Добавить статью
9:23, 30 января 2013 44989

Нарындыктардын таза суусу жана сууга эртеңки таңсыктыгы

Нарын шаарынын калкы негизинен үч суу алуучу жайдан суу ичишет жана пайдаланышат. Ырасмий маалыматтарда аталган калаада 35 миң адам бар деп маалымдалса, коомдук пикирде 50 миңге жакын адам жашап жаткандыгы айтылып келет. Ал эми Нарын суу-канал ишканасы 20 730 адамды гана суу менен камсыздарын билдирет. Айтор, «кызыкстан» Кыргызстандын бир анык кызыгы нарындыктарда жана алардын таза сууга болгон мамилелеринде ачык байкалат.

Жүрөккө тийген улуу дайра

Быйылкы жылы Нарын шаарынын негизделгендигине 150 жыл болгондугу маалымат каражаттарында кеп боло баштады. Ал эми Нарын шаарында талапка ылайык суу түтүктөр аркылуу элди суу менен камсыздоо 1941-жылы пайда болгондугун Нарын суу-канал ишканасы тарыхый булактар аркылуу тастыктайт. Бирок шаар калкынын басымдуу бөлүгү өткөн кылымдын 70-жылдарына чейин таза суу менен камсыздалган эмес.

-Анда балдар жаш. Бирин бешикке бөлөп, экинчисин жипке байлап коюп, үчүнчүсүн терметип тур деп табыштап, анан эки чаканы ийинге артынып, Нарын сууга жөнөчүбүз. Суу алып келүүгө бир сааттай убакыт кетчү,-деп эскерет 60-жылдардагы сууга болгон абалды Нарын шаарынын тоо бооруна жакын жайгашкан Академия көчөсүнүн тургуну, учурда 76 жашка келген Айткан Мүсүралиева апа. Алардын мууну ошентип ичкенге жана керектөөгө суу алуу үчүн бир нече чакырым аралыкка жөө барышып, апкөч менен ташыганга кириптер болушкан.

Ак-Бечелдин алтын доору

Ошентип 1941-жылы Шаркыратма агын суусунан агызылып келген суулар жыгач суу түтүктөр аркылуу өткөрүлүп, анын узундугу 2,3 чакырымга жеткирилет. 1960-жылдарда «Ак-Бечел» суу алуучу жайы курулуп, алгач суткасына 4 миң м3 суу бере баштайт. Мында эң башкысы ичүүчү суу тоо боорунан жылжып чыккан таза булак сууларынан алынат. Ал жылдарда суу түтүктөрдүн узундугу 23,2 чакырымга жеткирилет. 1970-жылдарда болсо Ак-Бечелге экинчи суу алуучу ири түтүк салынып, суу көлөмү дагы 2 миң м3ка көбөйтүлөт. 42 чакырым узундуктагы суу түтүктөргө 48 суу алуучу чорголор орнотулат. Бирдиктүү суу алуучу түтүктөр аркылуу шаар элинин 43,7 пайызы суу пайдаланганга жетишилет. Мындай иштиктүү аракеттер 80-жылдарда дагы үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылып, шаардын четки көчөлөрүнө чейин суу түтүк куруу жеткирилет. Ал эми Эгемендик жылдарда Дүйнөлүк Банк, «АРИС», «Ага-Хан» жана бир катар демөөрчүлөрдүн долбоорлору аркылуу шаардын чыгыш жана батыш бөлүктөрүнө 4,4 жана 1,6 чакырым аралыкка суу түтүкчөлөр жаңы курулуп, канализация системалары калыбына келтирилген. Суу менен камсыз болбогон бир катар жаңы конуштарга суу түтүктөр тартылган. Эң башкысы «Ак-Бечел» суу алуучу жайын дагы кеңейтүү үчүн жалпы наркы 89,7 миллион сомго +кмөт тарабынан 2009-жылы каржылоого алынып, ишти негизинен аяктоо 2012-жылы жүзөгө ашырылды.

Учур чактан бир үзүм маалымат

2013-жылдын 1-январына карата Нарын суу-канал ишканасы жалпы узундугу 101,54 чакырым аралыктагы суу түтүктөрдү, 112 даана суу чорголорду, 28,34 чакырым болгон ыплас сууларды өткөрүүчү түтүктөрдү тейлеп жаткандыгын маалымдайт. Шаар калкына суткасына 7,26 миң м3 көлөмдөгү үч суу алуучу жайдан (Ак-Бечел 6,0 миң м3, Батыш-0,3 жана Чыгыш-0,96 миң м3) суу берилип турат.

Ушул тапта 7440 түтүн, же болбосо 20 730 адам суу боюнча ардар катары эсептелет. Алардын 2118 түтүнү же 4888 киши суу-канализациясы бар үйлөрдө жашашат. 1506 түтүн (4514 жан) үйлөрүнүн ичинен суу чыккандар эсебине кирет. Көчө боюндагы суу чорголордон суу алгандар 3810 түтүн же 10 921адам. Шаар ичинде 218 мекеме-ишкана суу пайдаланат.

Таза сууну таңбайбыз, а бирок…

Кептин ток этээр жерине келсек, Нарын шаарында таза суу жагдайы татаал абалга кептелгенсийт. «+йдө тартса өгүз өлгөн, ылдый тартса араба сынган» учурду азыркы күндө шаардагы суу-канал ишканасы башынан кечирүүдө. Ал эми жалпы калк катмары эртеңки күндөн эч кабарсыз кабагым кашым дебестеп күн кечирип жатышат. Мында жергиликтүү бийликтин да, коомдук уюмдардын да көңүл коштугу ачык байкалат. Ал эми саясый партиялардын үнү белгилүү болгондой качан шайлоолор жакындаганда гана угулуп калат. Нарын шаарынын элин таза суу менен камсыздоодогу иш-аракеттерге баам салып, эң башкысы «кайдыгерлик», «кенебестик», маани бербестик» сыяктуу элибиздин канга сиңген сапаттары өтө терс таасирин берип жаткандыгын аргасыз мойунга алат экенбиз.

Экинчиси дал суу-канал ишкананын өзүнүн жаңыча ишти баштай албай ынтыгып тургандыгы.

үчүнчүдөн бийликтин чабалдыгы жана жогоруда учкай айтылып кеткендей кайсы бир жерде кыйкырыгы катуу чыккан коомдук жана саясый уюмдардын кызыкчылыктарынын бир беткейлүүлүгү.

Кеп кенемтемени ишканадан баштасак, көңүл кубанганга караганда «мышык ыйлаарлык» көрүнүштөр четинен калкып чыга келет. Албетте, Нарын суу-канал ишканасы колду чөнтөккө салып эле олтуруп алган эмес. Алсак 2012-жыл ичинде дээрлик жарылууга дуушар болгон 43 суу чоргону капиталдык оңдоодон өткөргөн. 76 суу кудукчасы тазаланып, өрткө каршы 5 гидрант алмаштырылган. Мындан сырткары күнүмдүк аткарылуучу иштердин турганы турган. Бирок ишкана жыл жыйынтыгын 6,5 миллион сом аласа, бир миллион сомдон ашык бересе менен аяктаган. Мындан эл 4,2 млн.сом бересе болушса, жалпы бюджеттик карыз 2,3 млн.сомду түзгөн. Ошол эле учурда ишкана, социалдык корго, алынган тетиктерге жана башкысы айлык акыга карыз менен жылды жыйынтыктаган. Ишкананын башкы кыбаачысы Токтобек Байгазиев жыл өткөн сайын оңдоо жумуштарды аткаруу кыйынчылыгы түзүлүп жаткандыгын белгилейт

-үч эле жыл мурда суу түтүктөрдөн жана чорголордон жылына 15-16 жолу жарылуу катталып келген. 2011-жылы ал 30га жетти, былтыр болсо 43 жарылууну кайра калыбына келтирдик. Айтор жыл өткөн сайын жарылуулар көбөйүүдө. Себеби суу түтүктөр жана чорголордун эскилиги жетти. Аларды учурунда оңдоп туруу үчүн акча каражат тартыш. Экинчиден кошумча тетиктер баасы кымбаттоодо. Мисалы бир эле электр кыймылдаткычтын баасы 50 миң сомго чыгып кетти. Биз болсо чарбалык эсептеги ишканабыз,-дейт Т.Байгазаков мырза. Калкка жана мекеме, уюм-ишканаларга кызмат көрсөтүүгө алынуучу каражатты чогултуу салыштырмалуу арбыган. Маселен калк жыл ичинде 2,2 миллион сомду ичкен суулары үчүн төлөп беришип, белгиленген тапшырма 78 пайызга аткарылган. Бирок ичкен суу үчүн акы доолап алуу чеке жылытаарлык абалда аткарылбай жаткандыгын жергиликтүү бийлик белгилейт.

-Суу-канал ишкана жактан элге түшүндүрүү иштер жасалбай жатат. Экинчиден толук кандуу иликтелген жумуш аткарылган да жок. Мисалы чын эле үйлөрүнө суу киргизгендер саны 1500 түтүнбү же андан көппү эч ким так айта албайт. Ошол эле учурда ишкананын үстүнөн арыз-даттануу көп түшүүдө,-дейт Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Суранов мырза. Шаар бийлиги айтса-айтпаса төгүнбү, жогоруда белгиленгендей ишкана 20 730 гана адамды суу менен камсыздап жаткандыгын билдирет. Демек ырасмий маалыматтарга таянганда эле дагы дээрлик 15-17 миң адам катталбастан эле суу ичип жатат дегендик эмеспи.

-Биздин шарт боюнча суу чоргодон 300 метр алыстыкта жашаган адамдар абонент катары эсептелбейт,-деп жооп кылды ушул өңүткө Т.Байгазиев мырза. Ал эми ишкананын кесип бирлик уюмунун төрагасы Ыйманакун Жамгырчиевдин баамында таза суу көйгөйүн чечүүдөн мурда баш аламандыктарды жоюу зарыл.

-Ишканада бир оңчулуктуу атайын техника жок. Короонун кебетеси кетип бүттү. Анан кайдагы иш. Башка мекемелерден экскватор сураш эле кошумча миңдеген сомду чыгаша кылууда. Азыр болсо үйүнөн суу чыгарууга уруксаатты баары тең берип жатат. Мындайча айтканда эсеп жок. Ал эми ичкен суусуна карапайым эл байкуштар төлөйт. Эзели оңой менен чиновниктер төлөбөйт. Уруксааты жок мончо салып алгандар бар. Ал пенсия алган адам эмес, бир стөлдү кучактап олтурган жетекчи болуп чыгат. Анан кантип оңолобуз,-деп мунканат Ы.Жамгырчиев мырза. Кесип бирлик лидери айтмакчы сууга миңдеген сом төлөм төлөбөгөн жарандардын аты-жөнүн кезиктирдик. Бирок ишкананын айрым тиешелүү кызматкерлери алардын аты-жөнүн атоодон жаа бою качышты. Көрсө ишканада ачык-айкын маалымат берүү жөрөлгөсү дагы деле бышып жетиле элек экен.

Натыйжада ичкен сууга акы төлөгөндү мындай кой, үйүмө суу жеткирип бер деген жарандар да четтен чыгары айгинеленди. +з ысымын Кадыр деп атаган 72 жаштагы карыянын жеке пикиринде суу-канал ишканасы суу чорголорду күндө кышында муздан арылтып чагып турбагандыгы үчүн анда иштегендер жоопкерчиликке тартылышы керек.

-Ой, биз суусу жок жанакы чөл мамлекеттер болсок да эмне болуп кетиптирбиз. Эмне үчүн булар кудайдын берген суусун да бизге түзүк беришпейт. Ошон үчүн иштеп айлык алып жатышат. Элден сууга деп акча сурап келишсе кыйын, ал эми водопроводдогу музду чагышып, тазалаганга келгенде бирөө да жок. Ошон үчүн бая өгүнү мындан ары сууңарга акча төлөбөймүн деп, келгендерин өз жолуна салдым,-деди Кадыр аттуу карыя.

үчүнчү абалды бийликтин алсыздыгына байланыштыруудабыз. Эмне үчүн? Башкысы мамлекеттик төлөмдөрдү суу үчүн убагында эсептешүү жүргүзүлбөгөндүгү. Алсак Нарын шаарындагы 2025-чек ара аскер бөлүгү 2013-жылдын 1-январына карата 157 миң, №87-кесипчилик окуу жай 226 миң, шаардык билим берүү мекемелери жалпысы 1370 миң сом суу акыларын беришкен эмес. Натыйжада мамлекетте дагы «баары бир сууга акы төлөнөт да» деген кыяздагы көндүм адат арыла элек. Демек мындай көз карашта кайдыгер мамилени жалпыбыз тең уланта берип, жыйынтыгында эртеңки күнү суусуз олтуруп калаарбызды түшүнбөсөк, анда алдыда оор кырдаалдар күтүп турганы турган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×