Добавить статью
6:06, 7 марта 2013 4449

Сууга эмне үчүн төлөйбүз?

Кыргызстандын аймагы сууга бай өлкө болуп саналат. Ал эми коңшу өлкөлөрүбүз, Өзбекстан, Казакстан бизден аккан суулардан пайдаланышат. Бирок ушундай сууга мол өлкөнүн сууга болгон тартыштыгы, бүгүнкү күндө көйгөйгөайланууда. Айылдарын айтпайлы,көптөгөн шаар тургундарына суу берилбей токтоп да калган учурлар болууда, ага карабастан алар көчөлөрдөгү алыс жактагы суу түтүкчөлөрүнөн барып сууларды чакалап көтөрүп келишет. Бул нерсеге күбө болуп эле жүрөбүз. Айтсак ар бир жанга орто эсеп менен 40-45 сомдон төлөшөт. Бирок ал төлөнгөн акчалар бүгүнкү күндө оңдоп -түзөө иштерине жумшалса көптөгөн көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүндө эскилиги жетип эскирип, качанкы союз мезгилинде курулган түтүкчөлөр эми мынтип, суу чарба кызматкерлерине кыйынчылыктарды туудурууда. Ошону менен катар түтүкчөлөрдөн аккан суулар сарамжалдуу пайдаланылбай суунун бир канча болугу эми мынтип жоготууга учуроодо. Бугунку кундо мамлекет тарабынан оңдоп-түзөө иштери жүрсө дагы айрым жерлери оңдолсо, айрым жери жарылып керектен чыгат – деп билдиришет суу чарбасында иштеген адистер. Албетте, ата-бабаларыбыз сууну абдан сыйлап, суу жөнүндө макал-лакаптарын, накыл сөздөрүн, ыр саптарын айтышкан. Ошон үчүн бардык жарандарыбыз сууну кор кылбай, пайдаланууну билишибиз керек. Айтсак адамзаттын 99%и суудан турат.

Ал эми биз суусуз жашоону элестете албайбыз. Жараткан кудуретибиз жаратылыш да ажайып керемет токойлор адамдын көз жоосун алган суу аймактарын да элестетүүгө кыйын. Ошондуктан ар бирибиз сууну пайдаланууну билүүбүз зарыл!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×