Добавить статью
8:35, 1 марта 2013 98781

Диний билим берүү стандартташтырылып, диний окуу жайлар лицензияланат

С.Базаркулов, ОшМУ теология факультети

sbazarkulov@bk.ru

Үстүбүздөгү жылдын 30-январында Бишкек шаарында “Достук” мейманканасында «Мамлекет жана дин: Диний билим берүүнүн актуалдуу маселелери» деген темада улуттук конференция болуп өттү. Бул конференция Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы бирдикте уюштурган. Конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Осмоналиев, Наталья Никитенко, вице-премьер Камила Талиева баш болгон өкмөттүн адамдары, Президенттик аппараттан энтостук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева, премьер-министрдин кеңешчиси Виктор Черноморец, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Абдулатиф Жумабаев жана Мамлекеттик күч структурасынын кызматкерлери, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев жана Кыргызстандагы башка дин өкүлдөрүнүн жана уюмдардын жетекчилери, интеллигенция жамаатынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышышты. Тилекке каршы Билим берүү Министрлигинен өкүлдөр келбей калышты. Алардын да белгилүү себептери болсо керек.

Улуттук конференцияда Кыргызстанда диний билим берүү жана диний окуу жайлары маселесинин көтөрүлүп жатканы туура жана керектүү экендигин баса белгилеп өтүү керек. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы бир гана диний абалга көз салып гана тим болбостон, мамлекеттин дин саясатын ишке ашыруучу орган катары бул иш-аракеттери колдоого татыктуу. Ал эми Кыргызстанда диний билим берүү мыйзамын кабыл алуу эчак эле бышып жетилгендигин баса белгилөө зарыл. Бул жараяндын кечигүүсүндө объективдүү жана субъективдүү себептер бар. Светтик мамлекетте дин негиздерине таянып мыйзам чыгаруу туура эмес, бирок мамлекетти түзгөн коомдун ишенимин, дин тутуусун көз жаздымында калтырууга да болбойт. Себеби мамлекетти түзгөн коом, өлкө жарандары болуп саналат эмеспи. Жарандардын ишимге таянып жасаган аракеттери коомго, мамлекетке кыйыр же түздөн түз таасир этет. Ошондон улам президент Алмазбек Атамбаев да диний кырдаал боюнча өз позициясын ачыктап, мамлекеттин динге тиешеси жок деп сыртта карап турууга мындан ары болбостугун айткан. 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында «Диний билим берүүнүн стандарттарын мыйзам менен аныктоо, жарандардын өлкөнүн ичиндеги, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайлардан билим алышын тартипке салуу зарыл.» деп жазылган. Улуттук конференцияны Жогорку Кеңештин Комитети менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын биргелешкен иш аракети деп эсептеп, диний уюмдар менен кызматташуу катары баалануусу керек деп ойлойм. Башмыйзамыбыздын мамлекеттик тилде жазылган текстин карап көрсөк ачык айкын «мамлекетти башкарууга дин аралашпаган» деп жазылып турат. Мында эч кандай талашууга негиз жок. Көбүнчөсү өлкөдө кабыл алынган мыйзамдар бөтөн элдерден көчүрмө болгондуктан биздин менталитетке жана дүнүйө көз карашыбызга туура келбей өз жемишин бербей эле бизди туңгуюукка алып келүүдө. Мамлекет бардык диндерге бейтарап (светтик) мамиле кылуу менен өлкө жарандарынын көпчүлүгү бир динге ишенсе ага да адилеттүүлүк менен мамиле кылуусу (артыкчылык берүүсү) табигый мыйзам ченемдүү эле көрүнүш экендигин бүгүнкү дүйнөлүк тажрыйбадан да көрүүгө болот.

Улуттук конференциянын максаты, диний билим берүү көйгөлөрү менен аны чечүү жолдорун талкулоо жана «Диний билим берүү жана диний окуу жайлары жөнүндөгү» КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ долбоорун талкулап сунуш-пикирлер менен толуктоо болду.

КР вице-премьер-министри Камила Абдыразаковна Талиева: «Өлкөнүн ар бир жараны кур дегенде мектеп программасын өздөштүрүүгө тийиш. Мектеп программасын өздөштүрбөй, жалпы билим берүү сабагын жана тарбиясын албай туруп, мечит-медреселерге барып, ал жакта алган билиминен коомчулукка пайдасынан зыяны көп болуп жатат.» -деп «Диний билим берүү жана диний окуу жайлары жөнүндөгү» мыйзамдын зарылдыгын мындайча түшүндүрдү: «Бул мыйзам колдоого татыктуу. Бир жагынан кубантып, бир жагынан кооптонтуп турат бул мыйзам. Мектеп билими менен медреселердин билимин карама-каршы катары карабашыбыз керек. Мына мектептердин окуу сааттары кыскартылды, аларды медреселерге киргизсе кыйынчылык туудурбайт деп ойлойбуз. Биз бул мыйзамга муктажбыз жана албетте ага жардам беребиз.»

ЖК депутаты, Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев: «Диний билим берүү светтик билим берүүдөн артта калып, заманбап талаптарга жооп бербейт. Медреседеги билим берүү менен диний институттун окуу программаларында айырмачылык жокко эсе.» - деп баса белгиледи Осмоналиев. «Коомду радикалдашуудан сактоо иретинде диний жалпы билим берүү лицейлерин ачуу керек. Жаңы адистештирилген жалпы билим берүүчү лицейлер исламдык, же христиандык багытта, же окуучулардын тандап алуусуна жараша эки диний багытта окуу жүрүшү мүмкүн. Лицей бүтүрүүчүсүнө мамлекеттик үлгүдөгү күбөлүк берилет. Лицейди аяктаган соң, алардын инженер, медик, педагог болууга мүмкүндүгү болот», - деп баяндамасын жыйынтыктады.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Абдулатиф Жумабаев: «Биз диний билим берүүнү стандартташтырып, жалпылаштыруубуз керек. Диний сабатсыздык мамлекеттин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Диний окуу жайлар талапка жооп бербейт. Билим берүү жана илим министрлигинде диний билим берүү тармагын тейлеген түзүм ачылса. ЖОЖдордо дин таануучулук жана теологиялык билим берүү практикасын колдоо керек. Өлкө жарандарынын чет өлкөгө диний билим алуусу башаламандык менен сүрүүдө. Студенттердин ал жактан алган диний билимдери жергиликтүү менталитетке, салтка, диний ишенимдерге туура келбеген тарбия билим менен келишип проблемаларды жаратууда. Мамлекеттин светтик түзүлүшү мамлекеттик мектептерде дин таануучу предметин окутууга тоскоолдук эмес.»- деп сөзүн жыйынтыктады.

Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев, «Диний билим берүү стандарттары мамлекеттик стандарттарга негизделе албайт. Анткени диний берүү мекемелери лицензияланып жана каттоодон өтүп мамлекеттик үлгүдөгү документ берүүгө милдеттендирилиши: Бардык диний окуу жайлардын мыйзамдан сырткары болуп калышына алып келет.» -деп себебин каржылоо көйгөйү жана талаптарды аткаруу катаалдыгы менен түшүндүрдү. «Азыркы кездеги медреселер менен жогорку диний окуу жайлар мындай лицензиялоо жана аттестация талаптарына кадрдык курамы, материалдык-техникалык базасы, китепкана фонду, имараты жана башка жагынан жооп бере албайт. Ошондуктан лицензия алып аттестациядан өтүүнү мажбур эмес каалоо түрүндө кылыш керек» -деп жыйынтыктады.

Ош шаарындагы Орус Православ чиркөөсүнүн протоиери, «Светоч» башталгыч чиркөө мектебинин директору Виктор Реймген: «Биз өлкөдөгү диний билим берүүнү талкулоо менен эмнеге жетүүгө ашыкканыбыз маанилүү болуп саналат. Бул темага өтө аяр мамиле кылып чечүүнү талап кылат. Диний сабаттуулук балдарга керек. Анткени балдарды фанатизмден, диний ишеним жана түшүнүктөрдү туура эмес кабыл алуудан, ар кандай жаңылыштыктардан оолак кылат».

Курбанова Назира, И.Арабаев атында КМУнун Кыргызстандын тарыхы жана этнологиясы кафедрасынын башчысы: «Биз кадам таштадык, бул өтө жакшы. Башка мамлекеттер алдыга озуп, өздөрүнө ылайык жол менен кетти. 20 жылдык тажрыйбадан соң биз да «динди бөлүүдөн/четке кагуудан» баш тартышыбыз керек. Исламдык билим алган балдар орто жолдо калып калбашы керек. Стандарттар иштелип чыгып диний жана мектептик билим бириктирилиш керектигин» - белгилеп өттү.

Сайфулла Базаркулов, Ош МУнун теология факультетинин декандын илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча орун басары: «Жалпы билим берүүдө дин сабагын окутуу демократиялык укук болуп саналат. Бүгүнкү күндө мектептерде дин сабагын окутуу маселесинде коомчулукта эки көз караштын тиреши сүрүүдө. Биринчиси мектептерде дин сабагы окутулушу керек. Кыргызстан демократиялык мамлекет жана калктын көпчүлүк бөлүгүн мусулмандар түзөт дешет. Экинчи көз караштагылар болсо Кыргызстан светтик мамлекет, дин менен мамлекет иши ажыратылган. Мектептерде дин сабагын окутууга тыюу салынган дешет. Чындыгында дин сабагын мектептерде окутуу маселесин идеологиялык аспектиде эмес илимий негизде талкуулап, рационалдуу чечишибиз керек. Милдеттүү билим алуу мыйзамынын философиясынын маңызына ылайык жалпы билим берүүдө дин сабагынын окутулуусу шарт. Анткени өз келечегин камсыздай алган баланы жетиштирүүдө диний көз караштарга алданып, бирөөнүн кулуна айланып калбашы үчүн дин жөнүндө маалымдар кылып «руханий ички иммунитетти» жаратышыбыз керек. Диний билим берүү менен дин жөнүндө билим берүүнүн айырмачылыгын эске алуу керек. Мектептерде «дин таануу» деген аталышта базистик планда окутулушу керек. Предметтин мазмунунда Ислам дини басымдуулук кылуусу табигый көрүнүш болуш керек. Өлкөдө жашаган калктын 85% мусулмандар түзөт. Дин сабагында өлкөдө басымдуулук кылган динге артыкчылык берилүүсүн дүйнө практикасы да далилдеп турат. Натыйжада глобалдуу ойлонуп, локалдуу иш алып барышыбыз керек.» - деп жыйынтыктады.

Кыргызстанда диний билим берүүнү модернизациялап жөнгө салуу заман талабы. Ааламдашуу жараянында маалымат технологиясы өнүгүп идеологиялардын күрөшүүсү өкүм сүрүп жатканда диний билим алууну стихиялуу абалга таштап коюуга болбойт. Диний билим берүүдөгү кемчиликтер коомго зыян келтирүү менен мамлекеттин коопсуздугуна таасир этип жаткандыгына баарыбыз күбө болуудабыз. Мамлекеттик органдар Диний билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын зарылдыгын мамлекеттин коопсуздугу менен байланыштырууда. Дин тутуу эркиндиги табигый муктаждык. Бул муктаждык легалдуу жолдор менен жетиштүү канааттандырылуусу кажет. Демократиялык коомдо жарандар укуктары менен кошо милдеттерин да аткарууга тийиш. Бүгүн дүйнө мамлекеттери коомдон динди сүрүп чыга албагандыктарына ынанып, динден позитив жактарынан пайдалануу жолдорун издеп жатышат. Дин ишениминдеги адамдар бул мыйзамдын диний окуу жайга мамлекет тарабынан кепилдик берилүү менен ачык айкындуулукту сактоосуна ишениши керек.

Мыйзамдын кереги жок деген түшүнүктөгү мекендештерибиз да бар. Мыйзам, тартип болгондо гана коом, мамлекет өнүгөт. Диний окуу жайлардын мамлекет тааныган документтин берилиши баарына эле жагып, эңсегени болсо керек. Диний билим берүү системага салынып жалпыланышы динге ишенгендерге өнүгүүгө гана түрткү болсо, коомчулук тарабынан да диний окуу жайларга айтылып жаткан сындарга бөгөт коет. Чет өлкөдөгү диний билим алууну да системага салуу керек. Мында Билим берүү министрлиги, Дин комиссиясы, Муфтият жана Тышкы иштер министрлигинин кызматташуусу менен жарандын арызынын негизинде келишим түзүлгөн мамлекеттерге жөнөтүлүүсү максаттуу болмок. Бул билим алууну чектөө катары эмес, коомдун, мамлекеттин келечеги жана коопсуздугу катары кабылданышы керек.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору реалдуулукту эске алуу менен сунуш-пикирлер менен толукталат деген ишеничтемин. Сунуш: биринчи, жалпы билим берүүчү мектептерде «дин сабагын окутуу» жөнүндө «Билим берүү Мыйзамына» толуктоо иретинде же атайын ал жөнүндө мыйзам кабыл алынуусу кажет. Баланын коомдогу диний түшүнүктөр жөнүндө туура маалыматка ээ болуусу менен дин тутуу эркиндигин камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Дин сабагын окутуу дегендик балдарды «диндарлаштыруу эмес», «дин жөнүндө туура маалымат берүү» экендигин баса белгилеп өтүү кажет. Бул жөнүндө да жалпы коомго жана интеллигенция жамаатына жеткиликтүү маалымат жеткирүү керек. Экинчи, диний билим берүү стандарттарын кабыл алууда Билим берүү Министрлигинде атайын «диний билим берүү бөлүмүнүн» ачылуусу керек. Анткени диний билим берүү стандарттары адис тарабынан каралбаса Мыйзам канчалык жакшы даярдалганы менен стандарттарды кабыл алууда чабалдыктар болуп «Ыйман сабагын» «Адеп сабагы» деп өзгөртүүдө болгондой максат толук ишке ашпай талаштар күч алат. Максатты легалдуу жана рационалдуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Үчүнчү, диний окуу жайлардын уланмалуулук принцибине ылайык жана өз алдынча да мааниге ээ болчудай түзүлүштө болушу керек. Аккредитациядан өткөн окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө берилүүчү документ, башка окуу жайларда окуу мүмкүнчүлүгүн берүүсү керек. Төртүнчү, диний уюмдар жана Билим берүү жана илим министрлиги үчүн да каражат маселеси башкы орунда экендигин билебиз. Бирок мамлекет жана диний уюмдар реалдуулукту эске алуу менен мыйзам долбоорундагы талаптарды аткарууга өтүшүбүз керек. Себеби кээ бир нерселерди акча каражаты менен өлчөөгө болбойт. Эртең орду толгус да болуп калуусу мүмкүн.

Мыйзам долбоорун жалпы коомчулук активдүү талкуулап, депутаттарыбыз да учурдагы абалды жана замандын талабын эске алып, өлкөбүздүн кызыкчылыгы, коомдун өнүгүүсү үчүн колдоп берет деген үмүттөмүн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×