Добавить статью
4:17, 17 января 2013 16363

Экинчи биздин өлкөдө апрель-июнь окуялары кайталанбасын!

Кайрылуусу

Тилекке каршы, 2010-жылы трагедиялуу апрель-июнь окуялары болуп өттү, көптөгөн бей-күнөө жарандарыбыз жабыр тартышты. Албетте, бул окуялар бүтүндөй кыргыз элинин трагедиясы. Ошол окуяда жабыр тарткан жарандарыбыздын жакындарына дайыма мен тарабынан көңүл айтуу менен, алардын эч качан орду толгус жоготууларын, кайгы-муңдарын терең түшүнүү менен, июнь окуясында жабыр тарткан инсан катары, эң жакын төрт тууганымдан мен да ажырап, бүгүнкү күнгө дейре дагы бир тууганыбыздын сөөгү табылбай жатканы албетте бизди да боздотуп келет. Ошондуктан, мен сиздердин кайгыңыздарды өз кайгымдай тең бөлүшүп келе жатканыма бүт коомчулук күбө.

10-январь 2013-жылы Биринчи май районунун сотунда, Кылмыш-процессуалдык кодекстин 18-беренесинин негизинде, о.э. «Ата-Журт» фракциясынын чечиминин негизинде, коомдук жактоочу катары коллегаларым К.Ташиевдердин укугун коргогону сотко баргам, мындан ары да коргой бермекчимин. Сотто айтылган менин сөздөрүмдүн туура эмес багытта бурмаланып кеткени мени өкүндүрөт. Мен эле эмес, эч ким апрель-июнь окуясындагы трагедияда каза болгон уул-кыздарыбыздын арбагына шек келтирген эмес, о.э. келтиришпейт. Биз каза болгон маркумдарыбыздын арбагына дайыма таазим этип келебиз. Мен кыргыз элинин патриот кызы катары, Кыргызстанда тынчтык, стабилдүүлүк жана мыйзамдуулук орношун гана каалайм. Ал эми апрель окуясында мыйзамдуулук орносун деп, үй-бүлөлүк режимге каршы чыгып, июнь окуясында болсо Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн өмүрлөрүн аябаган эр-азаматтардын арбагын дайым аздектеп келиш биздин, тирүүлөрдүн парзыбыз экени да талашсыз. Эне катары, Кудайдан тилегеним - экинчи биздин өлкөдө апрель-июнь окуялары кайталанбасын!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

24-01-2013
Кайрылуу
41089

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×