Добавить статью
3:25, 18 февраля 2013 19493

«Эл сөзү» - эл сөзү эмес!

«Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат» деп кайсы кыргыз айтса дагы даана даанышман болгон экен. 20 жылдан бери курабыз деп кура албай келе жаткан демократиянын энтамгасы - сөз эркиндиги. Ошол эркиндикти айкөлдүн урпактары кандай пайдаланып жаттык экен?.. Азыр мен кайсы таанышыма жолуксам эле: «Гезит ачтым, өзүм кожоюн, өзүм баш редактормун, иштеп бербейсиңби!..» деп турат. 1000-1500 нуска менен «өлбө жаным өлбөлөп» чыгып келе жаткан гезиттерди санап үлгүрбөйсүң. Мага десе 1 даана чыгарып, Ак Үй, Көк Үйдү аралай чуркап, чоңдорду бирден окутса да мейли эле. Мени күйгүзгөнү – эне тилди кордоп, адамдык ар-намысты тебелеп жаткан гезит сымалдардын чыгып жаткандыгы.

«Эл сөзү» деген ээн ооз гезит бар. Окусаң Манастын тили ушундай кордолобу деп жакаңды карманасың. Кыргызстаныбыз бир жиндикана, аны башкарып жаткандар сокур, төкөр, көк көз, кодо, калмак, ууру, террористтер, иши кылып адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу типтер болуп чыгат. Дагы жакшы ал гезит кыргыз тилинде чыгып, тар чөйрөгө таралып жатат. Бир эле макаласы орусчага которулуп чыгып кетсе, окуган башка элдер башка жагы менен күлүшмөк.

Гезиттин акыркы чыккан (4-февраль 2013-жыл) санындагы «шедеврлерге» анча-мынча көңүл бурсак: «Секс группалар – «текенин белдиги» деген фельетон сымалда Жогорку Кеңештеги коалицияларды секс группалар деп атап, ошол «табылгасына» шилекейи ага маашырланып жазат Мидиндин жээни, Ибн Саяк аль ЖУМГАЛИ деген автор.

«Энекеме ишенип, эрсиз калдым ой-дай…» деген ашкере табылгалуу макаланы гезит кагаздан болгону үчүн эле көтөргөн экен. «Кайсы жинди кыргыз баламдын аты…» деген сүйлөмдү окуй албай уялдым. Автордун пикири боюнча, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн баары «вор», Отунбаева массонка экен. 2011-жылы өткөн Президенттик шайлоо «ворлордун» сходкасы болуптур.

«Шишиңер толду!!!» дегенде «Анан А. Масалиев, К. Акматов, Т. Тургуналиев, Ж. Жекшеев сыяктуу көсөмдөр кошо таркап, кинонун тасмасындай «дүйнөдөн өтүп кетти» деп жазышыптыр. Апсамат аксакалдан башкасы бул дүйнөдө эле жүрүшпөйбү?.. Казат агай! Мен жазып жаткан макала колуңузга тийип калса, «Эл сөзүн» алып бир барактап көрбөйсүзбү? Сөз баккан, сөз сыйлаган, сөздү ыйык туткан адамсыз. Гезит сымалга акыйкат баа берерсиз.

Гезиттин бир бетинде Турсунбек Акунду Акыйкатчы болушу менен куттуктап жатып, Президент экөөңөр тең дөөпөрөссүңөр дешиптир. Анан гезиттин башкы редактору Ашырбек Болотовду төмөндөгүчө макташыптыр: «… саяктын чыгааны Ашырбек Болотов оозун ача электе көзүңөн бардык «секретный информацияларды» билип алат эмеспи. Бекер жерден «еврейдин башын ачса мээсинде бир татар тамеки тартып, ары-бери басып жүргөн экен. Бул эмне тынчсызданып жатат деп татардын башын ачса, ичинде бир саяк чай ичип отуруптур», деп айтылбайт да. Анын үстүнө Ленин ата саяктын токторунан дешүүдө». Мактоо болбосоң кое кал! Улуттук Коопсуздук комитетин каржылап убара болбой, Ажонун жанына Болотовду эле отургузуп койсок кантет?.. Келгендердин көзүнөн «секретный информацияларды» окуп берип турсун. Бу Ашырбек аксакал «саякомания» деген оору менен ооруйт окшойт. Саясат, экономика маселесин көтөрүп жатканда да, сөз арасында өзүнүн саяк экенине маашырлана берет экен. Интервью алып жатып деле «менин саяк экенимди кайда билдиң?» - деп маектешин кайра эле «саяк» темасына жетелей берет экен. Гезит авторлорунун баары эле саяк «жыттанып» турат окшобойбу: Кадырбек Керимбаев (Саяковский), Ибн Саяк аль Жумгали ж.б.

Сөз болуп жаткан басылма «Оппозициялык Кыргызстанды сактоо кыймылы» деген уюшманын трибунасы өңдөнөт. Аталышынын өзү мандемдүү. Туурасы «Кыргызстанды сактоо оппозициялык кыймылы». 5-6 адам бири-бирин мактап, бийликтерди болсо боктоп, бири-биринен интервью алып отура беришет экен. Кудай жалгасын, бири-биринен күнү-түнү интервью алышсын. Бирок, оболу кыргыз тилин сыйлашсын. Булар ижарага алган имаратта кошуна болуп Жумагазы Садыр уулу деген кыргыз тилинин атактуу партиоту отурат. Непадам, гезит ал кишиге тийип кала турган болсо, кордолгон кыргыз тили үчүн бир ай уктабай калышы толук мүмкүн.

Тамга тааныгандан бери кыргыз тилинде ой жоруп, китеп окуп, тил жаатында жогорку билим алып, анча-мынча калем кармап жүргөн адам катары «Эл сөзүнүн» тилге кыянатчылыгы жанымды кашайтты. Мас отуруштун икаялары, мээсинде мандеми бар жазмакерлердин «шедеврлери» басма сөз болуп элге тарап жатышы санаага салды. Кыргызстан Жазуучулар, Журналисттер Союздарына, Мамлекеттик тил комиссиясына, деги эле кыргыз басма сөзүнүн өнүгүүсүнө кайдыгер карабаган бардык жарандарга коңгуроо каккым келди. Ушул тентектериңди өзүң тый, калайык!

Анан да Ажо баш болгон, Өкмөт башы төш болгон эл жакшылары ушул «уникалдуу» гезитти окушса, өздөрүнүн кодо, көк көз, дөөпөрөс, кемпай, келесоо, террорист, басмачы, алкоголик… иши кылып дүйнө дүйнө болгондон берки эң коркунучтуу адамдар экендиктерин жакшылап билип алышат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×