Добавить статью
5:04, 11 марта 2013 25140

БШК төрагасы Т.Абдраимовдун депутаттардан акча чогултуу фактысы ачыкка чыгаарын көрөбүз

12-мартта Жогорку Кеңеш БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун жергиликтүү Кеңештин депутаттарынан төш белгиге акча чогултуусун карайт экен. Жергиликтүү Кеңештин депутаты жана кошмо жыйындын органынын мүчөсү катарында ошондой эле депутаттык милдетим деп мен чындыкты, өз ой пикиримди билгизгим келди. Депутаттык төш белгиге жана күбөлүккө деп ар бир депутаттан 1000 (миң) сомдон талап кылганда мен БШКнын тиешелүү мыйзамга ылайык токтомун көрсөтүүнү талап кылдым. Алар ошол учурда мага эч нерсе көрсөтө алган жок. Бир канча күндөн кийин БШКнын аппарат жетекчиси Марат Султановдун колу коюлган 700 (жети жүз) сомдон чогултуу боюнча аныктамасынын көчүрмөсүн көргөзүштү. Мен бул аныктаманын мыйзамдуулугунан шек санап БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбековго, анан Нурмамат Ашимовго, Жеңишбек Акматовго (мен бул адамдардын баары менен жакшы таанышмын анткени мен да убагында БШКга мүчө болом деп аракет кылгамын) телефон чалгамын. Ишенбесеңер менин телефонумдун отпечаткасын алсаңар болот. Алардын баары бул маалыматты билбестигин айтышты. Мен жана депутат Эргешов Талантбек алар сураган акчаны бергенибиз жок. Мандатты тапшырууда менин депутаттык күбөлүгүмдү жана төш белгимди берүү учурунда ошол акчаны берип коюумду жалпы депутаттардын алдында жарыялап, азыркы күнгө чейин талап кылууда.
Ал эми депутат Эргешов Таланбектин депутаттык күбөлүгү да, төш белгиси да ушул күнгө чейин берилбей ортодо мен мыйзамды талап кылганым үчүн күнөөлүү болуудамын. БШК 4 млн 900 миң сом чогултуп алган дешиптир. Бизде бир нерсени аныктагысы келсе түзүгүрөөк, ачыгыраак, айкын аныкташ керек. Калп эле күрөшмүш болбой. Тиешелүү комиссияга борбордогу «лаппайларды» эле кошуп албай айылдардагы жергиликтүү кеңештин татыктуу депутаттарынан да кошуп түзүшсө балким чындык чыркыраган бойдон ачыкка оңой чыгат беле. Анткени 7545 депутат КР боюнча шайланса, ар биринен 1000 сомдон чогултулса 7545000 сом болот. Алардын ичинен анча мынчасы бербеген ченде да 7545000-4900000=2645000 сом жаап, жашырылып айтылбай калып жатат. Бул акчага ким машине минип, аны ким ичип жеди дейбиз! Бул акчалардын чогултулганын депутаттар баары билет, өздөрү талап кылганынан жана сураганынан беришкен. Бул факт ачыкка чыгабы же жокпу эми көрөбүз!
Бул мезгилге чейинки марадерлук фактысы, Кумтөр фактысы кандай жабылганын көз алдыбызда, кол алдыбызда ачык болуп турган ушул фактынын ачыкка чыгышы далилдейт. Эгерде ушул факты далилденип, ачыкка чыгып тиешелүү адамдар өз жазасын алса КР мыйзамдуу өлкө деген кыялыбыз орун алгандай болот. Андай болбосо бул факты да марадерлукфактысы, Кумтөр фактысынын бир көрүнүшү болду деп эсептелип кетээри турган сөз. Кантсе да депутат Эргешов Таланбектин депутаттык көбөлүгүн жана төш белгисин берип койгула. Же болбосо кудай буюруп мен өзүм БШКга мүчө болуп барганымда бул маселени кайра көтөрүүгө мажбур кылбагыла демекчимин.
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×