Добавить статью
4:26, 14 января 2013 44467

ЖК депутаты Д.Ниязалиевага кайрылуу

Жумгал районунун ардактуу кызы

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаты

Дамира Ниязалиева Абаскановнага

Жумгал районундагы «Жумгал KG»

жаштардын коомдук бирикмесинен

жана райондун активдүү

жаштарынын атынан

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Дамира айым, Жумгал районунун активдүү жаштарынан турган «Жумгал KG» коомдук бирикмесинин жаштары сизди жаңы жылыңыз менен куттуктап сизге терең бакыт, узак өмүр, чың ден-соолук, ишиңизге ийгилик каалап төмөндөгү кайрылууну сизге жолдойт.

Дамира Абаскановна, биздин сизге кайрылуу жазып кайрылып жатканыбыздын себеби Жумгал районунун активдүү жаштары демилге кылып көтөрүп райондун ар бир айыл өкмөттөгү жаштардын баштарын бириктирүү максатында жана ошондой эле районубуздун социалдык, маданият тармактарын көтөрүүгө салымыбызды кошобуз деген «элеттеги элге карай» ураанынын алдында районубуздун көптөгөн көйгөй маселелерин чечип турууга, кызматсыз бош жүргөн элеттеги жаштарды коомго тартууну көздөп жаштардын коомдук бирикмесин түзгөнбүз.

Буга чейин Жумгал районунун жаштары биримдик болуп бириге алышкан эмес жана биригип бирге кызматташып келишпегенин баардыгы билишет, ушуга карабастан районубузга өзүбүз демилге кылып «жаштар үйүн» ачууну пландаганбыз булл боюнча биздин сунушту Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Адылгазы Исагулов туура кабыл алып аталган жайдан имарат таап бөлмө бөлүп берди, мына ушул имаратты өзүбүздүн күчүбүз менен болгон аракетибизди кылып атабыз бирок баары эле келип каражаттын жоктугуна келип кептелет эмесби :- мына ушу «жаштар үйү» боло турган биздин имаратты толук кандуу кылып жазап ишке киришүүгө КР Жаштар жана ишке орноштуруу министрлигине, Кыргызстан жаштар кеңеши жана бей өкмөт уюмдарына, биздин райондун ардактуу атуул, инсандарына кайрылып колдоо сурап жатабыз.

Биздин максаттарыбыз ишке ашып жакында «жаштар үйүн» ачып алсак Жумгал райондук медиа борбору болгон «Жумгал KG» маалымат булагы жана жакын арада басмадан орун алып массалык маалымат каражаттарынын катарын толуктай турган

«Саяк ПреСС» жаштардын коомдук саясий гезити, долбоор аркылуу бей өкмөт уюмдарынын аркасы менен «Жумгал FM» үн алгысынын түптөлүшү, долбоор аркылуу көптөгөн окуу, тренингтерди өткөрүп турууну ушул коомдук бирикменин уставында кабы алынып дал ушул жаштар үйүндө өткөрүлүп турууну, кызматташууну толук камтыган.

Ошондуктан урматтуу Дамира Абаскановна, биз сизден да колдоо сурайбыз «өзүбүздүн туулуп өскөн жерибиз», берешен берекелүү элибиз байырлап турган ааламга кетчү айылыбыздын жаштарынын жаңы күчү жаңы демдери менен алдыга үмүт созуп максат кылышкан тилектери бирге орундалышы үчүн колдооңузду аябайтсыз деп биз сизге ишенебиз жана сиз менен сыймыктанабыз.

Канчалаган миң жылдар тарыхы бар канчалаган эл башкарган, журт башкарган эл адамдарынын, талпынган таланттууларыбыздын мекени болгон Жумгал жергебиз дайым өз балдарын кучак жайып тосуп келет, эл жерин ойлогон, намыстанган жана туулуп өскөн жерин, урпак-туугандарын ойлоп болгон жардамыңыздарды эч аянбастан өз жериңиз, элиңиз үчүн берип салымыңыздарды кошуп колдооңуздарды берип келгениңиздерди Жумгалдын жаштары эч качан унуттпайт дайым бар болуңуз, аман болуңуз бул кирип келген жыл сизге жана сиздин үй бүлөңүзгө ийгилик алып келген жылдардан болсун.

Сизди терең урматтап атайын кайрылуу жолдошкон

Жумгал районунун активдүү жаштары,

Жумгал райондук медиа борбору,

«Жумгал KG» маалымат булагы.

Байланыш телефондор: 0777 15-99-45, 0773 13-97-38

«Жумгал KG» коомдук бирикмеси

Чаекский филиал ОАО «РСК-Банк» село Чаек ул. Э.Матыева 112А

р/с № 1290281880024802

Код ОКПО № 26974722

Соц.фонд № 125906-3304-ОО

ИНН: 00511201210062

Ушундай эде кайрылуу Жумгал районунан чыккан инсандарга да жолдонгон.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×