Добавить статью
4:05, 18 марта 2013 29005

Жумгалдагы коррупциялык түзүлүштү бөпөлөп багып, теңинен өстүрүп жаткан прокуратура органы

КР президенти А.Атамбаевке, премьер-министри Ж.Сатыбалдиевке, Башкы прокурору

А.Саляновага Жумгал районунун Керек-жарак кооперативинин мүчөлөрүнөн кайрылуу

Жумгал районунда орун алган, коррупциялык түзүлүш, чырмооктой чырмалып, тамырын терең жайып, ээн эркин гүлдөп өсүп, Кытайдын бадыраңындай болуп теңинен сынганына карабай мөмөлөп турган кези, деп айтылат кайрылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев билдирди.

«Баса, бул коррупциялык түзүлүштү атактуу Мичуринге кыйыштырып, бөпөлөп багып теңинен өстүрүп жаткан прокуратура органы деп түздөн-түз айтса болот.

Акаев, Бакиев бийлигин кулаткан, эки революцияга алып келген, караны ак, акты кара кылган прокуратура органы, Акаев, Бакиев мезгилинде жапкан кылмыштуу иштердин бетин ачкысы, жеген акчасын кускусу келбей, коомдук чыңалууну, терс көрүнүштү пайда кылып тынч элди дүрбөлөңгө түшүрүүдө.

Жумгал районунда коррупциялык иштерди жаза берсек гезит беттерине бата турган эмес. Ошондуктан Жумгал Керек-жарак кооперативине тиешелүүсүн, кыргыз элине, анын ичинде коррупция менен күрөшүп жатабыз деп, карапайым элдин жонунан айлык алып иштеп жаткан түр көрсөтүп, коомдук мүлктөрдү тартып алып, кирип алган, күч структураларын атоого болот.

Урматтуу Аида Жеңишбековна! Эгер эсиңизде болсо 2012-жылы 17-августта соода кызматкерлеринин атынан барган 5 адам сиздин кабыл алууңузда болуп, Жумгалдагы коррупциялык схеманы, схемага көзөмөлдүк кылган айылдаш Теңир-Тоолук агаңыз А.Алсеитов, классташыңыз Т.Касымбековдун былык иштерин кенен кесир баяндап, колубузда болгон документтер менен тастыктап бергенбиз. Сиз туура кабыл алып, өзүңүз угуп ишти толук териштирүүгө, прокурор Урдалетовага тапшыргансыз.

Урдалетова, биздин арызда көрсөтүлгөн фактыларга, коомдук менчикти тартып алууга, мамлекеттик органдар, Айыл өкмөт, Госрегстр, Мамлекеттик администрация аралашкандыгына карабай Конституциянын 104-беренесин түзүп, Финполицияга текшерүүгө жөнөткөн.

Прокурор Урдалетова жана Финполиция тергөөчүсү Чоморбековдун ортосундагы сүйлөшүү өздөрүнө белгилүү. Факт: текшерүүнүн жыйынтыгы 6 айдан бери бизге берилбей, коомдук чыңалууну жаратты. Биздин ар бир факты боюнча башкы прокуратурага жазган арыздарыбызды, башкы прокуратура облуска, облус районго жөнөтөт. Облус, райондук прокуратура 1-2 ай басып жатып, бул биздин иш эмес деп артка кайтарат.

Урматтуу А.Салянова!

Бул жерден мыйзамды башпрокуратурабы же облустук, райондук прокуратура бузуудабы. 2012-жылдагы 10-январындагы справкада комиссия аныктап, бул ишке мамлекеттик органдар аралашкандыгын тастыктап, документтерди чогултуп бергенине карабай, прокуратура баш тартууда. Конституциянын 104-беренесинде мамлекеттик органдардын кылган күнөөсүн аныктоо прокуратурага жүктөлгөн.

Жумгал Керек-жарак коомунун мүлктөрү төмөндөгүдөй коррупциялык органдардын катышуусунда, жеке менчик каттоого алынган. Ар бир дүкөнгө жер участогуна Райисполком тарабынан чыгарылган чечимдер, облустук архивде сактоодо турганына, чечимдер күчүн жоготконуна карабай, Чаек айыл өкмөтү архивдик докменттердин жоктугуна байланыштуу деп жаңы чечимдерди, өз мөөрүн баспай Чаек айылык кеңештин мөөрүн басып турган (оңдогон чечимдер).

Жумгал райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгы: Чаек айыл өкмөтүнүн жараксыз жана негизсиз архивдик маалымат тиркелбеген, сатып алуу же приватташтыруу документтери жоктугуна карабай, юридикалык каттоодон өтпөгөн 1996-жылдын 29-июлунда НГР №65720 сандуу, коюлбаган статистикалык күбөлүктү негиз кылып Ж.Алымкулов аттуу адамдын жеке менчиги катары, оңдогон дүкөндөрдү каттоого алып, Гос АКТ, Тех паспортторду жазаган.

Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчылары: Жараксыз, негизсиз буйруктарды чыгарып, Жумгал Керек-жарак коомуна тиешелүү мүлктү (Базарды) сатып жиберген.

Госрегистр: Базарды сатуу-сатып алуу келишими жоктугуна карабай кашканын ээлигинде турган чечимге негиз кылып 2008-жылы 31-январда «Аурдин» ЖЧКсы жеке менчиги катары каттоого алып, ГосАКТ Техпаспорт жазаган.

Жумгал Керек-жарак коомунда 31.05.2001-жылга 631 соода кызматкери Жумгал районунда 6204 пайшик мүчөсү болгон. 631 соода кызматкеринин эмгегинин натыйжасында 6204 пайшик мүчөлөрүнүн пай үлүшүнүн негизинде курулган, ондогон имараттарды жогорудагы мамлекеттик органдар жана Ж.Алымкулов 6204 пайшик мүчөсүнүн тизмесин, жок кылып.

631 соода кызматкеринин 6 деген санын өчүрүп, өздөрүнө жакын 31 адамдын атынан токтомдорду чыгарып, коомдук мүлктөрдү сатып жиберген. 6 деген сандын өчүргөнүн (тиркелет) 2012-жылы 29-сентябрда эксперт Ю.Самонова аныктаган. Бул фактыны райондук прокуратура катып алган.

Чаек айылында орун алган 50дөн ашык өнөр жай ишкана (дүкөн) ээлеген аянттар, турган имараттар салык төлөөчү тизмеге киргизилбей, районго, мамлекетке олуттуу зыян келтирген. 2012-жылы 26-сентябрда №0000214 сандуу бул АКТ райондук прокуратурага тапшырылгандыгына карабай, жабылып жашырылууда. (тиркелет).

Бул ачык кат аркылуу эмне айткыбыз келет. Прокуратура органы бизнес планга акча жазоочу булакка айлантып алган деп айтууга болот.

Жооптор: коёндой окшош.

Арызда кылмыш фактыга жок сот органдарына кайрылгыла деп байма-бай жооптор берилет. Биз такай эле соттоп жибергиле деп жазган жерибиз жок. Мамлекеттик органдар чыгарган мыйзамсыз чечим, буйруктарды жокко чыгарышсын.

Жараксыз чечим, буйруктардын сатып алуу келишимдери жок жеке менчик катары каттоого алган мамлекеттик каттоо кызматкерлерине кызматтык чара көрүү ордуна, документтерди көрүп туруп жаап жашырып келүүдө. 2013-жылы 5-мартта Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында өткөн тегерек столдо катышкан аким, орун басары, прокурор, РИИБ жетекчиси, СНБ. Бул талаш маселе биздин компетенцияга кирбейт. Чаек айылдык кеңеш силер чечкиле деп уюштургандыктан, мамлекеттик органдардын аралашуусунда жасалган коррупциялык иштерди, кеңешке түртө салууда.

Жумгал РИИБси учурда Керек-жарак коомунун балансында турган Универмаг дүкөнүнө, жазалма, Госрегистрдан, нотариалдык канторадан каттоодон өтпөгөн келишимди негиз кылып, баскынчылык (мародерлук) менен ээлеп алгандыгын билип көрүп туруп, маселени чечейин деген бийлик жок.

Жумгал РИИБнин балансасында турган имарат, учурда кароосуз калып өрттөлүп, тонолуп, айнектери талкаланып, суу каптап, кароосуз калган. Кыргыз Республикасында ушул мамлекеттик имараттын тагдырын чечээр бийликтин жоктугу, кандайдыр бир күчтөрдүн, бул имаратка кызыктарлыгы бар экендиги байкалат.

Буга чейин эскерткенбиз жана көр багыттуу талаптарды коюп келгенбиз, эгер биздин үнүбүз бийликке жетип туура чечим чыкпаса, Жумгал Керек-жарак кооперативинин мүчөлөрү жайгашып келген Универмагын РИИБ кандай басып алса, биз дагы ошондой басып алабыз», - деп жазылат кайрылууда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×