Добавить статью
5:33, 28 января 2013 76757

Президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу

Урматуу Алмазбек Шаршенович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын 24.12.2012 ж. № 10-73-17039 катынын (Борсолдоев Сатке атындагы гуманитардык-кайрымдуулук фондунун төрагасы О.Саткеевтин 06.06.2012 ж., № 10-71—7295, 14.12.2012 ж. №73-17039 КРП каттары) негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасынын кыргыз жарандарынын ысымдарын иретке келтирүү» концепциясынын (негизги түшүнүгүнүн) долбоорун талкуулоо жыйыны болуп өттү. Жыйын КР Президентинин Аппаратынын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн өкүлү Кадырбеков Н., КР Адилет министрлигинин өкүлү Сыдыкова Н. И., КР Каттоо кызматынын алдындагы жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинен Асанбеков Н. Д., КР Омбудсменинин өкүлү, Манас –Түрк университетинин профессору Исаев К., «Кыргыз Энциклопедия» борборунун директору Андашев Д., «Кыргыз Туусу» гезитинен Ибраимов А., белгилүү коомдук-маданий ишмерлер Б. Турал, Оморов А., Жакыпов М., Сейитбеков Б., Курбанов Р., Абдраманов С. жана бул маселенин негизги демилгечиси Борсолдоев Сатке атындагы гуманитардык-кайрымдуулук фондунун төрагасы Саткеев О. катышуусунда өттү. Жыйын, демилгечи Саткеев Осмондун, мезгилдин талабына, эл аралык практикага, кыргыз элинин улуттук каада-салтына, үрп-адатына, руханий байлыгына негизделген жана жүйөөлүү муктаждыктарга (учурда бул маселе тегерегиндеги баш аламандык, анын келечектеги кесепеттерине) таянып сунушталган концепция менен таанышуудан башталды. Талкуу кызуу, курч жана иштиктүү жүрүп, баалуу кеп-кеңештер, сунуштар айтылды.

Талкуунун жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын кыргыз жарандарынын ысымдарын иретке келтирүү» концепциясынын долбоорун жалпы элдик талкууга коюу менен бирге, аны толуктап иштеп чыгуу жана мыйзамдаштыруу боюнча, курамы демилгечи топтон, тиешелүү илим адистеринен, коомдук-маданий ишмерлерден, аткаруу бийликтердин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүү боюнча республика жетекчилигине (Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевке, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.Жээнбековко ) кайрылуу чечими кабыл алынды.

Жогоруда айтылгандардын негизинде бул маселе боюнча мыйзамдуу түрдө жумушчу топ түзүп берүүңүздү өтүнөбүз.

Өткөрүлгөн иш-чаралар боюнча материалдар бет тиркелди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×