Добавить статью
8:29, 6 марта 2013 22771

Экс-муфтий Ч.Жалиловдун А.Атамбаевге кайрылуусу

Телефон менен сүйлөшүү адеби

Менин катым сизге жетээр бекен, биле албайм. Жетпейт ко, анткени өлкөнүн Азирети Муфтийлик аманатында турган учурумда да сизге жолуктурушкан эмес эле. Балким экөөбүздүн тең бараар жерибиз бейиш болуп калса, - ал жерде адамдар тең укуктуу эмеспи - сиз билбеген эмне окуя болгондугун айтып берээрмин. Эки ийнибиздеги эки периште айткан сөзүмө далил болоор. Эгер экөөбүзгө эки башка жерге бара турган насип жазылса, анда айла жок.

Менин айтайын дегеним "вакф" маселеси туурасында. Ислам шариатында, жалпы мусулмандарга таандык болгон, жеке бир менчикке тийиштүү эмес мүлк "вакф" деп таанылат. Кыргызстандын шартында мечиттер, медреселер, диний мекемелердин бардыгы вакф деп саналат, ошондой эле ушулардын бардык мүлктөрү, байлыктары, имаараттары, буюм-теримдери, тыйын-каражаттарынын бардыгы вакфтын карамагына кирет. Эч бир адамдын менчиктеп алуусуна, же өзүм билемдик менен каалагандай жумшоосуна жол берилбейт.

"Вакф" эмне нерселерден куралат (?) жана кантип пайда болот? Ыймандуу адамдар Аллах Тааланын ыраазылыгын табуу максатында Кудай жолунда кайрымдуулук ниетинде беришкен дүйнө-мүлктөр. Анткени адамдын өмүрү чектелүү болот, вакфка берилген байлык эч качан жоголбостон, дайым жашарып, адам өтүп кетсе да кылган жакшылыгынан сооптор үзүлбөстөн бара берет. Кыргызстандын шартында, салынган мечиттер, аларга жергиликтүү жамааттар тарабынан салынган килемдер, мечиттердин короосундагы бак дарактар, диний билим берүүгө, диний абалды жакшыртууга берилген кайрымдуулук ыйгарымдар, ажыга бараткан жарандардын муфтиятка кайрымдуулук катары калтырган каражаттары кирет.

Мына ушул кайрымдуулуктун эсебинен топтолгон жалпы "Вакф" байлыгынан зекет чыгарылбайт, себеби зекет жардыларга берилүүчү жардам болсо, "Вакф" мүлкү түп оту менен жардылардыкы эмеспи. Ошондой эле "Вакф" мүлктөрү эч кандай төлөмдөрдү (налогдорду) төлөөгө да Шариат мыйзамы боюнча милдеттүү болбойт. Анткени түпкүлүгүндө жалпы мусулман журтчулугунун жалпы мүлкү болуп жаткандыктан, андан сырткары зекети төлөнгөн, салымдары (налогдору) берилген мусулман жарандары тарабынан Кудай үчүн тапшырылып жаткандыктан мына ушундай өкүмгө ээ. Себеби бир эле тыйындан эки жолу салык төлөнбөйт, бир жылда эки жолу зекет берилбейт эмеспи?

Айтайын дегеним, Свердлов райондук соту Муфтияттын салыгын төлөгөн эмес деген жалаа менен мени үч жылдан беш жылга чейин эркимен ажыратууну суранган УКМКнын суранычын карап баштагандыгы, мунун бардыгы ичке жипке сүзмө калтаны зордоп эле илип жаткандай туура эмес болуп жаткандыгын, эгерде менин ишими сот карай турган болсо, анда ушул шариаттын ээси Аллах Тааланы, жана анын акыркы пайгамбары Мухаммад алайхис саламды да соттоо керек болобу? Мен ошол убактагы Азирети Муфтий катарында Аллах Тааланын шариатын аткаруу менен гана чектелдим эле. Намаз окуган пенде катарында муну сиз жакшы түшүнөт болушуңуз керек. Андыктан хандын көзүн көргөн өлбөйт дегендей, катым жетсе элбашылык вазипаңызды аткарып, "койгула" деп бир ооз айтсаңыз туура болоор деген үмүттө кат жазып баштагам. А бирок, ошол убакта жеткирбегендер, айтпаган сөздү айтты деп, мен жазбаган жалган фатва даярдашып, аны жазды дегендер эми деле жеткирбесе керек деп, гезиттин бетин пайдалуу башка маселе менен алек кылгым келди... .

Бул маселе дүйнөнүн ар бир атуулуна тиешелүү, эч ким андан кыйгач өтүп кете албагандай, кааласак да каалабасак да аны менен иштеше тургандай маселе. Бул телефон менен баарлашуу, аны жашообузда колдонуу маселеси. Кокустан үйдө жарым күнгө унутуп калтырсак, жашообуз токтоп калгандай таасир калтырган олуттуу мүнөзгө ээ маселе. Дааратканга кирип чыккандын маселесин да көздөн далдоо калтырбай эбиреп баяндаган шариатыбыз, албетте телефон адептерин да кыйыр-түз түрдө баяндаган болуу керек го?!

Телефон адептери Ислам фыкыхындагы зыярат, уруксат суроо, баарлашуу жана сүйлөө адептеринин негизинде белгилүү болот. Кандай өлчөмдө, кайсы убактарда, сөздүн түрү, сүйлөшүүнүн сыпаты сыяктуу маалыматтарды камтып, ар бир мусулман колунан келишинче амал кылууга, жашоосуна киргизүүгө милдеттүү. Телефон адептеринин жыйынтыгы келип-келип акырында жумшактык менен сылыктыкка, адептүүлүктүн жогорку даражасына, кулк-мүнөздүн төрөсүнө жетелейт. Анткени Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат эмеспи: "Кайсы бир иште сылыктык болсо, ал аны кооздойт. Кайсы бир иштен сылыктык кеткен болсо, ал анын көркүн кетирет" (Муслим 6602), "Ким сылыктык менен жумшактыктан куру жалак калган болсо, жакшылыктын баарынан куру жалак калыптыр!" (Муслим 6598-6599).

1. Номурдун тууралыгын тактоо. Адегенде тергиң келген номурду тактооң зарыл. Адашып чалсаң уктап жатканды беймаал ойготуп, же ооруп жатканды беймаза кылып, илимий иш менен алектенип жатканды алагды кылган болосуң. Эгер адашып калган болсоң "Кечиресиз" деген сыйкырдуу сөздү айтып үзүр сура.

Ал эми трубканын экинчи тарабында турган тууганым, эгер сага адашып чалып алган болсо, ачууланба! Жөн гана "Кечиресиз, номур туура эмес!" деген сөздү колдонсоңуз, өзүңдүн нервиңди, башка бир тууганыңдын көңүлүн сактаган болосуң. Эгер ал чындап эле адашкан болсо, адашкандын айбы жок. Эгер ал атайылап ошентип жаткан болсо, кыяматта өзү жооп берет.

2. Чалуу убактысы. Чалууга сенде муктаждык жаралса, эсиңден чыгарба, башкалардын башка нерседе муктаждыгы болуп жаткандыр. Биринчиси тамак жеп жаткан болсо экинчиси китеп окуп, үчүнчүсү өтө оор өткөн жумуш күнүнөн кийин эс алууга эми эле жаткандыр... Ошондуктан да керемет шариатыбыз зыяратка келген адамга, же телефон чалган адамга "жалган айтуунун" ордуна "үзүр суроону" шариатташтырган. Курани Каримде Аллах Таала мындай дейт: "...эгер силерге (кирүүгө уруксат берилбестен) кайткыла (!), десе кайткыла. Кайтканыңар силерге (жүрөгүңөр менен көңүлүңөргө) тазараактыр..." (Нуур: 28).

Сенин мойнуңдагы милдет ыңгайлуу убакты аңдоо. Бир тууганыңдын жумуш табияты менен алектенген ишин баамда. Шариатыбызда үй кызматчылары менен жаш балдар таңкы намаздан мурун, түшкү уктоо (кайлуула) маалында, жана кечки куптан намазынан кийин уруксат сурап кирүүлөрү айтылса, чоң адамдар ар бир убакытта уруксат суроо милдеттендирилген (Нуур: 58-59) Андан сырткары шариатыбызда түн ичинде сапардан "күтүүсүз" келип эшик такылдатканды да тыйган.

Ошондуктан, урматуу бир тууганым! Сен чалганда колу бош эмес экендигин айтып үзүр сураса, жүрөгүңдү кенен кылып кабыл эт. Эгер сага күтө тур десе, күтө тур. Кудайым акыл-эс менен ырыскыландырган эмеспи баарыбызды...!?

Ал эми жалпыга бардык учурда кайрылуу мүмкүн болгон учурларда, каалаган убакта чалсаң жарай берет. Мисалы мейманканалар, тезжардам жана башка кызматтар күнү бою кызматыңа даяр.

3. Бир жолу чалганың жетиштүү болот. Эгер жооп берилбесе, сенин ишиң зарыл болсо, анда даарат алып эки рекет намаз окуганчалык убакыттан кийин дагы бир жолу чалсаң болот. А бирок кайра кайра чала бербе. Анткени ал жооп бергиси келбегендир, же жооп берүүгө чамасы жетпей жаткан чыгаар. Ар бир пенде жалгыз калганга, өзүнчө болгонго укуктуу го.

4. Сүйлөшүүнүн мөөнөтү. Ар бир учурдун өзүнө таандык абалы болоор. Сүйлөшкөн учуруңда аны зериктирип жибербе, же көп сүйлөп ага оорлук да келтирбе! Колу бош болуп турган болсо, аны да тактап алууң жакшы болот. Сени урматтагандыктан, сөзүңдү бөлө албай тура берген болуусу мүмкүн. Бирок ошону менен сага болгон урматтоосу басаңдай баштагандыгын эсиңден чыгарба!

5. Адегенде салам айтканды, акырында коштошуу саламын айтууну унутпа. Саламдашканда мусулманча "Ассалааму алайкум" деп учурашууң сүннөт болоор. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Кайсы бир мажлиске келсеңер салам айтып кошулгула! Туруп кеткен учурда салам айтып коштошкула. Алгачкы салам акыркыга караганда абзелирээк эмес!" (Абу Дауд).

6. Сенин ким экендигиң суралган учурда, өзүңдү толук тааныта турган аты-жөнүңдү түшүнүктүү кылып айт. "Бул мен" деп жооп берген туура эмес, анткени ар бир адам өзүн "мен" деп айтуусу мүмкүн. А сенин аты-жөнүң сеники гана. Анын үстүнө Пайгамбарыбыз алайхис салам "Бул ким?" деп суралганда "Мен." деп жооп бергенди жактырган эмес (Муслим, Абу Дауд).

7. Телефон аркылуу сүйлөгөндө үнүңдү катуу чыгарбай, кыйкырбай сүйлө! Айрыкча ата-энең менен, же ошолордой кадырлуу адамдарга аларга угула тургандай, түшүнүктүү, ачык, даана жана так сүйлө. Лукман алайхис салам уулуна осуят бергенде "Үнүңдү бир аз төмөндөтүп сүйлө!" (Лукман: 19) деген эмес беле!?... Ошондой эле телефондон бышылдап-күшүлдөбө, тамак жеп жатып да сүйлөшпө, тигил адамга урматсыздык көрсөткөн болосуң.

8. Аялзаты телефондон махрам эмес адамдар менен, айрыкча эркектер менен сүйлөшкөндө үнүн кубулжутпастан, сулуулугу менен назиктигинин баарын үнүнө чыгарбастан, керектүү өлчөмдөгү сөздөрдү иштетип сүйлөөсү милдеттүү. Ошондой эле эркектер да телефондон аялзаты менен сүйлөшүүгө туура келип калса ар кандай комплименттерди айткандан, анын көңүлү менен көкүрөгүнө бүлүк салгандан сактануусу кажет.

9. Ар бир сүйлөшүп жаткан инсандын даражасына ылайык мамиле жасоо. Азирети Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Ар бир инсандын даражасына ылайык урмат-сыйын көрсөткүлө!" (Абу Дауд). Башка бир хадисте "Улуусун урматтабаган, кичүүсүн ызаттабаган, аалымдын кадырын билбеген бизден эмес!", (Ахмад) дейт касиеттүү Пайгамбарыбыз алайхис салам.

10. Телефон менен сүйлөшкөн убакта, ага билдирбестен туруп телефондун үнүн жарыя таризге коюп, жаныңдагыларга угузууга укугуң жок. Балким ал өзүнүн сөзүн башкаларга угузгусу келбейттир, же болбосо сага гана айтып, башкаларга айткысы келбеген маалыматтыр. Ошондой эле аны менен сүйлөшүүңдү уруксатсыз жаздырып калууга да болбойт Сыр сактоо мусулманчылыгыбыздан экенин унутпа!

11. Телефон чалганыңда тынч чөйрөдөн, ызы-чуу болбогон жерден чалууга аракеттен. Ал адамды урматта. Анткени ал сага эмес, сен ага чалып жатпайсыңбы? Шашылыш же айласыз болуп калсаң бир жөн эми... .

12. Кээ бир адамдар телефонуна Куран аяттарын же музыканын түрүн коюп коюшат. Албетте бул туура эмес. Жөн гана телефон чакырыгын колдонгондугуң жакшы. Куран аяттарын койгон учурда, кээде аяттар окулуп бүтпөстөн, адепсиздик менен телефондон сүйлөшүп башташат. Жараткан Кудай Таалам телефондордун коңгуроосуна койсун деп түшүргөн эмес эле... Кээде телефон чалсаң мээңди жеп коё тургандай музыканы коюп коёт, чалып жаткандан кийин коюп коё албайсың, койбоюн десең угуп тура албайсың. Бир туугандарыңа мажбурлап жагымсыз музыкаларды угуза бербе. Сураныч... .

13. Жумушуңдагы телефондорду жеке кызыкчылыгың үчүн пайдаланууга болбойт. Колуңдан келишинче жумуш үчүн гана пайдалан. Коомдук мүлктү, жалпы мүлктү ар ким каалагандай эле иштете албайт. Кыяматта ар бир нерсенин сурагы бар экенин унутпа!

14. Башка бирөөнүн телефонун өтө зарыл учурда, уруксат суроо менен гана колдон. Колуңдан келсе телефонду таза жүзаарчы менен сүртүп бергенге эмне жетсин. Башка телефон менен сүйлөшкөн учурда айта турган кебиңди гана айтып, ал телефонго катталып калган таанышыңдын номурун өчүргөндөн кийин ээсине кайтар.

15. Эгер мүмкүн болсо үйдөгү телефонду үйдүн кожоюну же улуу эркек балдары алгандыгы макул. Кымбат баа асыл аялзаттарыбыздын назик үндөрүн көрүнгөнгө угуза бергенге мусулманчылык кызганычыбыз жол бербөөсү керек. Ошондуктан да шариатыбызда аялзатына азан айтууну милдет кылбайт.

16. Кайсы бир аалымдан маселе сурай турган болсоң, бере турган сурооңду тактап, керек болсо кагазга жазып алгандан кийин сура. Ал аалымдын илимин сыноо максатында, кантээр экен деп сураганың мусулманчылыкка туура келбейт. Кээде ал киши ачууланып, же жайсызыраак жооп берсе капа болбо, анткени сен бирөөсүң, ага күн-түнү көп адамдар чалат. Балким сен бүгүнкү чалгандардын элүүнчүсү болуп жүрбө?! Илгер ат менен арып сапар тартып барып сурашчу экен маселени, сен жылуу төшөгүңдө жатып алып сурап турасың, андыктан аалымдын кадырын, урматын жайына кой.

17. Телефон аркылуу көп унутта калган сүннөттөрдү тирилтүүгө мүмкүн. Ооруп калган бир туугандын абалын суроо, ата-эненин кабарын билүү, алар менен саламдашып туруу, жакшылыктарга чакыруу, осуят-насаат айтууну телефон жардамы менен ишке ашырууга болот. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба. Кээде сенин бир жолку чалууң көп адамдардын үмүт отун жандыруусун эсиңден чыгарба! Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Момун бир тууганыңдын жүзүнө жылмайып карооң дагы садака!".

18. Телефон аркылуу башка адамдарды уруксатсыз сүрөткө тартып алууну шариатыбыз жектейт. Анын мусулманчылык, кала берсе адамчылык укугунан ажыратууга кантип укук алдык экен?

19. Уят көрүнүштөрдү, ар кандай жылаңач сүрөттөрдү телефондо сактоого, башкаларга жеткирүүгө тыюу салынат. Жамандыкты жеткирүүчү адам, ошол жамандыкты жасаган адамдын күнөөсүнө шериктеш болоорлугу көп айтылган көөнө шариатыбыздын көөнөрбөс китептеринде.

20. Телефондон беймаани сөздөрдү көп сүйлөп, натыйжада көп каражат кетиребиз. Ошол эле учурда электр энергиясына, же газга төлөгөндү каалабайбыз. Кээде үйдө эт бир жума да жок болуп калат. Кайсы арыбызга телефондон каадаланып сүйлөшөбүз десең. Аллах Таала ысырап кылуучуларды сүйбөйт.

21. Телефон аркылуу башкаларды чочутууга болбойт. Дегеле чочутуу, коркутуу туура эмес. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Мусулман адамдын башка бир мусулманды чочутуусу, жүрөгүнө коркунуч түшүрүүсү арам!" (Ахмад, Абу Дауд) Ушул хадисти окуганда, мени атайын кызматтын тергөөчүлөрү "камайбыз" деп коркутканын эстеп, мамлекеттик башка бир кызматкер "Аны мууздап салыш керек, Аравияга кубалаш керек!" дегенин ойлоп, булар деги мусулмандарбы деген ой келбей койбойт экен. Кызык.

22. Жашыруун номур менен телефон чалганың да сүйлөшүп жаткан адамды сыйлабастык болуп саналат. Үйүңө келип, кирүүгө уруксат сурап, бирок жүзүн көрсөтпөй бекиткендикке барабар. Заалымдын зулумдугунан, же басмачынын кордугунан качып жүргөн болсоң бир жөн.

23. Сендеги бир тууганыңдын номуру, сендеги аманат. Ал номур анын менчиги. Башкага, анын уруксаты болмоюнча берүүгө укугуң жок. Аллах Таала аманаттарды сактоого баарыбызды милдеттүү кылган.

Бул маселелер шариатыбызда маанилүү экендиги эске алынып Жидда (КСА) Эл аралык Ислам академиясы алтынчы отурумунда атайын телефон адептери, милдеттери, укуктары жөнүндө чечим кабыл алган. Ошондой эле белгилүү аалым Бакр бин Абдулла Абу Зейд "Адабул хаатиф" атуу китепчени ушул темага арнап жазган. Китепче "Даарул аасима" басмаканасынан жарык көргөн. Андан сырткары да башка Ислам аалымдары өздөрүнүн фатваларында, иршаад-ваьз маселеринде бул туурасында жетишээрлик мааалымат берген.

Кудай Таалам баарыбызды ак жолдон адаштырбасын. Куру дооматтан, курулай жалаадан сактасын. Жүзүбүздү жарык кылсын. Жүзүн жуубаган дааратсыздардын жүзүн каратпасын, өзүнөн башкага жалдыратпасын. Жаман сөз, жаман көз, жаман колдон сактасын. Адалдан ырыскы берсин. Оо Кудайым! Алсыздыгыбызды өзүңө айтабыз, өзүңө таянабыз. Өзүңдөн жардам сурайбыз. Яаа Каххаару, Яаа Латиифу, Яа Мунтакиму! Яаа зал жалаали ва икраам. Ва бика астагиису.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×