Добавить статью
3:32, 18 февраля 2013 24098

А.Текебаевдин арбагын жайына койгула

Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбековго

Жогорку Кеңешинин депутаты Гуласал Садырбаевага

Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарымдуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматовго

Кайрылуу

Биздин сиздерге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө:

2010-жылы апрель жана июнь айларындагы Кыргыз Республикасынын түштүк регионунда эгемендүүлүктү сактап калуу жана жок болуп кетүү мезгилинде rыргызстандыктардын чыгаан эл уулдарынын аракети бүгүн келип жокко чыгарылбаш керек. Кээ бир чагымчыл элеметтер биздин ишке жараган азаматтардын иш аракетин жокко чыгаруу максатында бүгүнкү күндө Кыргызстандын патриотумун деп тарыхтан чыныгы атуулдардын атын жокко чыгарууга аракеттенүүдө.

Биз, “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Жалал-Абад областтык уюму жана жалпы эле прогрессивдүү деп аталган калайык калк өлкөбүздүн саясий стабилдүү өнүгүүсү үчүн деген жарандар Кыргызстандын эгемендүү болуп сактап калуусунда, бүгүнкү жашап кетүүбүзгө чыйыр жол салган атуулубуз Текебаев Асилбек Чиркешовичтин арбагын жайына коюп, курулай бүгүнкү күндөгү ушак айың сөздөргө кошулбай, ал кишинин Кыргызстан үчүн жана анын келечегиндеги кең ойлорун эске алып, элесин коргоо иретинде кайрылабыз.

Маркум Текебаев Асилбек Чиркешовичтин кыска өмүрүндө Кыргызстан эли үчүн иш аракетин, өлкөбүздүн келечеги үчүн чыйыр жол катары түшүнөбүз.

Өлкөбүздүн түндүк-түштүк дебей бөлүнүүсүнө жол бербеген бир туугандык саясатына ынанабыз.

Ал кишинин бир туугандык кыргызстандык, атуулдук сезими жана жарандарга кайрылган патриоттук ой-сезимдери ар бир Кыргыз эли үчүн жана алардын келечеги үчүн керек деп ойлойбуз.

Бүгүн,кыргызстандыкмын деген атуул, жаран өлкөбүздүн биримдиги жана бүтүндүгү үчүн жаратман аракетке баруусу зарыл. +мүрү өтүп кетсе дагы маркум Асилбек Текебаевдин атын сатуу менен саясат жаратуу жана күнүмдүк саясатын жүргүзүү туура эмес деп ойлойбуз. Ал киши өмүрүндө Кыргызстандын бөлүнүүсүн, жарылуусун кааалаган эмес жана туура саясат жүргүзүүгө аракет жасаган.

Биз, “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Жалал-Абад областтык уюмунун мүчөлөрү жалпы эле тынчтыкты каалаган маркум Асилбек Чиркешовичтин жок жерден жаман аттуу болуусуна жол бербейбиз жана бул боюнча туура сөздү массалык маалымат каражаттарынан чагылдырылышын талап кылабыз. Кээ бир областтык жана республикалык деңгээлдеги теле көрсөтүү, радио берүүлөрүндөгү ушак айыңдарга мыйзам деңгээлинде чек коюуну өтүнөбүз.

Өзгөчө, жергиликтүү менчик теле көрсөтүүдө +мүрбек Чиркешовичтин жана Асилбек Чиркешовичтин абирине шек келтирген бир тараптуу көрсөтүүлөр жалпы элге таңууланууда. Биз, бул аргументтерге көпчүлүк калк кошула албайбыз, нааразылык билдиребиз. Мындан ары жалпы массалык маалымат каражаттарынан ушундай ушак айың, такталбаган маалыматтарды берүүлөрүн токтотууну өтүнөбүз.

Сиздерден ушул кайрылуубузду элге жеткирүүгө жана көзөмөлгө алууңуздарды өтүнөбүз.

Жалпы 200 кишинин колу коюлган

(Көчүрмөсү сакталуу)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×