Добавить статью
10:24, 24 января 2013 74897

Кайрылуу

Президент А.Ш.Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Ш.Жээнбековго, ЖК депутаттарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына парламент депутаты Жылдыз Жолдошевадан

Кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Өкмөттүн атынан - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн атынан Камбарата 1-ГЭСинин жана Жогорку – Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын курулушу боюнча Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө маселе каралып жатат.

Мен бул объектилердин курулушунун долбоорун колдоймун, бирок жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга макул эмесмин. Эмне үчүн?

Биз “Кумтөр” боюнча чоң ката кетирдик, мына ошондуктан ондогон жылдардан бери Макулдашууну түзүп жатканда маселенин юридикалык жагынын каралбай калгандыгынан жапа чегип келебиз, натыйжада өзүбүз билген кырдаалдын туткуну болуп калдык.

Эгерде биз жогорудагы макулдашууну да ошол сыяктуу түзө турган болсок анда бизди кийинки муун кечирбейт. Улуу Нарын суусу таза, тунук суу, ошондуктан ал биздин муундун гана эмес бүтүндөй кыргыз элинин келечек байлыгы болуп саналат. Окумуштуулар тастыктагандай, алтын, мунайзат жана газ 50-100 жылдан соң түгөнөт. Ал эми Ала-Тоонун чокуларындагы кудай берген суу адамзаат жашап турганда түгөнбөйт. Азыркы күндө планета боюнча суунун жетишсиздиги байкалуу менен мындан ары таза сууга болгон таңкыстык күчөй берет. Бүгүнкү күндө араб дүйнөсүндө таза суунун бир бөтөлкөсү күйүүчү майлоочу майдан кымбат турат.

Андыктан Камбарата 1-ГЭСи старатегиялык мааниси бар ири объект болуп саналат. Ал дарыянын жогору жагында жайгашкан жана бардык төмөнкү ГЭСтерди (Токтогул, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай) сууга толтуруп турат. Анын аныкталган күчү – 1900 МВт, жыл сайын иштелип чыгарылган электр энергиясы 5,1 млрд. КВт. саатты түзөт, болжолдуу баасы 1,7 млрд. АКШ доллары турат. Көлөмү 4,65 млрд. куб метр болгон бул суу сактагыч ирригациялык принцип боюнча иштеген төмөнкү – Нарын ГЭСтери каскадынын (Токтогул, Күрп-Сай жана башка ГЭСтер) кышкы энергия иштеп чыгууларынын төмөндөшүн толуктоо менен Нарын суусунун куймаларын энергетиканын кызыкчылыктарында сезондуу жөнгө салууну жүзөгө ашырып турмакчы. Ошондуктан Камбарата 1-ГЭСинин маанилүү артыкчылыгы кыш мезгилиндеги чектөөлөрдөн көз карандысыз болуп саналат, анткени станциядан агып чыккан суу Токтогул суу сактагычында топтолуп турат. Камбар 1-ГЭСин, 2-ГЭСин ишке киргизгенден кийин Кыргызстанда суунун көлөмү өтө көп чогулат да Кытай, Пакистан, Индия жана башка өлкөлөргө чыгуу менен Борбордук Азиянын чектеринде анын жыштыгын жана күчүн жөнгө салууну жүзөгө ашырууга өбөлгө түзмөкчү.

Мен мурда депутаттарга кайрылууда жазгандай, мамлекеттер ортосунда кандай гана болбосун Макулдашуу түзүүдө эки тараптын тең улуттук кызыкчылыктары эске алынууга тийиш.

Макулдашуунун 8-беренесинде “Камбарата 1-ГЭСи” ЖАКсынын акционерлери каржылоочу уюмга, башкача айтканда, Россия Тарабына өздөрүнө тиешелүү болгон акцияларга, объектилерге, негизги каражаттарга укуктарын күрөөгө өткөрүп беришет деген ченем жазылган. Бул жерде кооптуу учур бар, анткени айрым бир саясий жана башка алдын ала болжоого болбой турган шарттарда бардык акциялар Россия Тарабынын менчигине өтүп кетиши мүмкүн. Андыктан, Камбарата ГЭСин толугу менен жоготуп алуу коркунучу бар экендиги шексиз.

Ал эми 9-беренеде директорлор кеңешинин жана башкарманын чечими добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен (Кыргызстандын эки өкүлү жана Россиянын үч өкүлү) кабыл алына тургандыгы көрсөтүлгөн. Ошондой эле зайымдык каражаттарды кайтаруу мөөнөтү ичинде – директорлор кеңешинин төрагасы жана башкарманын төрагасы ыйгарым укуктуу уюмдун – Россия Тарабынын сунуштамасы боюнча шайлана тургандыгы да белгиленген, бул Макулдашуунун тең укуктуу эместигин күбөлөндүрүп турат, ал тургай анда мөөнөтү да так көрсөтүлгөн эмес. Демек, Россия Тарабы кеңеште жана башкармада добуштардын көбүнө ээлик кылуу менен Кыргыз Тарабынын пикирин эске албай туруп бардык маселелерди өзү билемдик менен белгисиз мөөнөттөргө чечет дегендик.

7-берененин 2-бөлүгүндө, эгерде Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып эки жылдын ичинде Кыргыз Тарабы долбоорду ишке ашырууга киришпесе, анда аны ишке ашыруу милдети Россия Тарабына өтөт деп жазылган. Мында ал тургай Кыргыз Тарабынан көз каранды болбогон форс-мажордук шарттар (сейсмикалык, экологиялык жана башка жаратылыш кырсыктары) эске алынган эмес.

2008-2009-жылдарда Россия жана Кыргыз Өкмөттөрүнүн ортосунда Жогорку Кеңеш Тарабынан ратификацияланган ушуга окшош Макулдашуулар түзүлгөн, бирок Россия Тарабынан каражаттардын бөлүнбөгөндүгүнөн улам Кыргыз Тарабы курулушту баштай алган эмес (2009-жылдагы макулдашуу жана аны ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тиркелет) мындай шарттарда, эгерде Россия Тарабы кайрадан каражат бөлбөй турган болсо, анда Кыргызстан долбоорду ишке ашырууну баштай албайт жана Россия Тарабы, Макулдашууда каралгандай, долбоорду ишке ашырууга өзү киришеби? Бул адилеттүү эмес.

Ошондой эле 12-беренеде зайымдык каражаттарды кайтарып берүү мөөнөтү ичинде Кыргыз Тарабы “Камбарата 1-ГЭСи” ЖАКсын мүлк жана жер салыктарынан бошо тургандыгы белгиленген. Ал эми курулуш учурунда жолдор, анын ичинде жергиликтүү маанидеги жолдор жараксыз болот, экологиялык жана башка ченемдер бузулат – мунун бардыгы Нарын жана Жалал-Абад областтарынын жергиликтүү калкынын арасында нааразычылыктарды пайда кылышы мүмкүн болгон региондордун калкынын жашоо деңгээлине тескери таасир тийгизээринде шек жок.

Жогорку – Нарын гидроэлектростанциялар каскады боюнча Макулдашууну түзүүдө Камбарата 1-ГЭСи боюнча кетирилген кемчиликтерге да жол берилген. Мындан тышкары, бул Макулдашуунун 10-беренесинде Кыргыз Тарабы инвестициялардын өзүн-өзү актоо мөөнөтүнө карата акциялардын болгон 50%ына акциялардын дагы 25%ын ишенип башкаруусуна Россия Тарабынан өткөрүп бере тургандыгы белгиленген, башкача айтканда, Россия Тарабы акциялардын 75%ына, ал эми Кыргыз Тарабы болгону 25%ына ээлик кылат, мында макулдашуудагы өзүн-өзү актоо мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Андыктан, Россия Тарабы өздөрү кошкон насыяларды өзүн-өзү актоо мөөнөтүндө кайтарып, 50% киреше алуу менен 50-100 жылга эмес түбөлүккө ээлик кылып калабы? Бул оор, адилетсиз түйшүк жана муну биздин муун эч качан кечирбейт. Ал эми Россия Тарабы өз акцияларынын 50%ын өзүнүн шартын аткарууну Кыргызстанга аргасыз кылуучу кандайдыр бир жеке инвесторго өткөрүп же сатып жиберсе эмне болот? Андыктан жогоруда айтылган Макулдашууну ратификациялоо менен биз өзүбүздүн суу-энергетикалык ресурстарга болгон мамлекеттик көз карандысыздыгыбызды толугу менен жоготуп коёбуз. Россия Тарабынын макулдугу жок туруп Кыргызстанда электр энергиясын керектөөчүлөргө ички бааларда сатуу мүмкүнчүлүктөрү жок болот, бул сөзсүз түрдө республикабыздын жашоочуларынын адилеттүү тынчсызданууларын пайда кылбай койбойт.

Макулдашууларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Нарын суусундагы ГЭСтердин суу-энергетикалык режимин кандай башкара тургандыгы жазылган эмес, ансыз Нарын суусундагы ГЭСтерди жана суу сактагычтарды башкаруунун бардык рычагы жок болот, бул энергетикалык көз карандысыздыкты жоготуу дегенди билдирет.

Демек, Россия Тарабы менен Макулдашууну айрым бир мөөнөткө түзүү керек, натыйжада кандайдыр бир такталган мөөнөттүн ичинде ал өзүнүн кошкон каражаттарын кайтарып алсын, кирешеге ээ болсун, бирок андан кийин ГЭСтерди элибиздин менчик ээлигине өткөрүп берүүгө милдеттүү болууга тийиш.

Ал тургай К.Бакиевдин мезгилинде да Россия Федерациясы менен Кыргызстандын ортосунда 2008-жылдын 9-октябрында жана 2009-жылдын 3-февралында ушуга окшош эки Макулдашуу түзүлгөндө Россия Тарабы акциялардын 75%ын талап кылган эмес, Макулдашуунун мөөнөтү 10 жылга чектелген (2008-жылдын 9-октябрындагы Макулдашуу) ал эми 2009-жылдагы Макулдашууда өзүн-өзү актоо мөөнөтү – насыяны жабуу 20 жылга так көрсөтүлгөн жана башка мажбурлоочу чаралар болгон эмес. Бирок Жогорку Кеңеш тарабынан Ратификацияланган бул Макулдашуу (Макулдашуу жана аны ратификациялоо жөнүндө мыйзам тиркелет) кагаз жүзүндө калгандыгын белгилей кетүү керек, Макулдашуу менен каралган ГЭСтердин курулушуна эч кандай каражат бөлүнгөн эмес. Бул Макулдашуулар дагы кагаз жүзүндө калбайт деп ким кепилдик бере алат?

Жогоруда баяндалганды эске алып Кыргызстандын укуктарын жана кызыкчылыктарын кемсинткен жогоруда айтылган кемчиликтерди четтетүү үчүн аталган Макулдашууну ратификациялабай туруп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайтарып берүү, ал эми андан баш тартылган учурда башка мамлекеттер менен – аталган долбоорго кызыкдар болгон Кытай, Индия инвесторлору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Кыргыз Республикасынын Энергетиктер ассоциациясынын президенти Ж.Т.Түлөбердиевдин 2012-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине даректелген №04-1-12 катынан көрүнүп тургандай (кат тиркелет) бул долбоорлорду өзүбүз курууга кудуретибиз жетет, аны үчүн республикада жогорку кесипкер адистер жетиштүү.

Кыргыз адистери Токтогул, Таш-Көмүр ГЭСтеринин курулушуна катышкан. Таш-Көмүр ГЭСин долбоорлоо сметасы 244,8 млн. АКШ долларын түзгөн жана 10 жылдын ичинде - объект 450 млн. АКШ долларына өзүн актаган, башкача айтканда мамлекетке 205,2 млн. АКШ доллары өлчөмүндө киреше берген. Көз карандысыздыктын жылдары ичинде 1992-1995-жылдары Шамалды-Сай ГЭСинин курулушуна республикада 155 млн. АКШ доллары жумшалган жана кыска мөөнөттүн ичинде мамлекетке 190 млн. АКШ доллары өлчөмүндө киреше алынган жана ал азыр да кирешелүү тармак бойдон келе жатат.

1997-жылы эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана “Кыргызэнерго” АКсы кыргыз электр энергиясын 3-5 америкалык цент валюта баасында сатуу боюнча КЭР жана Индия менен Макулдашууларды түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Мындай шарттарда Кыргызстандын укуктарын жана кызыкчылыктарын кемсинткен жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү үчүн ал Макулдашууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайтарып берүү зарыл же Кыргызстанга жеңилдетилген насыя бөлүү жөнүндө Россия Федерациясы менен макулдашуу түзүү, же болбосо Кыргызстан валюта менен гана эмес, арзан электр энергиясы менен эсептеше турган Кытай, Индия жана башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл.

Тиркеме: 1. Ж.Т.Түлөбердиевдин каты – 5 баракта.

2. 2004-жылга Меморандум -1 баракта.

3. 2008-жылдын 9-октябрындагы Келишим.

4. 2009-жылдын 3-февралындагы Келишим – 4 баракта.

5. 2009-жылдын 3-февралындагы Макулдашууну

ратификациялоо жөнүндө Мыйзам – 1- баракта.

6. 2012-жылдын 20-сентябрындагы Макулдашуу – 5 баракта.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×