Добавить статью
9:26, 13 марта 2013 19958

"Фашист” деген И.Карамушкинага кылмыш ишин козгоону талап кылабыз

КР президенти А.Ш.Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Ш. Жээнбековго, Жогорку Соттун төрайымы Ф.З.Жамашевага, Башкы прокурор А.Ж.Саляновага, фракциялардын лидерлери: Ч. Турсунбековго, А. Сулаймановго, М.Абдылдаевге, Т. Зулпукаровго, Ф. Куловго кайрылуу

Урматтуу Президент, Урматтуу Спикер, жана башка кайрылууда аты аталган Кыргыз Республикасынын жогорку кызматтарын ээлеп турган жетекчилер, биз - Кыргыз Республикасынын келечегине жана ар бир кыргыз атуулунун укугунун тебеленишине кайдыгер карабаган Кыргыз Республикасынын жарандары Сиздерге кайрылууга аргасыз болуп жатабыз. Анткени акыркы мезгилдерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП партиясынан депутат болуп шайланган Ирина Карамушкина айымдын Жогорку Кеңештин трибунасынан туруп алып кыргыз тилине, кыргыз элине карата айткан ар кандай ой-пикирлери Сиздерге кайрылууга мажбурлады. Буга чейин массалык маалымат каражаттарында кыргыз калпагы жөнүндө айткан сөздөрүнө да, эми бир аял байкабай сүйлөп алгандыр да, базар деңгээлине түшпөйлү,- деп маани берген эмеспиз. Кыргыз тилинин маселеси каралып жатканда да депутаттар өздөрү тартипке чакырып алаар деп, көңүл бурган эмеспиз. Анан эмне, кыргыздарга канча айтсак боло берет, бизге жараша берет, -дегенге чейин чыдадык. Ал эми акыркы жолку айткан сөзү Кыргызстандын жарандары үчүн эмне деген кордук. Түрмөдө отурган Кыргыздын жараны болсо да, аны Фашистке теңөөгө Ирина Карамушкинага ким укук берген? Күнөөсү мойнуна коюла элек депутаттарды колдоп, бийликке үнүн жеткирүү үчүн өз алдыларынча топтолуп, акция өткөрүп жаткан баатыр энелерге карата “фашист” – деген сөздү айткан адамдын кол тийбестигине, социалдык абалына, ээлеген кызматына, улутуна, расасына жана жынысына карабай жалпы Кыргызстандын элинен кечирим суроосун талап кылабыз!!!

Урматтуу Президент, Урматтуу Спикер, Урматтуу Башкы прокурор, Кыргызстандын баатыр энелерине карата “Фашист” – деген Ирина Карамушкинага тез арада кылмыш ишин козгоону талап кылабыз!

Урматтуу Спикер, Кыргыз Республикасынын жарандарын “Фашист” –деген депутаттын Кыргыз Парламентинде отурууга укугу бар же жок экендигин Жогорку Кеңештин отурумуна талкууга алып чыгып, аны телевидениелер аркылуу түз эфирде калкка көрсөтүүнү камсыз кылууңузду талап кылабыз!!!

Урматтуу Жогорку Соттун төрайымы, Урматтуу Башкы прокурор, биздин ушул кайрылуубузду арыз катары кабыл алып, тез арада мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте иш жүргүзүүңүздөрдү суранабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×