Добавить статью
8:20, 11 января 2013 20001

3-октябрь менен 7-апрелди салыштырган депутаттарга жол болсун

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошеванын акыркы учурдагы 7-апрель революциясынын катышуучуларынын дарегине ыргытып аткан «таштары» алардын кыжырын кайнатып атыптыр. Кечээ эле Жолдошева партиялаш депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдорго кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун айтып, «эгерде алар темир тор артына отура турган болсо, анда 2010-жылдын 7-апрель революциясын жасагандар дагы камалышы керек» деп чыкты. Айрыкча, депутаттын ушул сөзү 7-апрелде жакындарынан айрылгандардын кекиртегине тыгылган сөөктөй болуп жатыптыр.

Жолдошева 3-октябрдагы кесиптештеринин жоругу менен 7-апрелдеги окуяны бир катарга койгонуна жол болсун. 7-апрелде Бакиевдин кандуу бийлигине Кыргызстан бүт бойдон каршы чыгып, эл өзүнүн оюн билдирген. Ал учурда оппозициянын лидерлеринин баары УКМКнын СИЗОсунда жатканы белгилүү. Анда эмне, Жолдошева ошол Кыргызстан үчүн жанын курман кылган жигиттерибиздин сөөгүн алып келип соттогусу келип жатабы? Ошол азаматтарыбыз канын төгүп Бакиевдин бийлигин оодарбаса, Жолдошева бүгүнкүдөй чартаңбай тээп, каалаганындай сүйлөй алат беле?..

Бир окуяны экинчисине салыштырарда Жылдыз эжебиз бир аз ойлонуп сүйлөсө жакшы болот эле.

3-октябрда Кыргызстан боюнча массалык нааразычылык болгон жок, бул биринчиден. Экинчиден, Кудайга шүгүр, кан төгүлгөн жок. Акүйдүн тосмосунан ашып түшкөндөрдүн кылы да кыйшайбады (Ташиевдин көчүгүнө шиш сайылганы болбосо). Анан кантип ушул эки окуяны бир катарга койгондон уялбайт?

Бул «Ата-Журтчулардын» бир туруктуу принцип, позициясы жоктугуна таң каласың. Кечээ эле парламентке жаңы келишкенде Ташиев экөө акыйнек айтышып, Камчыкең «Мен Жолдошева отурганда бул парламентке депутат болбойм, же бул кетет, же мен кетем» деп атты эле. Экөө дагы мандат дегенде жантыгынан жата калат окшойт, кетишпеди. Эми Ташиевди баатыр кылып, коргоп чыгыптыр, баракелде! Жолдошева жөн жерден минтип чыкпасын айтышат билгендер. Анткени, анын ар бир «атакасы» үчүн да чоң акчалар төлөнөт дейт. Мисалы, Ысык-Көлдүн жээгинен Курманжан Датканын атындагы музей комплекс курууну шылтоолоп 24 гектар жерди ээлеген. Анысын Өмүрбек Бабанов премьер кезинде мыйзамдаштырып бергени айтылат. Албетте, «рахматка» эмес. Бабановду колдоп, анын оппоненттерине карата дал ошондой бороон-чапкын «атакалары» үчүн. Бабановдун «Республика» партиясынын тизмеси менен Жолдошеванын баласы шаардык кеңешке депутаттыкка аттанганы да жөн жерден эмес да...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×