Добавить статью
10:20, 11 января 2013 45886

Т.Акун тууралуу Жогорку Кеңешке кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы

Жээнбеков Асылбек Шарипович

Урматтуу Асылбек Шарипович!

Сизден өтүнүч ушул кайрылууну ЖК депутаттарына, фракция жетекчилерине таркатып берүүңүздү суранабыз.

Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары!

Урматтуу фракция жетекчилери!

Сиздерге кайрылып жаткан Чүй облусунун батыш тарабындагы райондордун тургундары, шайлоочуларыңыздар. Биздин төмөндөгү көрсөтүлгөн талаптарыбызды эске алып, шайлоочуларыңызга урмат көрсөтүп, бизди колдоп берет деген чоң үмүттөбүз.

Кыргыз эли эгемендүүлүктүн 20 жылдан ашуун басыпөткөн тарыхый жолунда өтө көп кыйынчылыктарды басып келе жатат. Тар жолдуу, тайгак ашуусу көпөткөөлдөрдөн, туңгуюктардан боору менен жылып, тырмалаңдап алга жылууда. Ушундай кыйчалыш тар заманда канчалаган билип, билбей кетирген кемчиликтер болду. Адам укуктары көрүп көрбөгөндөй абалда тебеленди, ага элөзү күбө. Ал турсун менменсинген чиновниктер, билимдүү, илимдүү адамдарөз укугун коргой албай калган учурлары көп болду. Карапайым адамдар жөнүндө сөз кылбай эле коелу.

Мына ушундай теңсиздик өкүм сүрүп келген заманда Кыргыз Республикасынын «Акыйкатчы» институту өз мезгилинде жарандардын укугун коргоодо көрсөтүп жаткан иштери канаатандыраарлык. Көптөгөн мыйзам бузууларды, каралоолорду акыйкатсыз соттолуп жаткандарды коргоп келе жатат. Акыйкатчылардын «акыйкат» иштеринин жүргүзүп жаткан иштерине эл баа берип, туура, багытта иш жүргүзүп жаткандыгына күбө болуп турабыз.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун 5 жылдык жигердүү кызматында кыргыз эли анын жоопкерчиликти сезе билген инсан, акыйкаттыкты туу туткан кыргыз элинин акыйкатчысы экендигин тааныды. Ал ушул жылдар ичинде көптөгөн алгылыктуу иштерди аткарды, көптөгөн адамдардын көйгөйүн чечүүгө көмөктөштү. Мисалы, жашы жэте элекөспүрүмдөрдүн, кароосуз калган балдардын тебеленген укуктарын коргоп, кыздарыбызды ала качууда зордук зомбулуктардын болуусун токтотууга салым кошту. Кайсы жерде адам укуктары бузулса Акыйкатчы Турсунбек Акун эл менен ошол жерде болду. Укук коргоочу катарыөзүнүн керт башынын коопсуздугуна карабай Баткен окуясында, Чеченстандаөзүн көрсөтө алды. Апрель окуясында эл менен бирге болду.

Акыйкатчылардын эл аралык форуму Кыргызстандаөткөрүлгөндүгү Турсунбек Акундун туура иш алып бара жаткандыгы катары билсек болот. үзүрлүү эмгектеринин негизинде «Акыйкатчы» институтунун жамаатында даөтө чоңөзгөрүүлөр болууда, кадрлар жаңыланып, иш билген кызматчылардын саныөсүүдө.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун бай иш тажрыйбасын, элге кылган ак кызматын туура баалап, калыс чечим чыгарып, урматтуу депутаттарыбыз шайлоочуларынын пикирлерин туура кабылдап угушат деген ойдобуз.

Жакында боло турган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын шайлоодо азыркы учурда иштеп жаткан Турсунбек Акундун талапкерлигин колдоп, ишеним көрсөтөт деген тилектебиз. Сиздердин туура кабыл алган чечимиңиздер Кыргыз Республикасынын келечегинде демократиянынөсүпөнүгүүсүнө зор салым кошо алмакчы. Алдын ала ыраазычылык билгизип, рахмат айткан шайлоочуларыңыздар.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына талапкерлигин коюп жаткан Турсунбек Акунга колдоо көрсөтүп жаткан Чүй областынын батыш аймагындагы райондордун тургундарынын тизмеси:

Панфилов, Жайыл району боюнча:

1.Сыргатаев Асанбек кадырман карыя

2.Кокоев Кеңешбек кадырман карыя

3.Аманов Ажыакмат кадырман карыя

4.Ирсалиев Асанкан

5.Сатаев Замир

6.Бекеев Туратбек

7.Кадыркулов Жайлоо

8.Эгембердиев Токтогул

9.Абдрасулов Казакбай

10.Аманкулов Капарбек

11.Чалдыбар айылы 18 адам Шайбеков Назир

12.Партсьезд айылы 53 адам Абдылдаев Нурдин

13.Жайылма айылы 60 адам Бекеев Туратбек

14.Каптал арык айылы 42 адам Орозалиев Нимадилде

15.Эфиронос айылы 11 адам Жаманкулов Кубанычбек

16.Кум арык айылы 67 адам Чалагызов Жандарбек

17.Тельман айылы 14 адам Аманкулов Капарбек

18.Бухара айылы 23 адам Жумалиев Нуритдин

19.Эркин- Сай айылы Орозалиев Муктар

20.Вознесеновка айылы 34 адам Абдрасулов Казакбай

21.Күрпүлдөк айылы 27 адам Умаржанов Эдиль

22.Моңолдор айылы 18 адам Эгембердиев Токтогул

23.Жон-Арык айылы 21 адам Ирсалиев Асанкан

24.Эриктүү айылы 14 адам Жапаров Жаныбек

25.Ийри-Суу айылы 12 адам Эсенбаев Нурбек

26.Жекен айылы 10 адам Жумалиев үсөн

27.Федеровка айылы 13 адам Сандыбаев Асылбек

28.Ново-Николаевка айылы 21 адам Жайылов Касым

29.Алексеевка айылы 23 адам Сатаев Замир

30.Кара-Балта шаары 146 адам Жусупов Досумбек

31.Москва району 27 адам Тариелов Мирлан

32.Сокулук району 34 адам

Аталган айылдардын кол топтогон жооптуу адамдарынын тизмеси тиркелди. Баардык топтолгон адамдардын саны 760 болду.

Мындан башка саясий партиялардын, коомдордун, уюмдардын, мекемелердин колдоочулары:

1)«Моңолдор коомунан» Чүй областынын координатору______Жумалиев Нуритдин Болотбекович,

2)«Замандаш-Современник» саясий партиясынын Чүй-Запад аймагы боюнча жетекчиси_____________Тукуев Элдияр Курманбекович,

3)«Ата-Журт» саясий партиясынын Панфилов району боюнча координатору __________Эгембердиев Муктар Аскарович,

4)«Ар-Намыс» саясий партиясынын мүчөсү, Панфилов району, Чалдыбар айылы____________Хасанова Мансура Ташбаевна,

5)«Ата-Мекен» саясий партиясынын активдүү мүчөсү, Панфилов району

____________Абдрасулов Казакбай Кутузович,

6)«Сары -өзөн» коомдук бирикмеси ______________Кайыпов Нургазы, Советбекович,

7)«Ата-Журт» саясий партиясынын Жайыл району боюнча координатору_____________Майканаев Жөлөгөн.

8)_____________________________________________________________

9)_____________________________________________________________

10_____________________________________________________________

11_____________________________________________________________

Шайлоочулардын колун топтогон Жумалиев Нуритдин Болотбекович

Панфилов району, Эркин-Сай айылы, Кангелдитева көчөсү, 37

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×