) буга кыздар өзү күнөөлүү деп айтышат. Тактап айтканда, кыздар бой көтөрүшөт, сырт келбети сулуу эмес жигиттерди, акчасы, дүйнө мүлкү жокторду тоотушпайт, зомбулук менен ала качышса да каршылык көрсөтпөй отуруп калышат, тамеки тартып, кыска юбка кийип түнкүсүн да көчөлөрдө жүрүп, жигиттерди ала качууга өздөрү түртөт дейт. Кыскасы, кыздар менен да бул маселеде иштешкиле, бул жерде жигиттер эле күнөөлүү эмес дегендей пикирлерди айтышкан. Бул сунуштар кыз уурдоочулар дагы эле болсо көп болоорун каңкуулап турат. Төмөндө курсанттардын типтүү мүнөзгө ээ болгон(бир нече ирет кайталанган) пикирлерин келтиребиз:

«Ала качуу туура эмес, бирок бүгүнкү жашоо-шарт ошого алып баратат.Азыр кыздар менен таанышсаң эле үйүң, машинең барбы деп сурайт, жок десең көңүлү чөгүп, маанайы пас болуп калат. Эгер бар десең: «мени ала качып кет, ата-энеме өзүм айтам, алар мени отургузушат» дейт» - (Аскер институтунун курсанты).

«Ала качуу туура эмес, бирок кыздар өздөрүн эркекке теңебей,эркектерден өөдө сезишип, аны карабаса эркектин да намысы бар да, туурабы? Намысына чыдабай анан кызды уурдайт.Эркек: « мен деген баарынан сулуусун алам» деп калат да…» (аскер окуу жайынын курсанты).

«Кыргыздын кыздарынын эч качан эркекке теңелем деген ою болбош керек. Баари бир үйдү эркектер башкарыш керек деп ойлоймун» (Аскер окуу жайынын курсанты)

«Кыздар, бир жигитти алдап, экинчиси менен сүйлөшпөсөңөр, эки жигит бири бирин байкап калса сөзсүз ала качуу болот» (Аскер окуу жайынын курсанты)

«Кыргызстан кыздарына: кыздар өзүңөрдү жакшы алып жүрүшүңөрдү каалайбыз, биз жигиттер жинди эмеспиз да силерди ала качкандай.Мен мекенимди коргогон соң, силерди да коргоймун. Намаз окуп, кудайга ишенип жакшы жүрсөңөр, силерге ким тийишмек эле.Силер өзүңөр кыска юбка кийип, тамеки чегип,арак ичип жана башка нерселер менен эркек адамды кызыктырып…» (Аскер окуу жайынын курсанты)

«Эгер мен кыз алып качып келсем, аны бактылуу кылууга милдеттүүмүн, анткени менин да эже, карындаштарым бар…»(Аскер окуу жайынын курсанты)

«…үйлөнө турган жигит сырткы көрүнүшү жаман болсо, ал үйлөнө турган куракта болсо, эч бир кыз аны жакпайт деп тийбей койсо, анда эмне кылат, айласы жок ала качат…» (аскер окуу жайынын студенти)

«Ала качуу - менин оюмча бул салт, муну такыр токтотууга болбойт, кыздарды уурдаганда жигиттер эле эмес, кыздардын ата-энеси да күнөөлүү, алар кыздарын зордоп отургузуп коюшат, намыстанышат» (Аскер окуу жайынын курсанты)

«Кыздар менен балдарды тааныштырчу, табыштырчу уюм ачылса, ала качуу болбой калат деп ойлоймун»(Аскер окуу жайынын курсанты)

Кыз ала качууну токтотуу кыйын деп ойлоймун, себеби той берип үйлөнсөң кыз бергенге да, келин алганга да оор. Андан көрө ала качып келсең баары жеңил болот» (Аскер окуу жайынын студенти)

Ата-энелер да бул маселеде чоң роль ойнойт, алар менен да иштөө керек, ошондой эле мамлекет жана дин да биргелешип бул көйгөй менен күрөшүшү керек деген пикирди ыслам университетинин 10 студенти билдирген.

«Аялдарга карата зомбулук болбош үчүн ата-эне уулуна акылына кирген күндөн баштап эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Биздин бийлик да кыз уурдоого каршы мыйзам чегинде катуу жаза колдонсо, балким кылмыш токтойт» (Ыслам университетинин студенти)

Ата-эненин тарбиясы керек.Алар динди да, мыйзамды билиши зарыл. Жуучу түшүп барганда бай-кедей деп теңсинбей койгондор бар, ошол учурда балдар жини келип зомбулукка барышат» (Ыслам университетинин студенти)

Бүгүн же эртең турмуш курам деп жаткан жаш жигиттердин пикирлеринин баарын талдаган соң төмөнкүдөй жыйынтык чыгара алдык:

Бизге пикирин билдирген жаштардын теңи кыз уурдоону кылмыш деп түшүнөт жана ага барбоого бардык жарандарды чакырат

Кыздарды зомбулук менен уурдоо жакын арада токтобойт, анткени жаш жигиттердин теңи бул зомбулуктун болушун ар кандай социалдык-экономикалык, моралдык жана этикалык мотивдер менен актап жана шарттап жатышат:

Негизинен ата-энелер кыз уурдоого каршы эмес, аларга кызынын кандай жол менен болсо да барган жери жакшы болуп, орун-очок алганы туура, аларга кызынын бактысына караганда өздөрүнүн намысы бийигирээк.

Жигиттердин ою боюнча кыз уурдоону болтурбай коюш үчүн алардын эркиндигин, укуктарын чектөө зарыл. Алар эркектерге теңелбеш керек, кыска юбка кийбеш керек дагы ж.б, у.с.

Диний эрежелерди бекем тутуу гана аялга карата бардык зомбулуктан куткарат деген көз караш да жаштар арасында жайылган

Бул азыноолак пикирлерди билүү бизге кыз уурдоо көйгөйүн чечүү жолунда аз да болсо айрым ишмердиктердин багыттарын тактоого жана аныктоого мүмкүндүк берип отурат. Бул проблеманын тегерегинде айтылган пикирлердин көп түрдүүлүгү да кыз уурдоо көйгөйүнүн тереңдигин, оордугун жана татаалдыгын дагы бир жолу ырастады.

Ошондуктан, бул көйгөй менен күрөшүүдө мезгил-мезгили менен болгон кампаниялар менен гана чектелбестен, мамлекеттик деңгээлдеги системалуу мүнөздөгү иш-чараларды тынбай жүргүзүү зарыл. 16 күн эмес, айлап, жылдап созулган кампанияларды уюштуруу абзел. Буга бейөкмөт уюмдар гана эмес, мамлекеттик структуралар, жергиликтүү бийлик, жамааттар, мектептер, жогорку жана кесиптик орто окуу жайлары,ММКлар жарандык активдүү позициясын көрсөтүшү керек.

Кызды уурдагандыгы үчүн мыйзам чегинде жазалоону күчөтүү, укук коргоо органдарынын кыз уурдоо көрүнүшүнө карата көңүл буруусун, ошол эле учурда жабырлануучулардын да өз укуктарын коргоо багытында кайдыгер болбоосун камсыздоо

Биздин менталитетке ылайык жаштардын жар тандап, бүлө куруусунда ата-энелер чоң роль ойнойт. Алардын пикири, берген батасы, колдоосу жаш үйбүлөнүн андан аркы тагдырында чоң мааниге ээ. Ошондуктан, ата-энелер арасында да кыздарды зомбулук менен уурдаган көрүнүшкө каршы мыйзамдык жана моралдык жактан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

үйбүлө баалуулуктарын даңазалаган теле-радиоберүүлөрдү тынбай уюштуруу үйбүлө куруу жоопкерчилигин жаштар арасында күчөтүү үчүн өбөлгө болот.

Турмуш жолуна аттанууда турган жаштарга жардам берүүнүн заманбап стандарттарына (мыйзамдык да, моралдык да жактан төп келген) өтүү эчак эле бышып жетилди. Тактап айтканда турмуш курууга умтулган кыздарды жана жигиттерди тааныштырып, табыштыра турган атайын, расмий десек да болот, уюм же мекеме ачуу да мезгил талабы болуп отурат. Мындай мекеменин кызматынан жарандар эч кандай уялбай-этпей пайдалана ала тургандай шарт түзүп, ал мекеменин кадыр- баркын көтөрүү зарыл

Кыз уурдоо – романтика эмес, ал эбак эле кадимки адам уурдоого айланып калган. Анын арты өлүм менен аяктаган учурлар акыркы маалда көбөйүп жатат. Коомчулук, жамы журт буга каршы түп көтөрүлчү мезгил келди деп ойлойбуз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×