Добавить статью
11:06, 11 января 2013 55677

К.Сапаров: Бабырбек агабыз көрүнгөн кесиптешине асылганын токтотуп, «эси барда этегин жапканы» оң

 

«Айбаттан» «Алибинин» башкы редактору, КыГыБыЧы («Кыргыз гезиттеринин биримдиги») Бабырбек Жээнбековго жооп

«Айбат» гезитинин №12 санында (2012-жылдын 28-декабры) «Алиби» гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков менен «Жаңы Ордо» гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиевди чымчылаган материал жарыялаган эле.

Гезиттин биринчи бетиндеги коллаж Бабырбек агабыздын безине тийген белем, ошол макалага карата жалаяктай кылып кайрылуу жообун Президентке жана бизге жазыптыр. Биз дагы ошол жоопко жооп берип коелу дедик.

Б.Жээнбеков «чү» дегенде эле «Садыр Жапаровдун колундагы «куурчактар» деген коллажга өлө чычалаганын, ал үчүн сотко кайрыларын жазыптыр. Ошол эле учурда өзүн мыкты журналист экенин баса белгилептир. Андай болсо, эркин басылмаларда коллаж кеңири колдонуларын, ага чычалап сотко сүйрөмөй баланын оюнундай маанай жаратарын «алибичи» кесиптешибиз билбейби? Бабырбек мырза өзү деле гезитинде далай саясатчыларды тамашалап, биринчи бетине бакыйта коллаж кылганын окуп жүрөбүз. Б.Жээнбеков башкаларды чымчылап тамашаласа болот экен да, а биз коллаж кылсак болбойбу?

«Алгач, «Айбатчылар» Бекен Назаралиев экөөбүздү «куурчактары» кылып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров жөнүндө кыпындай да болсо түшүнүктөрү бар болду бекен? Алар шылдың кылып отурган Садыр Жапаров бүгүн тергөө изоляторунда эмне себеп менен отурганы тууралуу аз да болсо түшүнүшөбү?» - деген суроону кабыргасынан коюптур. Биз Бабырбек Жээнбековичке окшоп абакта жаткан Абдулло Юсуповго же башка адамга ишенбейбиз, болгону башкы прокуратуранын Садыр Нургожоевичке карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүгү («Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакыруу»), 295-28-беренелеринин («Бийликти күч колдонуу менен басып алууга аракет») алкагында айып такканын айта кетели. Мындан сырткары, мурдагы депутат, коомдук ишмер Болот Байкожоевдин эркин басылмалардын бирине курган маегинде: «Жапаров 2004-жылы Акаевдер менен биргеликте Каракол эркин экономикалык аймагында 46 миллион салыкты төлөбөй койгон. Бул маселени мен депутат кезде парламентте да көтөрүп чыккам. Бүгүнкү күнгө чейин бул маселе чечилбей келет. Жапаров ушунча жыл аралыгында УКМКга, прокуратурага пара берүү жолдору менен ишти жаап келет. Жапаровдун артында бир гана «Ысык-Көл инвест банкы» эмес, дагы көптөгөн рейдерлик басып алуулар бар. Мисалы, «Жыргалаң» шахтасы дагы рейдерлик жол менен тартылып алынган. Балыкчы шаарында мэриянын маңдайында бензин куюучу жайын уруксатсыз куруп алыптыр. Анын артында толтура кылмыш иштери бар. Ушунча кылмыш иштерин жасап алып «мен тазамын» деп трибунада туруп алып элге калп айтканы – бети жоктук болуп жатат. Мамлекетке салык катары гана 46 миллион карызы бар. Ал эми «Ысык-Көл инвест банкын» эмне үчүн алышкан? Максим Бакиев, Надельдер менен биргеликте кылмыш жолдору менен келген, таза эмес 800 миллион доллар акчаны дал ушул банкта «жууп тазалашкан» деп расмий билдиргенин Б.Жээнбеков укпаса, анын эсине салып коелу. Бабырбек агабыз мактап-жактаган, «Жыл адамы» кылган Садыр Жапаровдун чыныгы жүзү ушул эмеспи? Жапаровго жан дили менен күйүп, адвокат болгусу келсе, анда Б.Байкожоевди да сотко берсин!

Өзүн дасыккан журналист, мыкты юрист санаган Бабырбек Жээнбековдун абакта жаткан үч депутатты (К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов) эч айыбы жок, ак жерден күйүп аткан саясатчылар катары шөкөттөгөнү адамды таң калтырбай койбойт. Үч «мушкетердун» жөн жеринен айыпталып жатканын же чындап эле күнөөсү бар-жогун Жээнбеков эмес, сот аныктарын акыл-эстүү жандар жакшы билет. Андай болсо суроо берели: «Урматтуу, Бабырбек байке, сиз кайсы критерийлердин негизинде үч депутатты «суудан таза, сүттөн ак», - деп атасыз?

Б.Жээнбековдун ой-жоромолуна караганда, Садыр Нургожоевич «Кумтөр» маселесин көтөргөнү үчүн эле абакка отуруп, саясый куугунтукка кабылыптыр. Кадырыңыз жан болсун! Буга чейин экс-депутат Кубанычбек Исабеков «Кумтөр» маселесин көтөрүп чыгып, конкреттүү аргументтерди келтиргени маалым. Ал үчүн Исабековду эч ким куугунтуктаган жок, түрмөгө да отурбады. Себеби, ал «Кумтөрдү» бетке кармап бийликти басып алууну көздөгөн эмес. Же кезектеги төңкөрүштү жүзөгө ашырууга үндөп, санаалаштары Ак үйдүн кашаасынан аттап түшкөн адамдар эле «Жыл адамы» болуп чыга келеби?

Кайрылуунун андан аркы бөлүгүндө: «өзү сураган, өзүнө жаккан кызматка келсе, баштан аяк Атамбаевди сындап жазган гезити дароо башка курс менен кетери турган иш” деп “олуялык” да кылып ийиптир», - деп өпкө кагат. Буга да жообубуз даяр. Апрель революциясынан кийин антимонополдук комитеттин төрагалыгына дайындалганда ошол эле «Алиби» бийликтин саясатын кош колдоп колдогон макалаларды байма-бай чагылдырып турганын кайда катабыз? Эмнеге ошондо бийликтин кемчиликтерин бирден санап бергендин ордуна, аны байдын эрке кызындай мактайт?! Кызматынан кол жууру менен өкмөттү «ашатып» киргени биресе адамгерчиликке, биресе жигиттикке жатабы?

Бабырбек Жээнбековдун түшүнүгүнө караганда, Садыр Жапаров баштаган оппозиционерлерди мактап-жактагандар, бийликти поктогон гезиттер гана чындыкты жазып, ал эми аркы жээкти чымчылап койгондор бийликке «сатылып» кетишкен имиш. Баракелде дейли! Эмне кыргыз журналистикасынын принциптери Жээнбековдун айткан-дегени менен сакталышы керекпи? Журналистика – ар тараптуу, калыс пикирлерди чагылдыруу аркылуу коомдогу болуп жаткан окуяларды элге жеткирүү вазыйпасын аркаларын Жээнбеков мырза билбейби?

Бабырбек агабыздын логикасын ээрчисек, оппозицияны жактагандар калыс позицияны тутунуп, ал эми аларды сындагандар бийликке «сатылгандар» экен. Логика боюнча, Садыр Жапаровду «жылдын адамы» кылып, Акматбек Келдибековду «улут лидерине» теңеп жиберген «Алибинин» «атакеси» баш болгон КыГыБычылар (Кыргыз гезиттер биримдиги) оппозицияга «сатылган» болуп калбайбы?

Б.Жээнбеков өз кайрылуусунда принцип тууралуу кеп козгоптур. Ошол эле «Алиби» гезитинин экс-башкы редактору, экс-журналисти Тынчтыкбек Алтымышевдин «Баракелде» сайтында жарыяланган макаласында: «…мен бүгүнкү ынтымактуу, биримдиктүү КГБнын башчыларынын кечээкисин карап отуруп, кызыктай абалда калдым. Анткени, кечээ Бакиевдин бийлиги «Алиби» гезитин албарстыдай жек көрүп, кысып, соттоп, жетекчиси Бабырбек жезде Жээнбековдун башына муштум түйрүп турганда, Бекен Назаралиев менен Нургазы Анаркулов деген «азаматтар» кайда эле? Алар так ошол Бакиевдердин жылуу колтугунда отуруп алып, «ырас кыласыз, оозуна алы жетпегендерди жайлаш керек», - деп шыкактап отурушканын жалпы эл төгүнгө чыгарбас. Анан бүгүн бир тилек менен шилекей алышып отурушканын кантип түшүнөбүз? Ал тургай Б.Жээнбеков Бакиевдер куулганда кубанычы терисине батпай сүйүнүп, бийликтин бир өңүрүн кармап жатканда, Бекен Назаралиев күйүнүп, Минскиге элди аткан ажо Бакиевдин артынан барып, «мен кайра келем» деген маегин гезитине басып жүрбөдү беле?! Анан кантип аз убакыттын ичинде бул эки жээктегилер эгиздин сыңарындай ынак болуп кетишет? Ушул суроонун ичинде көп табышмактуу нерселер жаткандыгына байланыштуу мен бул бирикмеге кирүүдөн баш тарттым», - дегени эле Жээнбековдун «туруктуу позицияны» тутунганын айгинелебейби?

Бабырбек агабыз кайрылуусунда: «Мен бүгүнкү бийликтин абалын, алардын колунан кокон тыйын келбесин эң сонун билем. Алардын колунан келгени – менин үстүмдөн, менин уулум Равшан Жээнбековдун үстүнөн жамандоочу, каралоочу материалдарды издөө болот» деп «жашыганга» да үлгүрүптүр. Ушул жерден дагы бир жолу «алибичи» кесиптешибизге суроо салгыбыз келет: ушундай принципиалдуу, калыс журналист экениңиз чын болсо, анда Болот Байкожоев тизмектеген аргументтерди гезитиңизге баса аласызбы? Же сиз үчүн Байкожоевдин пикиринен да абактагы А.Юсуповдун айткан-дегени ынанымдуубу? Уулуңуз Равшан Жээнбековдун Акаевдин убагында мамлекеттик мүлк фондун жетектеп, мамлекетке тиешелүү объектилерди текейден арзан баада пулдап, анын аркасында миллионерге айланганын, кийин бул боюнча кылмыш иши ачылып, уулуңуз Америкага качып жан сактаганын, апрель революциясынан кийин гана мекенине кайтып келгенин, өзүнүн актыгын сот аркылуу эмес, саясый мотивге байлап кылмыш иштерин жаптырганын ачык жаза аласызбы? Албетте, жаза албасаңыз керек! Анан кайдагы акыйкаттык, кайдагы принцип тууралуу сөз кыласыз? Кийинки номерге сиздин туугандарыңызга тиешелүү мүлктү жарыялаганга сөзсүз аракеттенебиз.

«Бизди сотко берем», - деп коркутупсуз. Сотко бересизби же бербейсизби – бул сиздин эркиңиз, ага эч нерсе дебейбиз. Ошентсе да, ага чейин бир нерсени айта кетпесек болбос. Буга чейин болбогон жосунсуз жорукту баштап, «Кыргыз гезиттеринин биримдиги» аталыштагы кыймылды түзүп, журналисттерди «ак», «кара» кылып бөлүп койдуңуз! Саясатчылар келет, кетет, баягы эле биз калабыз.

Ушуну сиз түшүнөсүзбү?

Экинчиден, түндүк-түштүк, жердеш, тууган-урук, оппозиция-позиция болуп бөлүнүп атып эмне пайда таптык? Же журналисттерди «ак», «кара» деп бөлгөндөн пайда чыгарына ишенесизби? Анын ордуна, пайгамбар жашынан өтүп калган аксакал катары журналисттердин башын бириктирип, ынтымакка чакыруу сизге окшогон аксакалдардын милдети эмес беле? Анткендин ордуна, оппозицияны сындаган, керек болсо «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев тууралуу макала жазган басылмалардан бери тийишип, алардын адвокатына айланып алдыңыз. Аксакал журналисттин кылар иши ушубу же бул болгон-толгон деңгээлиңизден кабар береби?

Кыргызда: «Эсиң барда этегинди жап» деген жакшы макал бар. Анын сыңарындай, Бабырбек агабыз көрүнгөн кесиптешине асылганын токтотуп, «эси барда этегин жапканы» оң. Биздин айтарыбыз ушул гана…

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×