Добавить статью
6:25, 24 января 2013 4325

Ж.Сатыбалдиевке жана С.Жээнбековко салам кат (ыр)

Алайкуулуктардан аткаминерлерге салаи

Жантөрө Жолдошевич Сатыбалдиевке

Кыйын болот, Алай-Куунун кышы жазы

Кыйналбапы -Жантөрө аган, кандай барды,

Суроо салат, барганда аксакалдар

Келет бекен-кышты коруп, бизди дагы.

Катабаптыр сизге чейин атактуулар

Кат жазышып,жооп кутуп кызык булар.. ,

Адатынча, «Маско»-деп конивертке

Жок болсо жол, Вертолет келет чыгаар.

Турмушта болуп турат жаман жакшы,

Тилешип жаны жылда аман башты

Жеткире бар агана - деп калышты,

Жол жок бүгүн - алганга тамак-ашты.

Аз сүйлөп, оорутбастан башыбызды

Азамат жигит экен- деп жүрүшөт,

Мактабаган Алай- Куу, эч кимисин

Маскону эмес, мактаган сизди күтөт.

Сооронбай Шарипович Жээнбековко

Шарип акем басып өткөн өмүрдө

Далай жолу болуп келген Көндүктө,

Азыр корсо Алай-Куунун жолдорун

Сөгөт эле Сооронбайды өкүртө.

Деп айтышат Алай-Куунун элдери

Жол күрөшүп болбой калган кездери,

Айла жоктон көчүп конуп ар жакка

Кетип жатат чыдабаган кээ бири.

Калын түшкөн Капчыгайга кар дагы

Сураган жок жолдо калган эл барбы,

Арак ичип сактай көргүн КУДАЙ-деп

Ж-жөөалаңдап каттап жатат жаш-кары.

Түбөлүктүү Атак-болот бир эле

Абам берген тилек менен силерге,

Кышта жайда Алай-Кууну сурай жүр

Унутпашсын улуу адамды эскере.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×