Добавить статью
5:11, 11 марта 2013 32639

Өтө чоң сураныч кат

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары!

Сиздерге кайрылып жаткан Ош областынын Өзгөн районунун Салам-Алик айылдык округуна караштуу Кызыл-Чарба айылынын тургуну, Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты Шайбеков Исмаилжан Дөөлөтбаевич!

Менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө!

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алып, демократия жолуна түшкөнүнө 20 жылдан ашык убакыт болду. Албетте, мен демократиялык принциптерге каршы эмесмин, эгерде ал улутту жана мамлекетти түбөлүк сактоого, өнүктүрүүгө арналган чыныгы демократия болсо. Бирок улутту жана мамлекетти келечекте демократия деген көшөгөгө жамынып алып жок кылууну көздөп, байлыкка, бийликке умтулган ууруларды, жегичтерди мыйзамдуу коргой турган демократия болсо аны эмне кылабыз? Биздеги бул мезгилге чейинки демократияны карап, сарасеп салып, анализ кылып көргүлө, кимдин акчасы-мүмкүнчүлүгү болсо демократия уруксат берет деп көчөгө элди алып чыгып, алардын канын төгүп, (ячейкадагы) акчаларды уурдап, байлыктарды басып алып, апрель-Ош-июнь окуясын чыгарып, канчалаган балдарды жетим, келиндерди жесир калтырып аларга эч ким жооп бербей, мыйзам менен демократия уруксат берет деп уюштуруучулар корголуп отурат. Биздеги учурдагы демократия байлыкка умтулгандардын, байлык жыйнагычтардын кызыкчылыгын мыйзамдуу коргой турган демократия болуп жаткандай. Мындай «жеңүүчү жооп бербейт» деген демократия бизде жашап өнүгө берсе бизде келечекте мурдагыдай кандуу бир нече окуялар кайталанбайт деп ким кепил боло алат? Анткени кан төккөндөр демократиянын артына жашырынып алып, жооп бербей жүрө берсе. Ошондуктан Кыргыз улутунун өзгөчөлүгүнө, улуттун менталитетине ылайык «улутту, мамлекетти өнүктүрүүчү» чыныгы атаандаштыкты түзө турган Кыргыз демократиясын курушубуз керек деп эсептеймин. Азыр бизге сырткы душмандарыбыз, ички ичи өтүп, алаам кылып, күптү болуп, эски бийлигинен жана агып кирип жаткан байлыгынан айрылып жүргөн жарандарыбыз, жаран эместер, саткындар, мекенчил сезими жоктор демократия деген жемди ыргытып. талаштырып коюп, жерлерибизди. кен-байлыктарыбызды, керек болсо кыздарыбызды да талап-тоноп, улутубузду-мамлекетибизди жок кылууну пландаштырып жаткандай сезилүүдө. Андыктан демократиянын да чеги болуш керек, керек болсо анын ааламды жутуп сала турган оозуна «Кыргыз ооздуругун» салып аны ооздуктоо керекпи деп ойлоносуң. Демократия улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыктан ашып кетпеш керек, биздин улуттун, жарандарыбыздын биринин да каны төгүлбөй турган Кыргыз демократиясын курушубуз керек, демократиянын да чеги болуш керек. «Жоголгус улутту жана күчтүү мамлекетти куруу»- деген Кыргыз ооздуругун дүйнөнү жутчу демократиянын оозуна ооздурук кылып салып, аны тартып, тыйып туруш керек. Ошондо гана биздин мамлекетте кан төгүүлөр, бийлик талашып бөлүнүүлөр, байлык талашып куралдуу согуш ачмайлар жок болуп, алдым жуттумдар, арам тамактар, саткындар,... ж.б. азаят. Демократия деген асмандан, түшкөн математикалык абсалюттук өзгөрбөс догма эмес. Эгемендүү болгонубуздан кийин аны өзүбүздүн, улутубуздун жана мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн анча-мынча чек коюу менен өзгөртүп алышыбыз керек. Эмнеге эл арасында саясий карьерасы, кадыр баркы калбаган чоң курсактарды сактай бере турган, бийликке жетип ала турган кылып демократияны, мыйзамдарды өзгөртсө болот да, улутту, мамлекетти, анын жерлерин, кен-байлыктарын (мисалы Кумтөрдү өзүбүзгө иштей турган кылып) сактай турган кылып демократияны өзгөртсө болбойт? Ушул принцип кантип болсун? Көздү чоң ачып карап көрөлүчү, Кыргызстандын айыл-кыштактарында жашап жаткан калктын жашоо-тиричилигине биздин учурда куруп жаткан демократия жардам берип жатабы? Жок! (Аны биздин айылдын мисалында карап көрсөңүз болот). Демократия бийликтегилерге, бийликти кулатып бийликке-байлыкка умтулгандарга гана кызмат кылып жаткандай. Эгерде азыркы учурдагы бийлик улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн келгени чын болсо анда төмөндөгүлөрдү аткарышы керек деп эсептейм:

1. Чындыкты чычалата айтышыбыз керек, мойнубузга алышыбыз керек: Жогорку Кеңеш жана 90го жакын адамдын каны менен келген учурдагы бийлик бийликте иштегениңерге 3 жылдай болуп калды, кандай иштегендигиңерге эл эмес, өзүңөргө өзүңөр баа бере турган убак келип калганын сезип турган болушуңар керек.

2. Бөркүңдөй чындык: жаз келиши менен митинг – пикеттин күч алаарын өзүңөр да тынбай айтып жатасыңар. Эгер бийликти бербейбиз деп көгөрсөңөр анда улутуңарга, мамлекетиңерге кайталап кыянаттык кылынаарын билип турган болушуңар керек.

3. Макул ушунча аракет кылдыңар улутуңарга, мамлекетибизге колуңардан келишинче кызмат кылдыңар, эми жигиттик кылып улуттун, мамлекеттин дагы бир революцияны көтөрө албастыгын байма-бай айтып жатасыңар, билет экенсиңер анда ал чыңалууну жеңилдетип, мамлекетибизди жана улутубузду сактап калуу үчүн төмөндөгү ийкемдүүлүккө барыш керек:

4. Өкмөттү коалициялык кылып (убактылуу позициядан, оппозициядан, элден алып) кайрадан түзө туруш керек.

5. Парламенттин партиялык система менен шайланышы, 120 депутаттын болушу бюджетке оор келип, региондук бөлүнүүнү күчөтүп, масса жайгашкан айылдардан кабар алган депутат болбой, биздин мамлекетке туура келбестиги далилденди. Азыркы учурдагы эки чоң айыл өкмөттүн бюджетине бир депутатты багып отуруу максатка ылайык келбей жатат. (6млн. сом болгондо мен бир мектеп салып берет элем, ошондо бир жылда 120 мектеп салынмак, аксап жаткан билим берүү тармагы оңоло баштамак).

6. Ошондуктан Жогорку Кеңеш парламентти можаритардык система менен шайлануучу 35-37 депутатка өзгөртүү боюнча референдумду өткөрүү боюнча чечимди кабыл алып, өзүңөр тез арада тарап кетишиңер керек.

7. Эң ыңгайлуу, эң эр жүрөктүүлүк, эң адамгерчиликтүү, эң патриоттук жол ушул жол, мени айтты дейсиңер. Курал-таш көтөрүп бири-бирине кезегенде эмне болоорун өзүңөр көрдүңөр, ким жабыркаарын билип турасыңар, элдин баары билет...

8. Ошондо мамлекетибизде мыйзамдуулук талаасы сакталып, элибизге, улутубузга, мамлекетибизге дагы бир мүмкүнчүлүк берилген болоор эле.

9. Президент менен убактылуу коалициялык өкмөт жаңы парламентти шайлоого басым жасабай орбитрдик кызматын кылып, улутубуздун, мамлекетибиздин коопсуздугун сактап, элибиздин эртеңки оокат ашын даярдап, улут, мамлекет катары түбөлүк жашап калуубуз үчүн патриоттук кылыш керек.

10. Шайлоону таза өткөрүп, улутубузга, элибизге өз тагдырын өзү чечүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек.

11. Андан ары Конститутциянын тагдырын, башкаруунун формаларын аныктоону эл тандаган парламент аныктаса болот.

12. Ошондо бүдөмүк болуп жүргөн Конституциябыз, бийлигибиз бир аз тазаланып, креслосунан айрылган кээ бир адамдардын алаамы, бугу сууп өнүгүүнүн башка жолуна түшөт элек.

13. (Андан сырткары качып кеткендерди кудулап, камап жекире бербей эл алдына алып келип ичип - жеп алгандарын кустуруп, элибиздин карызынан кутулуунун жолуна иштетип, экинчи эч ким жебей турган жолду тандоону тапсак ... кандай жакшы болмок).

Ошондуктан биздеги демократияны «жоголгус улутту жана күчтүү Кыргыз мамлекетин куруу»- деген идеология менен ооздуктап, бир да адамдын каны төгүлбөй турган, бир сантиметр квадрат жер сатылбай турган, акыйкат элге кызмат кыла алуучу азаматтарды бийликке алып келе турган чыныгы Кыргыз демокрапшясын курушубуз керек деп эсептеймин. Бул максатты ким болбойлу, баарыбыз биригип аткарышыбыз керек. Анпесек келечекте улутту. мамлекетти жок кылып алуу коркунуч-карааны Кыргызстанды аралап жүргөндөй. Биз ал караанды сиздердин жардамыңыздар менен чукул арада жок кылышыбыз керек. Дагы айтам демократияны улуттук жана мамлекетттик кызыкчылыктан жогору койбош керек деп эсептеймин!!! Ушуну терең ойлонолу урматтуу мекендештер демекмин!

Жашоо улана берет, мезгил өтөт, ач курсак тоюнат, жыртык бүтөлөт, эгерде терең ойлонуп, туура чечимдерди кабыл алсак (өзгөчө сиздер улуттун, элдин, мамлекеттин тагдырын мыкчып турган бийликтегилер, өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттары силер). Бирок улуттун уңгусун улантуу, тилин өнүктүрүү, «Манас», Ысык-Көл баш болгон баа жеткис байлыктарыбызды, ата-бабадан мурастап калган, сырткы элдердин сугун арттырган абасы, суусу таза касиеттүү жерибизди жана улуттук дөөлөттөрүбүздү, рухий мурастарыбызды, кылымдардан бери келе жаткан үрп-адаттарыбызды, каада-салттарыбызды сактап калуу, ыймандуулукка жетишүү узак убакытты, зор мээнетти, кажыбаган кайратты, тоодой эркти, чоң жоопкерчиликти талап кыла турган алп жумуш экенин мен айтпасам да баарыңыздар билесиздер. Ошондуктан Кыргыздын ар бир атуулу, өзгөчө элдин жүгүн мойнуна ала турган эр азаматтар, бийликтегилер, чиновниктер, лидерлер улуттун тагдыры менен ойношпой, патриоттуулук кылып, убакытты уттурбай, кыска ойлуулук кылып кайдыгерликке алдырбай, улуттук ар-намысты жогору коюп, улуттун, Кыргыз элинин келечеги үчүн бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып биригип алдыга жылууну ойлонушуңуздар керек. (Өкүнүчтүү Исхак Раззаков азыр болгондо...) Карт тарыхы бар Кыргыз улуту, эли бир нече эл жетектеген эр азаматтарынын, нечен миңдеген адамдарынын башын жуткан кандуу кармаштарды, репрессияларды, кызыл-кыргын согуштарды башынан өткөрүп келген, эми анын бетин жараткан ары кылсын. Ата-бабабыз ат жалында төрөлүп, ат жалында жашоо кечирип, тар жол, тайгак кечүүлөрдүн далайынан өткөн улуу улутубуздун алдында түбөлүк жашап калуу үчүн дагы алдыда чоң ашуулар, атайылап казылып коюлган «өңгүл-дөңгүлдөр» күтүп турат. Бул тоскоолдуктардан жогорудагы биз атап өткөн "жоголгус улутту жана күчтүү Кыргыз мамлекетин куруу" деген «чоң максаттын» тегерегине биригүү менен гана ынтымакчылыкка келсек оңой өтө алабыз. Улутубуз Алтайдан бери чачылып, тукум курут болуп кете жаздаганда Манас бабам баш болуп, кан Кошой ж.б. төш болуп, алардын баа жеткис аракеттеринин негизинде, азган-тозгонубузда араң жыйылып журт - улут болгонубузда, биз эми басып жаткан жолдорду эбак басып өткөн өнүккөн мамлекеттерге секирик жасап азыр теңелем деп, колубуздан келбеген ишти кылабыз деп дардаңдап, улутубуздун, Кыргыз элибиздин өзгөчөлүктөрүн эске албай, «каргага теңелем деп каздын буту сыныптыр» болуп, алды артыбызды карабай «баягы казылып коюлган аңгекке» түшүп, мертинип-сынып, жок болуп албайлы, улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алалы. Эскертем, кээ бир алдым жуттум, кошоматчы, арам тамактардын, сырткы душмандардын буюртмасы, кызыкчылыктары үчүн Манас атабыз кылган жумуштарды текке кетирип, баарын курмандыкка чалып, ыраматылык кылып албайлы. Катуудан тулга, жумшактан күл, какыраган талаа, тилин салаңдаткан ит калып аңгырап. ээсиз калган алтындай жерибизди «алгырларга» алдырып, быркыратып-талатып, монгол согушунда жеңишке жетишкен армия аялдарды, сулуу кыздарды тартып алган сыяктуу баарын тарттырып, өзүбүз жер астында арманда өйдө карап тиктеп жатпайлы. Ошондо да бийликтегилер баягы силердин этегиңерге жабышып жүргөн кошоматчылар, саткынчылар тирүү калып же жер алдынан тирилип чыга турган жолду ойлонуштуруп коюшканын эстеп койгула. Анын бетин жараткан ары кылсын. Бизде азыр адамдардын, лидерлердин, кландардын же түндүк-түштүк, уруу-уруу, кокту-колот болуп бөлүнүп атаандашуу мезгили эмес улутту, мамлекетти өнүктүрүүчү программалардын атаандашы болуш керек эле. Ошондуктан негизгиси жогорудагы мен айтып өткөн «чоң максатты» биригип чогуу иш жүзүнө ашырууну колго алсак Манас бабамдын, Кошой абамдын керээзи менен кеткен болобуз. Сөзүмдүн акырында улутубуздун сакталып калуу кепилдиги бара-бара сакталбай, элибиздин пейли бузулуп турган азыркы учурда улутубуздун, мамлекетибиздин тагдырын мыкчып турган бийликтегилер жана Жогорку Кеңеш сиздердин чечкиндүүлүк-акылдуулук кылууңуздарды Манас атабыздын арбагы да күтүп жаткан болуш керек. Анткени ата - бабабыздын улутту, мамлекетти түбөлүккө сактап, өнүктүрүп, келээрки муунга эсен-аман төкпөй-чачпай өткөрүп берүү, керээзин аткаруу учурда сиздердин колуңуздарда.

Биздин мамлекет, андагы титулдук улут эмне үчүн өнүгүү жолун таба албай жатат? Бул суроонун жообу - бизде улуттук жана мамлекеттик идеология жок болуп, аны таба албай жатабыз дешет. Албетте мен аны таба койгон жокмун. Бирок ошол идеологияга жакын болгон бир «чоң милдетти, чон максатты» эске алышыбыз керек. Ал мен белгилеп жаткан «жоголгус улутту куруу, күчтүү мамлекетти түзүү» болуш керек. Биздин мамлекетте жашап жаткан, ушул жерде нан жеп, абабыздан дем алып жаткан бардык адамдар, жарандар, жаран эместер да ушул «чоң масатты, милдетти» аткаруусу зарыл. Кандай гана жумушту аркалабайлы, кандай гана кызматта болбойлу, байлыгыбыз, бийлигибиз канчалык болбосун жогорудагы чон максатты, милдетти аткаруубуз зарыл. Бул идеяны коомчулукка таратуу, жайылтуу, аткартуу абдан зарыл. Мойнубузга алышыбыз керек, азыр баарынан өйдө байлыкты биринчи коюп, баюуга гана умтулуп, улуттун, мамлекеттин тагдырын ойлобой жеке керт башын гана ойлогондор көбөйүп, бирин-бири, ата-энени, устатты сыйлоо, кичүүнү ызаттоо, кайрымдуу, намыстуу. ыймандуу болуу сыяктуу жазылбай аткарыла турган улуттук менталитетибиз, адаттарыбыз бизден качып, душмандарыбызды сүйүнтүп элибиздин пейли бара-бара бузулууда. Андыктан бардык күч аракеттерибизди пейил менен күрөшө тургандай окутуу-тарбия берүү багытына чукул буруу керек, анткени пейли оңолбогон элде өнүгүү да, келечек да болбойт (атактуу философ Эрих Фромм айткан)... Биздин мамлекетте супер кымбат нерселер: - биздин улутубуз, тилибиз, көп улуттуу жарандарыбыз, мм квадратка чейинки жерибиз жана мамлекеттүүлүгүбүз (эркиндигибиз, көз-карандысыздыгыбыз,...). Ушул компоненттерди көздүн карегиндей сактоого, керек болсо жанын бере турган патриоттук сезимге чейин ар бир жарандарыбызды (адамдарды) тарбиялоого, биригүүгө, мекенчилдикке багыт алышыбыз керек. Муну иш жүзүнө ашырууда билим берүү кызматкерлеринин, айрыкча айылдагы мугалимдердин жана кээ бир массалык маалымат каражаттарынын кызматы чексиз болуп, алар жардамга, колдоого муктаж болууда. Биздин маалымат каражаттарыбыз коомчулукта революциялык кырдаалдарды жарата турган маалыматтарды-берүүлөрдү эмес, дайыма улутту, мамлекетти, коомчулукту, айылды өнүктүрө турган берүүлөрдү таратышы керек. Бир багытка карап жылышыбыз керек.

Сиздерге алдын ала ыраазычылык билдирип, мындан аркы жашооңуздарга, ишиңиздерге ийгилик, өзүңүздөргө ден-соолук жана мекенчилдик, үй-бүлөңүздөргө аманчылык, мамлекетибизге тынчтык каалаймын.

Така тулпарга, тулпар эр жигитке кызмат кылса, сиз менен биз эр жигиттер элибизге кызмат кылабыз!

Улутубуздун, мамлекетибиздин, Кыргыз элибиздин түбөлүк келечегин жараткандан башымды ийип суранып, тилек кыламын! Жоголгус улут, күчтүү мамлекет болушубуз керек! Аны айтпасам да менден өзүңүздөр жакшы билесиздер!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×