Добавить статью
10:59, 4 марта 2013 32432

Жумгалда эки бөйрөгү иштебей жаткан кыз жардам суроодо

Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн тургуну 1983-жылы туулган Мусаева Махабат ден-соолугунан ажырап калуу коркунучунда тургандыгын Махабаттын апасы Баатырканова Нурбүбү колунда бар, ниети менен колдоо көрсөтүп жардам берем деген тургундардан жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев билдирди.

Н.Баатырканова кызы Махабат 2007-жылдан бери бөйрөк оорусу менен ооруп келет, 2012-жылдын 4-июнунан баштап айылга турууга болбойт деп, өлүм менен жашоонун ортосунда тургандыгын айтып, эки бөйрөгү тең иштебей азыркы учурда менчик гемодиализмге түшүп жаткандыгын, жумасына эки жолу 10миң сомдон төлөп келгендигин, андан тышкары дары-дармеги менен айына 1 миң доллар сарпталып, мал жандыктарын бүт сатып кызынын өмүрүн сактап калууга жүгүрүп келгендигин айткан.

Өкмөттүн гемодиализмине түшүүгө баардык жерге кайрылган жана ошондой эле саламаттыкты сактоо министри Д.Сагынбаева жана ЖКнын депутаты Д.Ниязалиевага жардам сурап кайрылган, тилеке каршы алар жардам бере албастыгын айтышкан.

«Кызым Бишкек шаарында ижарада турат, жолдошу иштебейт, ал жакта туруктуу каттоодо жок болгондуктан жардам өз аймагынан берилет деп коюшкан. Ошондон кийин айыл өкмөтүбүз 1 тонна көмүрдөн жардам берди»,-дейт Махабаттын апасы.

Менчик гемодиализмде 10 айдан бери жатат, З айдан бери бөйрөк алмаштырууга даярданып келебиз, Алматыга чейин барып анализ тапшырууга 30 миң сом, бөйрөк алмаштырууга 475 миң сом кетет экен, акча каражатынан кыйналып келебиз эгер жардам берем, колдоо көрсөтөм дегендер болсо жардам сурайбыз дейт Н.Баатырканова.

Банктагы эсептик счету 1350772019288717

БИК №135016

ААК Айыл Банк Кочкор филиалы

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×