Добавить статью
5:27, 29 января 2013 12072

Акыйкаттык болбогон жерде мыйзам иштебейт

Мен Исраилов Батырбек менен 1976-жылдан бери үй-бүлө куруп 4 балалуу болдук. Уул үйлөп кыз берип небере көрүп эл катары жакшына жашап келгенбиз. 2010-жылдагы каргашалуу Ош окуясынан кийин биздин жашообузда жана үй-бүлөбүздүн тынчтыгына бир топ доо кеттти.

Даяр оокатка көз арткан шумпайлардын талоонуна кабылдык башынан түшүндүрүп айтканда 2008-жылдын 16-октябрында Ош шаарындагы «Кыргызстан» азыркы «Олжоке» кафесин Кадыров Аваз Махамаджановичтен кызыбыз Батырбек кызы Нурзатка 5 миллон сомго сатып алганбыз.

Кадыров Аваз атасы Кадыров Махамаджан болуп ижарага кайра бизден алып иштетип жүрүшкөн. 2010-жылы Ош окуясы болгондон кийин кафени иштетүүдөн баш тартышкандан кийин Оморов Эрнис,Оморова Айнура,Оморва Мирбек деген бир туугандар сентябрдан ноябрга чейин иштетишти.

Биз өзүбүз иштетебиз дегенден баштап Ош шейиттери коомунун төрайымы Айтиева Тургунайым пайда болду. Анткени кафени иштеткендер Айтиева Тургунайдын синдисинин балдары болчу. Ал кафени биз тополоңдо сактап калганбыз. Кадыров Махамаджан менен 50 мин сом карыз деген тил катты көтөрүп алып, кафеден айланчыктап кетпей жүргөн.

Аларга кошулуп «Ош шейиттеринен» 7-8 аял 3 күн келип тополон салып айнектерди сындырышып,стол,стулдарды ыргытышып 50 мин сомду бербесен столдорду алып кетебиз бизге Кадыров Махамаджан күрөөгө койгон дешти. Мындан сырткары Ош окуясында жабыркагандардын 45 үй-бүлөөсүн Тургунайым Айтиева тамак менен камсыздып турган ,ошого дагы бир жыл иштетебиз тополонду токтотушпагандыктан.

Ош шаардык ИИБ жетекчисине арыз менен кайрылганымда Айтиева Тургунайымга кылмыш иши козголгон болчу. Тергөөчү Исраилов Нурлан келип «Тосмо арыз» бериниз дегенине алданып жазып берипмин.Анткени биз жердеш болчубуз Алай районунун бир айылынан.Анан кечиришип 3 айга нотарис аркылуу келишим түзүп 28-январдан 18-апрелге чейин кафенин жер төлөөсүн ижарага бердик.Ошол убакта күйөөм Исраилов Батырбек каза болуп калды.

Келишим мөөнөтү бүткөндөн кийин жана кафени ондоп, түзөө иштерин жургузөбүз десек мурда Кадыров Махамаджан 50 мин сом карыз десе эми Тургунайым Айтиева 2011-жылдын августь айында менен 50 мин доллар карыз деп, жалган тил кат менен кайрадан кафе талашка түштү. Мыйзамдуу кафенин документтери турса да 1-жыл кафенин жер төлөсүнө ижара төлөбөй өзбектин кафеси деп баш тартышты. Ошондой эле жер төлөгө 200 мин акчабыз кетти дегенинен булардан кутулуш үчүн 200 мин сом бердим тил каты да бар жана эч тийишпейбиз деп сөз да беришкен болчу.Өзүбүздүн кафебизди 2-жылдан бери иштете албай жатабыз.

Тилекке каршы мындан кийин да кафени талашканын токтотушпады. Биз кафени жана башка ишкерлик үчүн «Финансы кридит» банкка күрөөгө койгон болчубуз. Бул иш боюнча Бишкек шаарынын 1-май райондук сотунда өндүрүшкө алынып каралууда. Ушундай акыйкатсыздыктан жана мыйзам иштебегендиктен көчөдөгү шумпайлардын кесепетинен чон суммадагы кредиттимди да төгүү оор болууда.

Акыйкаттык болбогон жерде мыйзам да иштебейт экен. Мамлекет сырттан инвестиция издебей биринчи орунда ички инвестицияны колдоп коргош керек. Ошондо Кыргызстан онолот ортодон бекер оокат издеген шумпайлар жоголот болчу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×