Добавить статью
6:27, 12 января 2013 23292

Бир тууган кыргыз-өзбек элине тилмечтин кереги барбы?

Учурда Жалал-Абаддан чыгып жаткан “7-каналдын” жетекчилиги көтөргөн өзбек тилинде атайын теле берүү маселеси коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. “Башталат иштер майдадан” дегендей 2010-жылкы каргашалуу июнь окуясы ушул тил маселесинан келип чыкканын биз бат эле эсибизден чыгарып койдукпу?. Ошол миңдеген бейкүнөө адамдардын каны төгүлгөн оор окуядан сабак ала албагандыгыбыз бизди өтө өкүндүрөт. Бул идеянын автору ким?

Мунун артында кимдер турат? Жаң ыдан карттанып келе жаткан жараатты кайра тырмап, ырбатышкка кимдер кызыкдар? “7-каналдын” жетекчилигиби же сырткы күчтөрбү? Кылымдап коюн колтук алышып, кыз алып, кыз берип келе жаткан эки бир тууган эл эч кандай тилмечи жок эле бири-бирин абдан сонун түшүнөт. Ошондуктан эки элди ынтымакка чакырыштын ордуна кош тилдүүлүккө жол берип, ансыз дагы кыргыз тилинин мамлекеттик тил болгонуна чейрек кылым болсо да бечел болуп, бешиктен бели чыкпай жатканда касс-кастап жетелеп коюштун ордуна белге тээп, кыргыз тилинин беделин түшүрүшкө аракет жасаган адамдарды элибиз кыргыз элинин душманы катары кабылдайт.

Ошондуктан 7-каналдын жетекчелирине кайрыларыбыз, эне тилибиз болгон Кыргыз тилинен «тарт колуңду» демекчибиз. Кечээки “7 – каналдан” көрсөтүлгөн «Элдин үнү» аттуу теле бер үүдө өз оюн билдирген айрым атка минер, Областтык мамлекетик тил комиссиясынын төрайымы Жумагүл Эгембердиева айымыбыз Кыргызстанда жашаган өзбек улутун Россия Федерациясыдагы автомониялык республикалар: Татарстан менен Буряттарга салыштырып, Кыргызстанда деле өзбек тилинде маалымат бериле берсин деп, макул болуп, Кыргыз тилинин беделин түшүргөнү бизди өтө өкүндүрөт.

Татарстан менен Буряттардын өз үнүн Президенти, өкмөтү, Парламенти бар. Ал эми Кыргызстанда жашаган өзбек боордоштор автономияга ээ эмес жана ээ болушка да мүнк үн эмес . Ошондой эле кыргыз тилин бил үүгө милдеттүү. Ошондуктан мындай салыштыруулар логикага туура келбейт. Айрым атка минерлерибиздин мындай кадамдарын биз «Саясий бечелдик» деп түш үнөбүз. Андыктан ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө деп айтаар элек. Анткени мындай кадамдар каргашалуу Ош окуяларынын кайрадан кайталанып кетишине кедергисин тийгизбей койбойт жана эч ким ага кепилдик бере албайт.

Аягында айтарыбыз учурда өзбек бир туугандар Кыргыз тилинин өсүп өнүгүшүнө кошгон салымыбыз болсун деп балдарын кыргыз мектептерге берип, кыргызча үйрөнүүгө ынтызар болуп жатканда 7- каналдын бул кадамы боордош өзбек элин боорго тепкенге тете кадам болгону эки элди бирдей өкүндүрөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×