Добавить статью
11:13, 29 января 2013 31667

Кайрылуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жетекчилигине

Кыргыз элине

Массалык маалымат каражаттарына

КР өкмөтүнүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн алдындагы Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Төлөгөн Келдибаевдин кайрылуусу

Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери мамлекеттик система, адам укугу жана мыйзамдуулук сакталбагандыктан эки жолу элдик төңкөрүш болду. Ал системанын сыркындылары, адам укугун сактоо, мыйзамдуулук жөнүндө алдыга жылыш жокко эсе.

Ушундай мыйзам тепселип жаткан өлкөгө сырттан олчойгон инвестиция эмес, ички инвестиция да туруштук бербейт. Анан кантип Кыргызстан экономикалык жактан оңолсун. Же болбосо презинденттин Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясы, андагы айтып жаткан 350 миң жумушчу орун кандай түзүлөт. Баарынан мурда биз биринчи орунда адам укугун анын ичинде ички инвестицияны коргошубуз керек.

Ал үчүн өлкө башчысынан баштап жергиликтүү бийлик жана күч түзүмдөрүнө чейин жеке ишкерлерди колдоп, шарт түзүп, акыйкат жана мыйзам чегинде ишмердигин жүргүзсө гана ички өндүрүш жылып, бир топ салык төлөмдөрүн, жумушчу орундарын түзүүгө өбөлгө түзүлмөк.

Тилекке каршы, мыйзамсыздыктан жабыркаган ишкерлердин бирөөсүн далил катары мисал келтирсек. Ош шаарынын тургуну Дилбар Тоочиева аттуу жеке ишкер айым 2010-жылдан бери Ош шаарындагы «Олжоке» кафесин иштете албай, шылуундардын торуна түшүп соттон сотко каттап, кафени иштетүүгө алган кредитин төлөй албай, укук коргоо органдарынан акыйкаттык таппай жүрөт. Натыйжада ички потенциал, ички инвестиция аксап, мамлекетибизге оңбогондой зыян келүүдө. Мындай көрүнүштөр Кыргызстандын ар бир аймагында кездешээрин айтпасак да белгилүү.

Мамлекет, жергиликтүү бийлик ишкерлерге шарт түзүп жана аларды колдобосо, Кыргызстанды экономикалык, социалдык өнүгүүсү мүмкүн эмес.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

26-11-2012
Өлкөнүн саясий элитасын жакынкы жылдары бандиттик топтор түзүп калат
10298

13-11-2012
Кембагалдардын акчасы - бюджетке, а байлардыкы шайлоого
37375

29-09-2012
Ө.Бабановтун өкмөтүн жоопкерчиликтен кутулткан Ө.Текебаев менен Ф.Кулов жооп береби?
27026

20-04-2012
Чет мамлекетте жашаган кыргыздардын дилин сактоого, көмөк көрсөтүүгө милдеттүү эмеспиз
11544

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×