Добавить статью
4:31, 9 января 2013 29091

КР аксакалдар кеңеши Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду

Кыргыз Республикасынын аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, коомдук жана саясий ишмерлер Жогорку Кеңештин төрагасы А.Ш.Жээнбековго, КСДП фракциясынын жетекчиси Ч.А.Турсунбековго, «Ар-Намыс» фракциясынын жетекчиси Ф.Ш.Куловго, «Ата-Мекен» фракциясынын жетекчиси Ө.Ч.Текебаевге, «Республика» фракциясынын жетекчиси А.Т.Сулаймановго, «Ата-Журт» фракциясынын жетекчиси М.Ю.Абдылдаевге кайрылуу жолдошту.

Урматтуу Асылбек Шарипович, Урматтуу Фракция жетекчилери

Биз, Кыргыз Республикасынын аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, коомдук жана саясий ишмерлер Сиздерге учурдагы урунттуу маселелердин бири боюнча кайрылып жатабыз. Быйылкы жылдын ноябрь айынын аягында Сиздер тараптан КР Акыйкатчысынын кызмат ордуна сынак жарыялангандан бери бул маселе эл арасында кызуу талкууга алынып келе жатат.

Акыйкатчынын кызмат ордуна 20дан ашык адам талапкерлигин койду деп угуп жатабыз. Биздин түшүнүгүбүзчө, бул орунду көпчүлүк талапкерлер кадимки мамлекеттик кызмат орду деп эсептеп жатышат. Бул катардагы кызмат орду эмес. Бул ишке бийлик менен оппозициянын ортосуна көпүрө боло ала турган, жардам сурагандын үнүн уга ала турган, жесир менен жетимдин абалын түшүнө ала турган, адамдын укуктары менен эркиндигин баарынан жогору койгон адам керек деп ойлойбуз. Албетте, мындай телегейи тегиз адам жок. Бирок талапкерлердин ичинен ошого жакындашкан талапкер катары Турсунбек Акунду көрүп жатабыз. Турсунбек Акун 80-жылдардын аягында КДК түзүлгөндөн бери биз менен аралаш жүрүп, комсомол комитети кызматында, КР Илимдер Академиясында, Айыл чарба институтунда иштебесин дайыма алдыңкылардын катарында жүрдү.

1991-жылы Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын төрагасы болуп шайланган. Он жылдан ашык мөөнөттө Кыргызстанда адам укугун коргоо институтун түптөгөндөрдүн бири. 2005-жылы КР Президентинин алдындагы адам укугу боюнча комиссиясынын төрагасы, 2008-жылдан бери КР Акыйкатчысы болуп эмгектенип келүүдө.

Быйылкы жылы август айында дүйнөнүн 20га жакын өлкөсүнүн Омбудсмендери катышкан «Омбудсмендердин Эл аралык конференциясын» өткөрдү. Ага алыскы өлкөлөрдөн сырткары, Россиянын 16 субъектсинин Омбудсмендери келип катышты.

Конференциянын башталышына Жогорку Кеңештин жыйындар залын берип, Сиздер Акыйкатчы институтунун баркын жогору көтөрдүңүздөр. Биз да бул конференцияга активдүү катышып, күбө болдук.

Турсунбек Акундун талапкерлигин колдоп коюуну Сиздерден өтүнүп жатып, биз анын да айрым кемчиликтерден куру эместигин белгилейбиз. Кыргызда «туурасын айтып тууганга жакпадым» дегендей, Турсунбек Акун көпчүлүк учурда болгонун болгондой айтып коюп жаман көрүнүп жүргөнү бар. Бирок, ичинде арамы жок түз адам.

Сиздерге алдыдагы келе жаткан жаңы жылда иштеги ийгиликтерди, тынчтыкты, ден-соолукту каалап, Турсунбек Акунду шайлоодо кийинки мөөнөткө колдоп коюуну дагы бир ирет суранып кетебиз.

Сиздерди урматтоо менен, Кыргыз Ресиубликасынын Аксакалдар кеңеши: Т.У.Усубалиев, К.А.Акназаров, С.Э.Эралиев, О.Н.Нарбеков, К.Сарымсаков, И.Жусубалиев, К.Бурханбаев, К.Курманбеков, Т.А.Кулумбаев, А.Аракеев, Э.Бегимкулов, А.Насиридинов, Д.Т.Шадыбеков.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×