Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасындагы 1899 айылдын 60%ынын ичүүчү таза сууга мүмкүнчүлүгү жок. Калк сугат каналдарынан суу алып ичүүгө аргасыз болууда жана ачык көлмөлөрдөн, дарыялардан жана арыктардан , суу ташыгычтардан жана башка булактардан суу ичүүнү улантууда. Ичүүчү таза сууга жана жакшыртылган санитардык-гигеналык шарттарга мүмкүнчүлүктүн төмөндүгү Кыргыз Республикасындагы жакырчылыктын көрсөткүчү болуп саналат.
ПСВС-2 долбоорун ишке ашырууну жакшыртуу үчүн донорлордун өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №141 буйругу менен Долбоорду АРИСтин карамагына өткөрүп берүүгө чечим кылынган. Иш жүзүндө Агентство «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария – 2» долбоорун ишке ашырууга 2012-жылдын июль айында гана киришти.
АРИС тарабынан 2012-жылдын январында жүргүзүлгөн талдоо айылдык калктын 40%ы сууну арыктан, дарыялардан, каналдардан, булактардан, суу ташыгычтардан жана башка булактардан алып ичерин көрсөттү. Калктын 37,2%ы сууну тынымсыз же суткасына 12 сааттан ашык убакыт боюу алып турушат, ал эми калктын калган 62,8%ы сууну суткасына 12 сааттан аз алат. Мындан тышкары калктын 36,7%ынын ичүүчү сууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Калкын 20%ы сууну 500 метрден ашык аралыктан алып келип керектешет.
Улуу Британиянын Эл аралык Өнүктүрүү Департаменти (ДФИД) Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы (МАР) аркылуу «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария экинчи долбоорунун» В жана С компоненттерин ишке ашыруу үчүн сегиз жүз жетимиш бир миң алты жүз (871 600) фунт-стерлингден ашпаган суммада кошумча финансылоо бөлүп берүүгө макул болду.
Ушул Долбоордун максаты катышып жаткан коомчулуктардын ичүүчү сууга мүмкүнчүлүк алышын жогорулатуу; айыл жеринде санитардык-гигиеналык практиканы жекече, үй-бүлөлүк жана институттук деңгээлде жакшыртуу; республиканын үч облусунда: Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария секторунун институттук базасын жана потенциалын чыңдоо болуп саналат.
Долбоор өзүнө 4 компонентти камтып турат:
• А компоненти: Суу менен камсыз кылуу инфраструктурасы жана жабдуулары
• В компоненти: Санитардык-гигиеналык агартуу программасы
• С компоненти: Институттук өнүктүрүү
• D компоненти: Долбоорду башкаруу
АРИС 871 миң 600 фунт-стерлинг (болжол менен 1,33 млн.доллар) өлчөмүндөгү каражаттар төмөндөгү компоненттерди: Санитардык-гигиеналык агартуу программасын (АКШнын 680 миң доллары) жана Институттук өнүктүрүүнү (АКШнын 650 миң доллары) ишке ашырууга берилерин билдирет.
«Санитардык-гигиеналык агартуу программасы» деген В компоненти айыл жерлеринде санитардык-гигиеналык практиканы алга жылдыруу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү карайт; «Институттук өнүктүрүү» деген С компоненти айылды суу менен камсыз кылуу системасынын туруктуулугун чыңдоого, анын ичинде: ичүүчү суу менен туруктуу коопсуз камсыз кылуу стратегиясын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга; институттук базаны жакшыртууга, ошондой эле ичүүчү суу менен туруктуу коопсуз камсыз кылуу боюнча ченемдик актыларды иштеп чыгуу үчүн потенциалды чыңдоого; СООППВнын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Айылды суу менен камсыз кылуу департаментинин жана АРИСтин суу менен камсыз кылуу жагындагы потенциалын жогорулатуу максатында окутууга, практикалык сабактарды жана семинарларды өткөрүүгө, ошондой эле санитарияга жана гигиенага тиешеси бар маселелер боюнча көмөк көрсөтөт.
Проблеманын актуалдуулугу сапатсыз ичүүчү сууну пайдалануудан улам жугуштуу дарттардын санынын өскөндүгү жөнүндө маалымдамалар менен ырасталууда. Кыргыз Республикасынын айылдык калкынын коопсуз ичүүчү суу менен жетиштүү камсыз болбошу канааттандырарлык эмес санитардык шарттарда калктын курч ичеги-карын инфекцияларына жана гельминтоздорго чалдыгышын шарттап турат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымдамалары боюнча 2011-жылы дартка чалдыгуунун деңгээли төмөндөгүдөй болгон: мите курттар – 36%, бруцеллез – 5%, курч ичеги-карын оорулары – 31%, А вирустук гепатити – 14% жана башка дарттар – 7%, мындан тышкары республикадагы мектептердин 22%ы жана балдар бакчаларынын жана мектепке чейинки балдар мекемелеринин 14%ы суу түтүгү аркылуу келүүчү суу менен камсыз кылынган эмес, мунун өзү гигиеналык көндүмдөрдүн деңгээлинин төмөн болушу менен айкалышып, балдардын мите курттар козгогон дарттарга чалдыгышынын жогорку деңгээлин аныктап турат. Республика боюнча мите курттар козгогон дарттарга чалдыгуудан улам келип чыккан ар жылкы экономикалык зыян расмий статистиканын маалымдамалары боюнча алганда гана АКШнын 100 миң долларынан ашыкты түзөт.
Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу балдардын курч ичеги-карын ооруларынан улам өлүмгө дуушар болушунун деңгээлин азайтууга, калктын гельминттерге чалдыгышынын деңгээлин азайтууга тикелей таасир тийгизет жашоонун узактыгын жогорулатууга алып келет. Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы кризистик абал скважиналардын жабдууларынын, тазалоочу жана зыянсыздандыруучу жабдуулардын амортизациялык мөөнөтүнүн жогору болушу менен шартталган. Айылдардагы суу түтүктөрүн сервистик тейлөө системасынын жана өндүрүштүк лабораториялык когнтролдуктун жоктугу, материалдык-техникалык базанын начарлыгы, запастык тетиктердин, жабдуулардын, техникалык жана зыянсыздандыруучу каражаттардын жетишсиздиги суу түтүктөрүн тейлеген уюмдардын экономикалык абалынын оор болушуна алып келген.
Проблемаларды түп-тамырынан чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын суу менен камсыз кылуу секторун өнүктүрүүнүн Стратегиясы, мыйзамдык базаны шайкеш келтирүү (карама-каршылыктарды жана бирин-бири кайталаган жоболорду четтетүү), СООППВларды өнүктүрүү ж.б. зарыл болот.
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан ар бир долбоорго бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жаатында ар кандай сунуш-талаптарга жооп берүүгө даяр. Анткени, финансылык ачыктык жана каражаттарды максатка ылайыктуу пайдалануу - АРИСтин ишинин негизги принциптери болуп саналат.