Добавить статью
5:38, 18 февраля 2013 20300

Жакшыдан жардам

Кыргыз Республикасынны Жогорку Кеңешинин вице-спикери, "Өнүгүү" саясий партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевге 2012-жылдын июль айында Ноокен районунун Бүргөндү аймактык милиция бөлүмчөсүнүн тескөөчүсү Алмаз Сапарбаев уулу Нурмухаммеддин тубаса оорусуна жардам берүүсүн өтүнүп кайрылган. Кайрылгандардын өтүнүчүн канааттандыруу максатында вице-спикер Нурмухаммеддин колуна 10 000 доллар берип дарыланып келүүсүнө ак батасын берген эле. Тубаса ооруга чалдыккан Нурмухаммед азыркы учурда 9 жашта болсо да, ушу кезге чейин 12 оор операцияларды башынан өткөрүп, дарыланып келет. Баланын дартынан арылтууга Кыргыз медицинасынын мүмкүнчүлүгү жоктугунан, Нурмухаммед Турциянын Стамбул шаарында ноябрь айында барып, ал жерде 50 күн жатып дарыланып, 2 операция жасалат. Натыйжада, азыр Нурмухаммед кадимкидей биздин катарыбызга кошулуп, ата-энесинин сүйүнүчкө бөлөө менен кошумча сабагын үйдө өткөрүп жатат.

Ал эми 17-февраль күнү Нурмухаммеддин өмүрүндө экинчи төрөлгөн күн болду деп атасы Алмаз Сапарбаев уулуна той берди. Анткени Нурмухзаммеддин атасы баласы ооруп кыйналып жүргөндө балам эгер сакайып кетсе элден бата алып той берээр элем деген кыялына жетип, элден бата алып, той берди. Нурмухаммеддин ден-соолугуна жакындан жардам берип Турцияда ооруканада жатканда да жанына барып материалдык-моралдык колдоо көрсөткөн ЖКнын вице-спикери Бакыт Төрөбаев Нурмухаммедке кунан мингизип, колуна камчы карматып, кыргыз элинин келечегине жараган азамат уул болуп жетилүүсүн тиледи.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

19-06-2012
Кыргыз жаштарынын саясаттагы орду жана ролу
41010

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×