Добавить статью
6:16, 6 февраля 2013 23695

Польшалык аскерлер Жалал-Абадда

1941-1942-жж. Бүткүл Советтер Союзундай эле Кыргызстан үчүн, ошондой эле Жалал-Абад областы үчүн өтө оор жыл болгон. 1941-жылы областын калкы 22 миң киши болуп, 8 миң киши согушка жөнөтүлгөн. Жалал-Абад шаарынын тургундарынын абалы өтө оор болуп, бир жагынан согуш экинчи жагынан өндүрүштө узакка созулган оор жумуш, ачкачылык, эпидемия. Ушундай кыйналып турган мезгилде “Асмандан түшкөн чагылгандай” Поляк аскерлеринин келиши элдин абалын андан бетер кыйындаткан. Жалал-Абад эли, областтын, шаардын райондун жетекчилери “тик туруп”, жогорку жактагы Москвадан, Фрунзеден, Ташкенттен келген буйруктарды өз убагында так аткарып турушту.

1942-жылдын 12-январында Алма-Атадагы Польша элчилигинин өкүлү К.Венцек Жалал-Абад областтык аткаруу комитетинин төрагасы А.Суеркуловко элчиликтин атынан Жалал-Абад областында Польшалык гражданин Комарницкий Марянды элчиликтин ишенимдүү өкүлү катары, анын жардамчылары Фалла Леона, Гиллер Нуссинаны көрсөтөрүн билдирген, жана аларга жергиликтүү бийлик ар тараптуу жардам көрсөтүп туруусун суранган.

Ал эми 18-январда же болбосо Улуу Ата Мекендик согуштун 205-күнү,

5-Польшалык жөө аскерлер дивизиясынын командири генерал Борута-Спехович, ген. штабтын началниги полковник Берлинг, штабдык кызматкер подполковник (-)Сейбаль (инциалы архивдик док. ушундай көрсөтүлгөн ). Жалал-Абад областынын жетекчилигине 5-Поляк дивизиясынын, 11 миң кишиден ашык аскерди ( архивдик док. боюнча). жайгаштырып, оокат-азык жана башка керектүү нерселер менен камсыздандырууну сурап, кайрылуу жазган.

Жазылган кайрылуунун мазмунуна караганда дивизиянын командалык составы шаарга биринчилерден болуп келгендиги байкалат. Дивизиянын штабынын жайгашкан жери канаттандыраарлык деп белгилеп, 3 жеңил машинага, штабдын аттарына 30 орун даярдап беришин сурайт, ошондой эле байланыш батальонунун (батальон связи) жайгашкан имаратын белгилеп, керектүү буюмдарына кампанын (складдын) жоктугун, батальондун аскердик чогулуп, тизилүүчү аянттын жоктугунан улам айланасын дубал менен курчап, тосуп берүүсүн суранган.

Аны менен катар двизиянын февраль айында Жалал-Абадка келе турган бөлүктөрү үчүн:

1. Караулдук рота составы 4 офицер,120 аскер;

1.Взвод полевой полиции 4 офицер,125 аскер ;

2.Парковый взвод 2 офицер,60 аскер ;

3.Аялдар ротасы 120 аскер ;

4.Автоколона 4 офицер, 67 аскер, автомобилдерди оңдоочу мастерской ;

5. Призывной комиссии( жаңы солдаттарды абыл алуу) 10 офицер+10 медперсональ. Жаңы кабыл алынгандар үчүн 200 орундуу имарат;

6.Гарнизондун комендантына, күзөтчүлөрүнө караул жана гауптвактага: туруктуу составы 5 офицер 10 аскер караул 40 аскер гауптвактага орун 20 аскер;

7. Госпиталь 200 орун (кроват);

8.Санитарный батальон 25 офицер +220 аскер медиктери +18 медайым

9.Полевая пекарня (талаа нан бышыруучулары) 1 офицер + 80 аскер, 16 нан бышыргыч мештерге орун;

10.Разведовательный рота ( чалгындоо ротасы) 5 офицер 120 солдат;

11.Команда военных складов (согуштук кампа командасы) 5 офицер, 120 аскерлер үчүн жашоочу аскердик жатакана менен камсыз кылуу ңтүнүчү билдирилген. Аскерлер жана офицерлердин жашаган жерин складка жакын болушу маалымдалган.

Дивизиянын 13-14-полктору шаардан сырткары Благовеүенко айылына жайгаштырылган, полктун штабы, театры, санитардык бңлүк, складдары колхоздун конторасына, клубуна, мектептерине жайгаштырылган. Ортонку звенодогу офицерлер жана жогорку ком. состав жана аткычтар аскер чатырларына жайгаштырылганын айтып, жогорку ком. составды колхозчулардын үйүнө жайгаштырууну суранган. Аскер чатырларынын ачык жерге жайгаштырылгандыгына байланыштуу күн ысыган мезгилде аскерлердин жашоосу кыйын болоорун эскертилген.

Архивдик документтерде 15-полк Сузак айылына жайгаштырылып, жалпы шарты Благовеүенкодогудай экенин, өзгөчөлүгү чатырлар, дарактардын көлөкөсүнө тигилгендиги жана аскер жылкылары эки тарапта да мамыларга байланганынан улам тез аранын ичинде атканаларды куруп берүүсүн сурангандыгы боюнча маалыматтар кездешет. Артилериялык полк жана зениттик дивизион Пахта-көчөсүнө жайгаштырылганын, имарат менен камсыздалганын бирок шарты өтө начарлыгын, лагер турган жерде бир да дарак жоктугун, мүмкүн болсо башка ыңгайлуу жерге которушун суранган.Сураныч каттарда тңмңкүлңр:

“-1-полк менен саперный батальон жайгаштырылбагандыктан, кампа үчүн мурда алган 3 жер төлө компасынан тышкары 150 м2 май жана туз, 150 м2 арпа, 150 м2 .жер төлө түрүндө жашылча сактоочу, 300 м2 аскер буюмдарын,200 м2 отун сактоочу компаларды таап беришин, темир жол аянтынан 150-200 м2 үстү жабык айванча(навес) берүү;

-Дивизиянын полк жана батальондорунун жайгашкан жерине ылайык ашканалардын куруу;

- 50 жылкы бата турган ветеринардык госпитальдын баардык жабдыктары менен камсыз болгон имарат менен камсыздоо;

-Чиркөө үчүн (сыйынуучу жай ) имарат жана өлгөндөрдү көмүү үчүн жер участогун бңлүп берүү.

-Шаардын борборунан театр үчүн имарат, жылкылар үчүн чоң чөп жыйнай турган аянтча, үстү жабык навес түрүндө суткасына 800 кишини тейлей ала турган мончо куруу;

-Госпитальдын ванна, автоклав, рентген керектүү өлчөмдөгү жарык, химиялык –бактериологиялык лабораториялар менен жабдылышын, камсыз болгонго чейин жергиликтүү поликлинниканын тез жардамдын жардамынан пайдаланууга уруксат берүү;

-Санитардык курстарды окутуп, үйрөтүү үчүн керектүү окуу буюмдарын, ок-дары сакталуучу кампа куруу үчүн курулуш материалдарын бңлүп берүү кңрсңтүлгңн.

САВОдон (среднеазиятский военный округ). тактикалык карта келгенче Жалал-Абад областынын картасыын берип турушун, эшолондор келип турган учурда жеңил же кичине жүк ташуучу машиналар менен камсыз кылышын, шаарда турган аскер бөлүктөрүн электр жарыгы менен камсыз болушун суранышкан.

Байкасак ошол оор согуштун алгачкы жылдарында поляктардын койгон талаптарын аткаруу кандай кыйынчылыктарга тураарын баса белгилңңгң болот, Андан бери 70 жыл өтсө да азыркы мезгилде XXI кылымда андай талапты аткаруу кыйын.

Мезгилдин оордугуна карабай (ошол учурда СССРдин борбору болгон Москва шаары немец баскынчылары тарабынан курчоодо калган) 1942-жылы ген.штабдын подполковниги Сейбаль Жалал-Абадка келе жаткан 5-Поляк дивизиясынын аскерлерине 20 000 порции (аскер адамына тиешелүү тамактын бөлүгү), 15 тонна ун , 20 тонна жашылча, жылкыларга 20 тонна арпа жана чөп-тоют даярдап туруу талабын тийиштүү мекемелерге (облзагатконторага, облзагатзерного, облзагатсеного), эт комбинаттарга жөнөткөн.

Келген дивизиянын штабы Жалал-Абад шаарынын типографиясына жайгаштырылган, ал эми аскердик госпиталь Комсомол көчөсүнүн №15- имараты 3 этаждуу педагогикалык окуу жайдын имараты- азыркы учурдагы ЖАМУнун башкы корпусу болгон.Мындан сырткары Токтогул №9 көчөсүндө жайгашкан орехоплодовош трестинин имараты: 3 секциялуу кампа (склад) контора, 2 үй жашоо үчүн, склад –подвал, склад-гараж, жөнөкөй склад берилген. Токтогул №11 көчөсүндө жайгашкан облпотребсоюздун имараты, Советская №48 көчөсүндө жайгашкан №7 орто мектептин имараты, шаардык ветеринардык даарылоо пункуту,педучилишанын Токтогул көчөсүнө жайгашкан жатаканаларынын 6 корпусу, кухнясы, кир жуучу жайы берилген. Колхоз Кагановичтин клубу, складдары, ашканасы, Сузак айылындагы Сталин колхозунун клубу, пахта кургаткыч шыйпаңдары, 3 чайканасы берилген. Благовешенко айылындагы “Октябрдын 10 жылдыгы” колхозунун клубу, кампалары,колхоз конторасы, мектеп имараттары поляк аскерлерине бңлүнгңн. Бул имараттарды бөлүштүрүүдө шаардык советтин аткаруу комитетинин төрагасы Арыстановдун, областык комуналдык чарбанын жетекчиси Будариндин жасаган эмгектери өтө зор.(архив. матер. фонд 43,опись 1, иш 196 ,барактар 47-48 )

Ушул берилген имараттардын бардыгы эки тараптуу келишимдин негизинде түзүлүп, колдонуу, келишимди бузуу СССРдин мыйзамынын чегинде болушу көрсөтүлгөн. Арендага алынган имараттардын төлөө акысы да СССРдин мыйзамында кңрсңтүлгңн суммада болгон. Келишим эки нускада түзүлүп, бирөө обл кеңештин аткаруу комитетинде, экинчиси 5- Польшалык дивизия командалык штабында сакталган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×