Добавить статью
5:36, 26 февраля 2013 23887

Президентке кайрылуу

Кыргыз Республикасынын президенти

Алмазбек Атамбаевге

Өзгөн райоунун тургуну,

Апрель элдик революциясынын Баатыры

Төлөгөн Жолдошевден

К А Й Р Ы Л У У

Кадырман президент!

Мен Сизге кайрылып жатканымдын себеби: Ош облусунун райондоруна жана шаарларына, ошондой эле айыл округдарына Сиздин коррупцига каршы күрөшүү боюнча демилгеңиз дегеле жете элек. Ошондуктан, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге 17 миң сомдук кундуз телпек кийгизип, кымбат баалуу чепкен жапкан, кой союп өлө өрүлүктөгөн айтылуу партократ Кадырбек Курманбеков 2012-жылдын бери үч ирет жазанбай калбай. Мындайча айтканда, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетти.

2008-жылы бүткөрүлгөн Чаңгеттеги спорт залы менен 2012-жылы майда бүткөрүлгөн айылдык клубду мамлекеттик кабыл алуу комиссиясы өткөрүп берсин деген Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбековго арыз менен даттаганымда, ал облустук жана райондук архитектураны, мындан тышкары антимонополия кызматтыгынын текшерүүчүсү Шайымкуловду Чаңгет айылына жөнөтүп, текшерткен. Архитектуранын кызматкерлери салынган имараттарды көрүп туруп, «Азыркы заманда мындай курулушту салгандар кем. Жакшы эле бүткөрүлүптүр» дешкенин көрдүм. Мен спорт залга мамлекеттен 5,5 млн сом, клубга 3 млнго жакын мамлекеттин казынасынан короп жаткан акчанын канчасы курулушка жумшалганын, канчасы сол чөнтөккө солонгонун билүү максатында жазганыма бухгалтердик билими бар экономистер келбестен, архитекторлор келишкен.

Баса, бул сапар бухгалтердик билими бар адамдар текшерет го деп бекем ойлогом. Тескерисинче, башкача болуп кетти. Бул жерде менен жалаё архитекторлорду баштап келген Раимбай Шайымкуловго таптакыр түшүнбөдүм.

Айтмакчы, сыртынан караганда бул курулуштар түзүк эле көрүнөт. Курманбековдун мээнетинде сөз жок. Бирок, азыркы сөз боло турган иш 2012-жылы майда бүткөрүлгөн клубга Кызыл-Кыядагы ЖЧК «Изоэль» жана ЖЧК «Старт» фирмалары катышпаса деле, бирок, Курманбековдун жеке көрсөтмөсү менен түзүлгөн тендердик комиссия аларды катышты деп жасалма документ тууралашкан.

Эң кызыгы: аталган фирмалардын жетекчилеринин колдорун Кадырбек Курманбеков өзү койгон. Ал эми тендердик комиссиянын төрагасы Ж. Пратовдун колун дагы Курманбеков өзү тууралаган.

Өзгөн райондук прокуратурасы муну билип туруп, Ж. Пратов менен бухгалтердин ишин гана сотко өткөрүп, ал эми Курманбековдун ишин кыскартып таштаган. Ошентип, айыпсыз эки кадр ак жеринен соттолуп кетишти.

Эми бул жерде Президент Алмазбек Атамбевдин «Мамлекеттин чөнтөгүнө кол салган депутат, аткаминердин орду – түрмөдө» деген сөзү али Өзгөнгө жете элек. Болбосо бирөөлөрдүн ордуна кол койгон Кадырбек Курманбеков эмдигиче жоопкерчиликке тартылышы керек эле.

Бул боюнча Чаңгет айылынын тургундары Майрам Сыдыкова жана Салимбү Жаңыбаеванын Өзгөн акимине жана райпрокуратуруга жазган даттанууларынан эмдигиче жыйынтык чыга элек.

Айтмакчы, ушул клубду К. Курманбековго караштуу ЖЧК «Оомат-Чаңгет» жеңүүчү деп тендердик комиссия документ тууралаган. Айтмакчы, бул фирманы К. Курманбековдун жубайы Каныкей Курманбекова башкарат. 2008-жылы бүткөрүлгөн спорт залды дагы ушул фирма бүткөргөн. 2013-жылдын 18-январында Чаңгет айыл округуна караштуу Өстүрүү айылындагы К. Курманбековго кул болуп көмүр казып, салыкты жеке арызы боюнча Губернатордун өкүлү Р. Шайымкулов текшерип, Курманбеков ушул жоругу үчүн эле мыйзам чегинде жоопкерчликке тартылат деп ишендирген.

2013-жылдын 18-январында Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбеков атайын Чаңгетке барып, жыйын өткөргөн. Бирок, чогулуштун алдында Курманбеков эл арасындагы олтурган Абдыламит Абдырасуловду «Менден ким көмүр кенин талашса,мен а кишиге көргүлүктү көрсөтөм. Ошондо менден эч Ким капа болбосун!» деп опузалаган.

Ошол эле К. Курманбеков ошол Акчаңгыл айылындагы 50 гектар аянтты бирөөлөрдүн үйүн жана огороддорун кошуп жайыт деп жаздырып алган. Кийинчерээк ошол жерге жаратылышты колргоо Жана жайыт комитеттеринен лийензий дагы алып алган. Баса, бул лицензия Өзгөн райакимчилигинин макулдугу менен берилиши керек эле. Тилекке каршы, антишкен эмес. Буга Бишкекке жайланышкан министрликтердин кандай тиешеси бар? Ошондуктан, бул лицензияларды дароо жараксыз деп табуу абзел!

Төлөгөн ЖОЛДОШЕВ, Өзгөн райоунун Чаңгет айыл өкмөтүнү тургуну, Апрель элдик революциясынын Батыры.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×