Добавить статью
4:19, 10 января 2013 20193

Чаткал районунун акими рэкетирби?

Жергиликтүү тургундар Акматбек Таласбай уулунун бүгүнкү күнгө чейин акимдин ордун ээлеп турганына таң калышууда. Себеби, өлкөнүн өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев калайык калк менен жолукканда акимдин иш-аракетин катуу сынга алган эле. Мындан сырткары Акматбек Таласбай уулуна кылмыш иштери козголгондугу тууралуу Чаткал районунда көпчүлүккө маалым. Джалал-Абад облусунун прокуратурасынын маалыматы боюнча, КР Кылмыш жаза кодексинин 304, 166 жана 343-беренеси боюнча иш сотко жөнөтүлгөн.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин аны Чаткал районунун жетекчилигине дайындашкан, ал эми 2012-жылдын 13-апрелинде премьер–министрдин буйрутмасы менен бул кызматкер мурда козголгон кылмыш ишине байланыштуу ээлеген кызматынан убактылуу четтелген болчу. Буга карабастан 25-апрелде Акматбек Таласбай уулу тоо-кен тармагындагы компаниялардын жетекчилерине райондун социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү максатында демөөрчүлүк жардам суранычы менен кат жөнөтөт. Компания ага 100 миң сом бөлүп берсе, аким ал каражатты өзүнүкү кылып алат. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда аны Жалал–Абад шаардык соту караштырууда. Ооруну себеп кылып Акматбек Таласбай уулу сот отурумдарына катышпайт.

Анын мындай иш-аракетин көргөн тургундар башкы прокуратурага, ИИМге, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарына, депутаттарга кайрылышкан. Бирок эч кандай таасир жок. Ал бүгүнкү күңгө чейин аким болуп иштеп келатат. Белгилүү болгондой, анын эжеси Бурулкан Кыргыз Илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевдин аялы болуп, алардын колдоосуна ишенип жатса керек.

2012-жылдын 24-октябрында өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Каныш-Кыядагы эл менен болгон жолугушууда Акматбек Таласбай уулунун ишмердигин сынга алып, «үч жылдын ичинде райондун көйгөлөрүн чечсе болмок» деп ага нааразы экендигин билдирген. Премьер-министрдин сөзүнө караганда, аким эмне менен алек болуп жатканы белгисиз. Жакында Акташ айылынын депутаты Абдубаит Мусабековдун сабалганы белгилүү болду. 22-декабрь күнү Жаңы-Базар айылында депутаттарга мандат тапшыруу аземинде аким менен айыл өкмөтү аны тосуп алып: «төрагалыкка Кудайберди Карабаевди шайлап бересиңер» дегенде Абдубаит каршы чыгыптыр. Эртеси куран окутканы барган жеринен кармап алышып (Жолдошпаев, Карабаевв, Абдрахманов), Карабаевдин машинесине салып кетишиптир. Жаңы Базар айылына кире бергенде аким жана айыл өкмөтү Жолдошбаев жолдон түшүп калышыптыр. Калган экөө аны Токой чарба коругуна алып барып, үйгө киргизип, саат 14.00дөн 19.00гө чейин сабашыптыр. Алар Абдубаитти сабап жатканда «Силер райондун бир да ишин чечпейсиңер, бардыгын биз чечебиз. Керек болсо райондун милициясынын начальниги бутубузга чөгөлөп, биздин ырыбызды ырдайт, УКМКдан да коркпойбуз, кимисине барып даттансаң да баары бир биздики туура болот», - деп айтышыптыр. Эгерде Чаткалдын кызматкерлери эч кимден корпосо, Кудайдын жазасын унутпаса эле болушту.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×