Добавить статью
11:42, 10 января 2013 14620

“Камбарата-1 ГЭСинин жана Жогорку–Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын курулушунун боюнча кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаевге

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Жээнбековго

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына

Кыргыз Республикасынын массалык-маалымдоо каражаттарына

КАЙРЫЛУУ

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан кол коюлган “Камбарата-1 ГЭСинин жана Жогорку–Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын курулушунун жана иштеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу маселе каралып жатат.

Мен көрсөтүлгөн объектилердин курулушунун долбоорлорун колдоймун, бирок менин оюмча, ал Макулдашууларды түзүүдө Кыргызстандын төмөндөгү белгиленген кызыкчылыктары жетиштүү эске алынган эмес.

Токтогул ГЭСин курууда, Кыргызстандын Илимдер академиясынын адистеринин эскертүүлөрүнө карабастан жер титирөөлөрдүн мүмкүн болушуна көңүл бурулган эмес, жердин тектоникалык жарылган жерлери эске алынбаган жана бул шарттар Токтогул районунун Толук айылында болгон жер титирөөдө аталган ГЭСтин абалына тескери таасирин тийгизген. Чындыгында, Кыргызстан сейсмикалык активдүүлүк аймагында жайгашкан, жер кыртышында жарылган жерлер бар жана Камбарата-1 ГЭСин, Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары каскадын курууда сеймологдордун, гидротехниктердин, экологдордун, юристтердин жана башка Кыргызстандын гана эмес, ошондой эле Россиянын адистеринин корутундуларын алуукеректигинмакулдашууларды түзүүдө эске алышпаган.

Аталган Макулдашуунун 4, 6-беренелеринен көрүнүп тургандай, долбоорлордо тараптардын уставдык капиталындагы үлүштөрү тең бөлүштүрүлгөн (50%-50%) жана бул жагдайды Тараптар колдоого алган. Россия тарабы акча каражаттарын берет, ал эми Кыргыз тарабы – суу ресурстарын, жер участкаларын жана башка активдерди, анын ичинде Россия тарабынын кошкон салымынын баасына карата теңдештирилген материалдык эмес активдерди колдонуу укугун берет. Мында тартылуучу каражат жылына АКШ доллары менен 2,5%ды түзөт.

Бирок 8-беренеде “Камбарата-1 ГЭС” ЖАКсынын акционерлери каржылоочу уюмга б.а. Россия тарабына өзүнө тиешелүү акчаларга, негизги каражаттар объектилерине укугун күрөө катары өткөрүп бере турган ченем киргизилген. Мында коркунуч бар, анткени саясий жана башка мүмкүн болуучу айрым шарттардан улам алар Россия тарабынын менчигине өтүп кетиши мүмкүн.

9-беренеде директорлор кеңешинин жана башкармалыктын чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алына тургандыгы көрсөтүлгөн (Кыргызстандан – 2 өкүл, Россия тарабынан – 3 өкүл). Ошону менен катар, зайымдык каражаттарды кайтарып берүүнүн мөөнөттөрү учурунда – директорлор кеңешинин төрагасы жана башкармалыктын төрагасы Россия тарабынын ыйгарым укуктуу уюмунун сунуштоосу боюнча шайлана тургандыгы белгиленген, бул Макулдашуунун тең укуктуу эмес болуп калгандыгын күбөлөндүрөт, ал тургай мөөнөтү так көрсөтүлгөн эмес. Андыктан Россия тарабы добуштардын көпчүлүгүнө ээ болуу менен кеңеште жана башкармалыкта бардык маселелерди Кыргыз тарабынын пикирин эске албай туруп өзү чечет дегендик, бул аталган Макулдашуунун 4, 6-беренелерине карама-каршы келет.

Макулдашуунун 7-беренесинин 2-бөлүгүндө, эгерде Макулдашуу күчүнө киргенден тартып 2 жылдын ичинде Кыргыз тарабы долбоорду ишке ашырууга киришпей турган болсо, анда аны ишке ашыруу милдети Россия Тарабына өтө тургандыгы көрсөтүлгөн. Мында Кыргыз тарабына байланыштуу болбогон форс-мажордук шарттар (сейсмикалык, экологиялык жана башка жаратылыш кырсыктары) киргизилиши керек эле.

Макулдашуунун 12-беренесинде, Кыргыз тарабы зайымдык каражаттарды кайтарып берүү мөөнөтүнүн ичинде “Камбарата-1 ГЭСи” ЖАКсын мүлккө салыктан жана жер салыгынан бошотоору белгиленген. Себеби, курулуштардын жүрүшүндө жолдор, анын ичинде жергиликтүү маанидеги жолдор жараксыз абалга келет, экология жана башка ченемдер бузулат – мунун бардыгы акыр-аягы жергиликтүү калктын арасында нааразычылыктарды пайда кылышы мүмкүн болгон региондун тургундарынын жашоо деңгээлине таасир тийгизээри шексиз. Ошондуктан аталган “Камбарата-1 ГЭСи” ЖАКсы долбоорду ишке киргизүү учурунан тартып жер салыгын төлөөгө жана жергиликтүү коомчулукка колдоо көрсөтүүгө тийиш.

Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскады боюнча Кыргызстанда 1953-жылы эле Нарын дарыясында -17 ГЭС куруу пландаштырылган. Азыр бул ишти баштоо мүмкүнчүлүгүнүн пайда болгондугун кубануу менен белгилей кеткибиз келет, бирок бул Макулдашууну түзүүдө мурдагы кемчиликтерге да жол берилген. Ал тургай, макулдашуунун 10-беренесинде Кыргыз тарабы акциялардын жогоруда 4,6 беренелеринде 50%-нын25 пайызын, инвестиция өзүн-өзү актаганга чейин Россия тарабына ишеним башкаруусуна өткөрүп бере тургандыгы белгиленген, мындайча айтканда, Россия тарабы акциялардын 75% ээ болуп, ал эми Кыргыз тарабы 25% ээ болоору белгиленген. О.э. Макулдашууда өзүн-өзү актоо мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес жана бул ченем Макулдашуунун 6-беренесине карама-каршы келүү менен Кыргызстандын кызыкчылыктарын кемсинтүүгө таасир тийгизет.

Жогорудагы айтылгандардын негизинде, урматтуу Алмазбек Шаршенович, Асилбек Шарипович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Макулдашууну ратификациялоодон мурда Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрү эки өлкөнүн кызыкчылыктарын бирдей көздөгөн максаттарына жетмейинче, ратификациялоону токтотуп турууну сунуштайм. Ошону менен бирге сунушумду колдоп коюшуңуздарды Массалык-маалымат каражаттары аркылуу суранам, анткени, алдын ала Сиздерге жөнөткөн сунушум толук кандуу Сиздер тараптан каралган жана колдоого алынган жок. О.э. мамлекеттин жана кыргыз элинин тагдырына түздөн-түз тийиштүү маселе болгондуктан, коомчулук Макулдашуунун негизги оң жана терс максаттарын билүүсү менен бирге коомчулук дагы өз ой-пикирин ачык талкууга алгандан соң, КР Жогорку Кеңеши ушул Макулдашууну ратификациялоого тийиш деп эсептейм.

Урматтоо менен,

Ж.Жолдошова

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×