Добавить статью
8:18, 3 января 2013 25558

Равшан Жээнбеков: 2013-жылга милдеттерибиз жана тапшырмаларыбыз

Бизде, Кыргызстанда, көптөгөн кыйынчылыктар бар: жакырчылык, жумушчу орундары, энергетика, коопсуздук, инвестиция, адилеттүүлүк... санай берсек көпкө созулат.

2012-жыл, өзүнүн көптөгөн кыйынчылыктары жана ийгиликтери менен артта калды.

2013-жыл бизге дагы бир үмүт жаратып, мамлекетибиздин алдында жаңы-эски максаттарды коет. Эгер биз бул жылы, мамлекетибизде, көбүрөөк ийгиликтер, азыраак кыйынчылыктар болсун десек төмөнкү иштерди аткаруубуз зарыл.

Менин көз карашымча, биздин улут, саясатчы, атуул катарында, эң башкы милдетибиз:

Мамлекетти башкарууну кескин жакшыртуу. Бул аябагандай чоң иш, көз караш, ар кандай ресурстар, туура коюлган тапшырмалар.

Ал эми талдап айтсам, биздин алдыбызда, менимче, беш маанилүү тапшырма бар, алар:

1. Чыныгы атаандаштык киргизүү.

2. Коррупция менен системалуу күрөш.

3. Адилеттүү жана күчтүү мамлекеттик институттарды түзүү.

4. Комфорттуу бизнес чөйрө жаратуу.

5. Мамлекеттин граждандарга жана компанияларга көргөзгөн кызматынын сапатын кескин жакшыртуу.

Ушул беш багыт, мен толугу менен көзүм жетет, бизге мурда болуп көрбөгөндөй өнүгүүнү, элдин бийлике болгон ишенимин жана финансы ресурстарын алып келе алат.

Бирок, булардын баары күчтүү саясий эрк, жаңы көз караш (видение), көптөгөн финансы ресурстарын талап кылган реформалар аркылуу келет.

Жыйынтыгы: күчтүү саясий эрки бар, мамлекеттин өнүгүү багыттарын туура көрө алган, реформаларды каржылоо үчүн мамлекеттин ички ресурстарын мобилизация жасай алган жана эл аралык донорлордун колдоосуна ээ болгон мамлекеттик башкаруучулардын командасы зарыл.

Жеңил! Жок аябагандай оор тапшырма...тапшырмалар...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×