Добавить статью
7:19, 28 февраля 2013 37875

«Ата Мекен» кезексиз курултай чакырышы керек

«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Абдувахаб Мониевдин «Ата Мекен» социалисттик партиясынын төрагасы, партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясынын лидери Ө.Ч.Текебаевге кайрылуусу.

«Урматтуу Өмүрбек Чиркешович! Бүгүн «Ата Мекен» партиясынын өлкөдөгү саясий иш-аракеттерине, ээлеген позициясына байланыштуу чалкеш маселелер пайда болду. Партия 2010-жылдын апрель айынан кийинки тарыхый мүмкүнчүлүктү туура пайдалана албай, көптөгөн тактикалык каталыктарга жол берди. Өзүнүн мурда жар салган идеалдарынан, принциптеринен тайып, стратегиялык максатынан алыстоодо. Партиябызга карата элдин көзкарашы, коомдук пикир кескин өзгөрдү.

Кетирилген каталык, кемчиликтерди талкуулап, реалдуу баа берип, ошого жараша чечим кабылдап, партиянын келечек кадамдарын аныктап алышыбыз зарыл. Ошондуктан, «Ата Мекен» партиясынын республикалык саясий кеңешинин мүчөсү катары мен тез арада партиянын кезексиз курултайын чакырууну сунуш кылам. Бул курултайда:

1. «Ата Мекен» партиясынын бардык мүчөлөрү өз партиясынан Жогорку Кеңеш депутаты жана өкмөт мүчөсү болуп, мамлекеттик кызматка барган адамдардын ар биринин 2010-жылкы парламенттик шайлоодо шайлоо фондуна кошкон финансы каражатынын суммасы тууралуу ачык маалымат алышы керек. Апрель төңкөрүшүнөн кийинки талап-тоноочулук, чет өлкөлүк - орусиялык компаниядан 1 миллион доллар пара алуу сыяктуу партия лидерлерине тагылган айыптоолордун жалган же чын экендиги да аныкталууга тийиш. Анткени, «Ата Мекен» мамлекеттик кызмат орундарын соодалап, акчага сатпагандыгына, ошондой эле, лидерлери уурулук, каракчылык кылбагандыгына биринчи кезекте партиянын жалпы мүчөлөрүнүн көзү жетип, ишениши кажет.

2. «Ата Мекендин» мамлекеттик бийликтеги өкүлдөрүнүн ишмердигине тиешелүү баа берчүү мезгил келип жетти. Партиянын өкмөттөгү айрым өкүлдөрүнүн жана Жогорку Кеңештеги көпчүлүк депутаттарынын шектүү иштери, компетентсиздиги, саясий деңгээлинин төмөндүгү тууралуу адилеттүү сындар айтылууда. Курултай алардын ишмердигин карап, татыксыздарын чакыртып алып, ордун партрезевдеги таза, жаш кадрлар менен толуктоо маселесин чечиши керек.

3. «Ата Мекендин» өткөн парламенттик шайлоонун алдындагы программасынын, шайлоочуларга берген убадаларынын аткарылбай калгандыгынын себеби талкууланышы зарыл. Курамына биздин партия дагы кирген коалициялык өкмөт өлкөдөгү социалдык-экономикалык, саясий проблемаларды жоё алган жок. Мамлекет алдындагы жоопкерчиликти көтөрүп кете албагандыктан, партиянын башкаруучу коалициядан чыгуусу күн тартибине коюлуусу шарт.

4. Кыргызстандагы мамлекетик башкаруу формасы, ага байланыштуу конституциялык реформа маселеси. 2010-жылы биз сунуштаган саясий реформа иш жүзүндө мамлекеттик башкаруу системасына эч кандай прогрессивдүү өзгөрүү алып келген жок. Тескерисинче, мамлекеттүүлүктүн пайдубалын талкалап, мыйзамсыздыкты күчөтүп, коомду анархияга алып баратат. Мындай системадан баш тартып, ылайыктуу жол издөө - бүгүнкү күндүн тарыхый талабы.

Урматтуу төрага, аталган маселелер боюнча өз пикиримди мен «Ата Мекен» партиясынын карапайым мүчөлөрүнө жана жактоочуларына жолдогон кайрылуумда билдирдим. Кайрылуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланат. Ал эми «Ата Мекен» партиясынын курултайы кечиктирилбестен, ушул март айынын ичинде өтүшү зарыл деп эсептейм», деп жазылат кайрылууда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×