Добавить статью
8:39, 16 января 2013 13025

Сотторду тандоо таза жүргүзүлсүн

Биз, Элдик бийлик орногондон бери адам укугун коргоо жаатында бир топ иштерди жасап келе жатабыз. Мамлекетибизде президентибиз баш болгон сот реформасы эми ийгиликтүү жүрө баштаганда судьялык кызматка талапкерлерди тандоодо Сотторду тандоо Кенеши тарабынан адилеттүүлүк болуп атканына карабай, президенттик аппараттан ал иштерге аралашып, көз боёмочулукка аракет кылып аткандар бар экендиги тууралуу угуп жатабыз!

Айрыкча Ош областтык сотунун судьялыгына талапкер Ош областтык сотунун төрагасынын орун басары болуп иштеп жаткан Бакирова Нургуль Жакыповнага карата бут тосуулар болуп жаткандыгы жөнүндө Ошто бир топ сөз жүрүүдө. Биз Бакиевдин же Акаевдин учурунда элдин укугун тебелеп тепсеген кишилер жөнүндө сөз болгондо унчукпайт элек, ал эми Бакирова Нургуль бир топ жылдардан бери сот системасында, судьялык кызматта иштеп өзүнүн абийирдүүлүгүн, принципиалдуулугун жана терен билимдүүлүгүн көрсөткөн судья экендигин жакшы билебиз го!

Эгерде азыркы бийлик Н.Бакировага окшогон нагыз элдик кадрларлга бут тосуп, айла-амал менен мындай кадрлардын сот системасына келүүсүнө бут тосо турган болсо, анда азыркы бийликке коррупционер, паракор жана билимсиз талапкерлер керекпи!

Бакирова Нургуль жаш болсо да, Ош аймагында кадыры сиңген инсан. Аны жогорку бийликте колдоочусу жок деп, анын талапкерлигине бут тосулуп, судьялык жооптуу кызматка өткөрбөөнүн аракети боло турган болсо, Бакирова Нургулду өз эли колдоп алат!

Ошто көптөгөн адилеттикти талап кылган атуулдар бул окуяга карата нааразы экендигин кулак кагыш кылып коюу адилеттик болот.

Бул кайрылуу президенттин пресс кызматы тарабынан президентибизге маалымат катары жетет деп үмүт кыла туралы. Президенттин аппарат башчысы да, бул кайрылууну анализдеп көрүп өз көзөмөлүнө алат деп ишенебиз!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×